Евробиримдикке кирген өлкөлөрдө аялдар эркектерге салыштырмалуу 20 пайызга аз айлык алат. Кыргызстанда аял-эркек эмгек акысынын айырмачылыгы боюнча так маалымат жок. Байкоочулардын баамында, айрым тармактарда бул көрсөткүч 30 пайызга чейин ажырым бериши мүмкүн. Жаш ишкерлер бирлигинин мүчөсү Элдар Абакиров иш берүүчүлөр жумушчуларды аял-эркек деп бөлбөй, кесиптик чеберчилигине артыкчылык бериши керек деген ойдо. Ошентсе да ал аялдардын үй-бүлөлүк шарты ишке орношууда тоскоолдук жаратарын четке какпайт.
- Бизде иштегендердин көбү жаш кыздар. Үй-бүлөлүүлөрдүн көбү декретке чыгып кетет. Айрымдары кайтып келип ишин улантышат. Бирок кесиптер бөлүнөт да. Мисалы, курулуш сыяктуу оор иштерде көбүнчө эркектер иштейт. Ал эми кеңсе кызматтарында көбүнчө аялдар. Эгер аял-эркек бирдей эле функция аткарса бирдей эле айлык алат.
Бизде формалдуу түрдө аял менен эркек тең укуктуу. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Үй жумуштарынын көбүн аялдар жасайт, бирок бааланбайт.Чолпон Жакупова
Кыргызстанда аял менен эркектин саны дээрлик теңме-тең. Расмий маалымат боюнча өлкөдөгү ишсиздердин саны 205 миңдин тегерегинде жана алардын жарымы аялдар экени айтылат. Кыргыз мыйзамдары боюнча парламент депутаттарынын кеминде 30 пайызы аял болушу шарт болсо, учурда алар 19 пайызды гана түзөт. Башка бийлик бутактарында деле ушундай эле көрүнүш, жетекчи кызматтарда өңчөй эркектер.
Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакыпова гендердик теңдик урааны кагаз беттеринде гана калып жатканын айтууда.
- Бизде формалдуу түрдө аял менен эркек тең укуктуу. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Үй жумуштарынын көбүн аялдар жасайт, бирок бааланбайт. Экинчиден, салт боюнча эркектер көп учурда аялды кемсинтип коет. Менталитетти өзгөртүшүбүз керек. Биз, аялдар өз укугубузду өзүбүз коргобосок бизди эч ким баалабайт.
Деген менен укук коргоочу Азиза Абдрасулова Кыргызстанда аял-эркек теңсиздигин олуттуу маселе санагандарга кошулбайт. Анын ою боюнча айрым учурларда эркектердин да укугу бузулат.
- Бир эле аялдардын эмес, эркектердин укугу да көп бузулат. Бишкекти карасаңар кул базарда дээрлик эркектер турат. Эмгек укугу жынысына карабай эле бузулуп жатат. Негизи кыргыздарда теңсиздик деген болгон эмес. Үй-бүлөдө аялдын да, эркектин да өз орду бар. Кыргыздар эч убакта аялды басынткан эмес. Тарыхка үңүлсөк Курманжан датка сыяктуу эл баштаган аялдар да чыккан.
Кыргызстан аялдардын саясий укугу жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча глобалдык индексте 145 өлкөнүн ичинде 75-орунда турат. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен Беларус 34, Казакстан 47, Орусия 76-орунду ээлесе, Армения 105-орунга араң илинген. Гендердик ажырым индекси (The Global Gender Gap Index) – аял менен эркектин тең укуктуулук рейтингин аныктаган дүйнөлүк изилдөө.
Алгачкы рейтинг 2006-жылы дүйнөлүк экономикалык форумда жарыяланган. Индекс аялдардын саясий, экономикалык, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана эмгек тармагындагы укуктарына таянып чыгарылат.