Доору бүткөн “Дордой”...
ЕАЭБге киргенде баа өсөт деп кытай товарларын кампаларга жыйып алган айрым ишкерлер соода жок, айласы куруп турган убагы. Алардын бири Аскат Укенов “Дордой” базарында кийим-кече сатат. Анын айтуусунда, Казакстан, Орусияга товар чыкпай, соодагерлер жергиликтүү кардарлардын колун кароого аргасыз.
- Биримдикке кирсек, соода жанданат деген үмүт бар болчу. Азыр тескерисинче болуп жатат. Соода такыр токтоду. Мурда ташып келген товарларыбызды өткөрө албай жатабыз. Орусия, Казакстандан кардарлар келбей калды. Алар үчүн чек арадан товар өткөрүү кыйындады. Эми товарлардын баасы өсөт деп жатышат. Анткени мурда Кытайдан келген товардын кубуна 200 доллар төлөсөк, ЕАЭБдин бажы төлөмү 600 доллар экен. Эмне кыларыбызды билбей калдык.
Соодагерлер казак тарап товарларды чек арадан өткөрүүдө мурдагыдан да катаал текшерип жатканына нааразы. Мунун айынан эки өлкө чегинде жүргүнчүлөрдүн жана автоунаалардын тыгыны пайда болууда. Экономика министрлиги эгер казак тарап ЕАЭБ келишиминде жазылган товарлардын бажы төлөмүсүз, ээн-эркин өтүшүн шарттабаса, нааразылык нота жөнөтөрүн билдирди.
Аталган министрликтин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Бекташев 12-августка чейин Кытайдан келген товарлар ЕАЭБ аймагына эч кандай бажы төлөмүсүз өтөт деп ишендирүүдө.
- ЕАЭБге кошулганга чейин кирген товарлар Казакстанга, Орусияга эч кандай төлөмсүз чыгарылат. Ал эми мындан ары Кытайдан же ЕАЭБ тышындагы өлкөлөрдөн кирген товарларга биримдиктин бирдиктүү бажы төлөмү алынат. Бажы төлөмдөрү товардын түрүнө жараша коюлган. Бардыгы болуп 13 миңге жакын товардык позиция бар.
Буга чейин Кытай, Түркия өңдүү өлкөлөрдөн ташылган кийим-кечеге килограммына 35-50 цент айланасында төлөм төлөнсө, ЕАЭБдин бажы төлөмү 2 долларга жетет. Адистер муну менен кытай товарларынын баасы эки-үч эсе кымбатташы мүмкүн деп эсептешет.
Салык кызматынын методология башкармалыгынын башчысы Арстаналы Султанов ЕАЭБ алкагында ташылган товарларга салык төлөө жол-жобосун мындайча түшүндүрдү.
- Маселен, мурда Казакстандан товар алып келгенде чек арадан дароо 12% кошумча нарк салыгын төлөшчү. Азыр ишкерлерге мүмкүнчүлүк бердик. Чек арадан талон толтуруп, эч нерсе төлөбөй эле киргизе берет. Бирок нарк салыгын бир ай ичинде төлөйт. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыккан экспорттук товардын кошумча нарк салыгы 0 пайызды түзөт.
Реэкспорт токтойбу?
Кыргызстан ЕАЭБге киргени реэкспорт азайышы мүмкүн, бирок токтобойт. Мындай пикирин жаш ишкерлер бирикмесинин башчысы Руслан Акматбек ортого салды. Анын пикиринде, товарлардын кымбатташы турулуу иш.
- Коңшу Казакстан ЕАЭБге киргенден кийин эле дароо бажы төлөмдөрүн алып салат деген туура эмес. Анткени алардын салык, бажы системасы башкача. Ошондуктан биздин соодагерлер товар өткөрө албай кыйналат. Ал эми Кытай товарлары кымбаттары турулуу, бирок реэкспорт токтоп калбайт. Анткени бажы төлөмү кымбаттаса деле ЕАЭБ өлкөлөрүнө кытай товары биз аркылуу өтөт.
Ошол эле учурда кытай юанынын куну түшүп жаткан учурда товарлар анча деле кымбаттабайт дегендер да жок эмес. 2013-жылы кыргыз-кытай соодасы 1,5 млрд. долларды түзсө, 2014-жылы бул көрсөткүч 1,2 миллиардга кыскарган. Кыргызстан ЕАЭБге 12-августта толук мүчө болду. Бул күндөн баштап казак-кыргыз чегиндеги бажы тосмолору алынып, товар ташуу эркин жүргүзүлөрү айтылган.