Бурулайдын соту: жактоочулардын жүйөсү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин ишинде чакырылган күбөлөрдүн баарын сурап бүттү. Бул жолку отурумда эки тараптын тең жактоочулары маалымат жетиштүү болбогонун себеп кылып, ала качуу беренеси боюнча соттолгон Акмат Сейитовду сотко чакырууну өтүнүштү. Келерки сот 22-мартка белгиленди.