Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

ЕАЭБ чек ара менен кирип келди


"Ак-жол" бажы бекети
"Ак-жол" бажы бекети

Кыргызстан курамына Орусия, Беларус, Казакстан жана Армения кирген Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калды. Муну тастыктоочу кыргыз-казак чек арасын расмий иш-чарасы "Ак-жол" чек ара бекетинде эки мамлекеттин өкмөт жетекчилеринин катышуусунда өттү.

2010-жылы Кыргызстан Бажы биримдигинин катарына кошулуу ниетин билдирип, алгачкы сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталган. Ошондон берки тынымсыз жолугушуулар, документтерди уюмдун талабына шайкеш келтирүү, тийиштүү кызматтарды оңдоо иштеринин артында эми гана ЕАЭБге расмий мүчө болууда.

Бул дата 12-августка туш келип, тарыхый иш-чарага катышуу үчүн казак президенти Нурсултан Назарбаев 11-августта Ысык-Көлгө иш сапары менен келген. Чүйдөгү “Ак-жол” бажы бекетин ачууга кыргыз-казак башчылары телекөпүрө аркылуу буйрук беришти. Аны кыргыз премьер-министри Темир Сариев жана казак өкмөт башчысынын биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев “Ак-жол” өткөрмө пунктунан кабыл алып ишке ашырышты.

Бажы бекетин ачуу салтанатынан көрүнүш
Бажы бекетин ачуу салтанатынан көрүнүш

Иш-чарада өлкө башчы Алмазбек Атамбаев келечекте кыргыз-казак ортосунда тосмо болбосун деп, казак президенти Нурсултан Назарбаевге Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазылык билдирди.

- Бул тарыхый күн, анткени кыргыз-казак бир тууган. Кыргыз-казактын ортосунда бажы эмес, чек ара деле жакынкы жылдарда алынат деп ойлойм. Ушундай тарыхый күндө Нурсултан Апишевич өзү келип, салтанатка катышып бергенине рахмат айтабыз. Менин бир тилегеним бар, Кудай келечекте эки элдин ортосунда эч кандай бажы орнотпосун.

Өтүп жаткан иш-чара кыргыз-казак ынтымагын арттырарына Нурсултан Назарбаев токтолду. Ортодогу биримдик ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикасына чоң салым болот дейт:

- Казакстан Кыргызстандын ичинде биримдик болуп, экономикасы өркүндөй берсин. Калктын абалы оңолууга салым болот деп ойлойм. Касиеттүү Ысык-Көлдүн жанында айткан сөздөрүбүздүн бардыгы кудайдын кулагына жетсин.

Бажы: жарандарды текшерүү шарты өзгөрбөйт

Бажы бекеттердин ачылышынан ишкерлер утушка ээ болорун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Азамат Сулайманов “Азаттыкка” айтты.

Кыргыз-казак чек арасынан көрүнүш
Кыргыз-казак чек арасынан көрүнүш

Ал эми жарандар чек арадан тоскоолдуксуз өтүп калат деген бул жаңылыштык, – дейт ал. Буга чейин кандай текшерүүлөрдөн өтүп келсе, ошондой эле жарандар паспорт көзөмөлдөн өтүп, унаалар текшерүүгө кабыла берет.

- Жөнөкөй жарандарга чек араны өтүп атканда паспорттук көзөмөл мурдагыдай эле калат. Аны чек ара кызматы жүргүзүп келген, мындан ары деле жүргүзө берет. Негизги өзгөрүүлөр ишкерлер үчүн гана. Товарлар чек арадан өтүп жатканда процедуралар өзгөрүп жатат. Бажы текшерүү алар үчүн болбойт, салык төккөндө 50 күн мөөнөт берилет, ал товарын сатып салыкты төксө да болот.

Ишкерлер ЕАЭБден көбүрөөк пайда табат деп айтканыбыз менен уюмга мүчө өлкөлөр экономикалык каатчылыкта турганын депутат Өмүрбек Абдырахманов белгилейт. Анын айтымында, ЕАЭБде Орусиянын үстөмдүгү чоң болгондуктан, ал жактагы кризис Кыргызстанга да кирип келүү алдында турат. Себеби ЕАЭБге кирүү менен Кыргызстан башка өлкөлөргө бажы төлөмдү көбөйтүп, чек араларды жаап атат.

- Биримдикке киргенден кийин биз алардын мыйзамдары менен жашай баштайбыз. Башка өлкөлөргө бажы төлөмүн чоңойтууга барып атабыз. Демек башка жактан технология, завод-фабриканын кириши кыйындап калат. Ошол эле учурда Орусиядагы кризистин бороону бизге келип тиет. Мына бир доллар 65 рублдан ашып кетти, мындайча айтканда, эл эки эсе кедей боло түштү. Бул процесс бизге дагы түздөн түз тиет.

Абдырахманов кошумчалагандай, ЕАЭБдеги өлкөлөрүн көпчүлүгүндө авторитардык режим кете электигине байланыштуу Кыргызстан өзүнүн күчүнө ишенип, либералдуу мыйзамдарды иштеп чыгууну улантышы керек.

Ошентип "Ак-жол" бекети менен катар дагы жети бекетте бажы көзөмөлү алынып салынды. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 12 көзөмөл-өткөрүү пункту бар, алардын төртөө 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу жабылгандан бери ачыла элек.

ЕАЭБдин алкагында Кыргызстан уюмга мүчө өлкөлөр менен “төрт эркиндик” деп саналган жумушчу күчү, капитал, товарлар жана кызмат көрсөтүүнүн эркин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк алат. Ал эми жарандар Евразия экономикалык биримдигин мүчө өлкөлөр Орусия, Казакстан, Беларус жана Армениянын жарандарына каралган бардык жеңилдиктерге ээ болот.

Кыргыз-казак чек арасында бажы тосмолору алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

XS
SM
MD
LG