Балдарды баалаган көмүскө "көргөзмө"

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын жана кароосуз калган жеткинчектерди жайкы жана кышкы каникулдарда сыртка чыгарып, чет элдик бала асырап алуучуларга көргөзүп, сунуштаган жана андан пайда табууну көздөгөн күңүрт схемалар бар экени айгине болду.

Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы буга байланыштуу шектүү жагдайларга карата мэрияга караштуу Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун жетекчилигинин иши териштирилип жатканын билдирди.

Башкармалыктын жетекчисинин айтымында, балдарды чет өлкөгө чыгаруунун каржылоо булагынын туюктугу жана программа менен бир нече ирет эс алууга барып келген жеткинчектерге кайра-кайра чакыруу келгени жана борбордун жетекчилиги аларды эл аралык бала багып алуу базасына каттоого тургузууга жасаган аракеттери шек туудурган. Ошондой эле кийин чакыруу программасы менен чет өлкөгө чыгып келген жаш жеткинчектердин айрымдарын алар конокко барган үй-бүлөлөр эл аралык бала асырап алуунун шарттары менен багып алган учурлар катталган.

Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун башчысы ал дооматты четке кагып, чет элге бала сатууга байланыштуу кыңыр иштерге социалдык коргоо жана билим берүү тармагынын жетекчилери өздөрү аралашкан деген айыптоосун билдирди.

Шектүү жагдайлардын ачыкка чыгышы

Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча "Project-143" уюму 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бишкектеги жана Чүй облусунун аймагындагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына АКШга барып, эс алып келүү турларын уюштурган.

Алгач 2015-жылы 9-декабрда мэрияга караштуу балдар иштери боюнча комиссиянын токтому менен жаңы жылдан кийинки бир айлык мөөнөткө 12 бала АКШга эс алууга жөнөтүлсө, 2016-жылдын 16-мартындагы токтом менен жайкы эс алууга 40 бала жиберилген. Ошол эле жылдын 5-декабрындагы токтом менен 2017-жылы кышында 38 жаш жеткинчек чакырылган. Бирок булардын арасынан беш баланы чет өлкөдөгү күтүп алуучу үй-бүлө кабыл албагандыктан, алар бара алган эмес.

Балдар иштери боюнча комиссиянын 2017-жылдын 31-майындагы токтому менен 37 жаш жеткинчек конок программасына киргизилген. Жалпысынан аталган программа менен ата-энесинен кароосуз калган 64 жаш жеткинчек чакырылган.

Бирок 2018-жылы жазында бул чакыруу программасы аркылуу балдарды эс алууга жөнөтүү шектүү жагдайларга байланыштуу токтотулган. Анткени атайын кызматтарды жана социалдык коргоо органдарын буга чейин сыртка чыгып келген балдардын улам эле чакырылып жатканы жана алардын толук таржымалы чет элдик тарапка алдын ала эле белгилүү болуп калган жагдайы тынчсыздандырган. Анткени "Project-143" уюму чакыруунун 5-жолкусунда мурда баргандардын ичинен 31 баланы жиберүү керектигин аты-жөнү менен көрсөтүп, чакыруу жөнөткөн. Мындай тизме Кыргызстандын АКШдагы элчилиги аркылуу Тышкы иштер министрлигине келип, андан ары атайын кызматтар менен социалдык коргоо органдарынын текшерүүсүнө жиберилген.

Учурда муну шаардык прокуратура текшерип жатканын айткан Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков муну балдарды эс алдыруу шылтоосу менен аларды сыртка алып барып, чет элдик бала асырап алуучуларга сунуштаган "көргөзмө" катары сыпаттады:

- Бешинчи жолу чакырылып жаткан 31 баланын ага чейинки барып келишин салыштыра баштадым. Анда бешинчи жолку чакыруу тизмесинде алардын көпчүлүгү ага чейинки төрт жолку сапарга чыгып келгендер болуп чыкты. Тизме анда балдардын толук маалыматтары менен келген. Демек бул жактан түзмө түз тыгыз иштеп, тигил жакка маалыматтардын баарын берип, алар менен макулдашып, анан ал жактан бизге даяр маалыматты түшүрүп жатат. Бул жерден негизги жагдай ошол 2-3 жолу ал жакка барып келгендердин арасынан эки бала ушуга чейин асырап алууга кеткен. Болгондо да алар каникул учурунда барган үй-бүлөлөргө багып алууга жөнөтүлгөн. Ошондо бардыгын талдап чыгып, балдарды ал жакта "эс алдырабыз, жер көргөзөбүз" деген шылтоо менен аларды "көргөзмөгө" алып барышкан деген жыйынтыкка келип отурабыз. Анткени булар баланы алып барып, ошол үй-бүлөгө көндүрүп, аларды багып алууга калтырууга даярдап, жолун жасап жатышкандай. Ошондон кийин баланы асырай турган чет элдик жарандар баланын каякта тарбияланып жатканын алдын ала билип алышып, түз эле баланы асырап алуу үчүн министрликке барып, анан соттон чечим чыгартып алышат.

Соттогу табышмактуу көрүнүш

Ошол эле кезде Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын анализи боюнча бул төрт жолку чакырууда АКШга чакырылгандардын арасынан 18 бала үч ирет барса, 12 бала эки жолу, беш бала төрт жолу тең программанын алкагында жайкы-кышкы эс алууга барып келген. Жалпысынан 33 бала АКШга кайра-кайра чакырылып, алардын арасынан экөөнү мыйзамдаштырылган жагдайда чет элдик бала асырап алуучуларга берүүгө үлгүрүшкөн.

Бишкектин Биринчи Май райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн адиси Зеркүл Жеенбаева чакырылгандардын арасынан экинчи баланы эл аралык бала асырап алууга берүү боюнча сот ишиндеги табышмактуу жагдайды айтып, анда шек пайда болгонун эстеди:

- Биринчи бир бала кетти, ал сүйлөчү эмес. Андан кийин бир кызды алып кетише турган болушту. Ага байланыштуу соттун жүрүшүндө бир чет элдик аял ага "үч жылдан бери келип жүргөн болчумун" деп билдирди. Бирок мен ал аялды соттон биринчи жолу көрдүм. Мен ага ошол жерден эле "мен эмнеге сизди ушул күнгө чейин көргөн жокмун, сиз бизге келип, бала асырап алууга талапкер катары каттоого алынып, кезекке турушуңуз керек болчу" дедим. Жооп болбоду. Сот кыздын кызыкчылыгына карата деп эле ал аялдын пайдасына чечим чыгарды. Анан прокуратура шаардык сотко даттануу жазды. Бирок ал жактан деле Биринчи Май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды. Анан ал аял кызды алып кетти. Ал аялда кыздын атасынын "аны багып алууну жоболоштурууга каршы эмесмин" деген тил каты бар экен. Биз мунун баарын соттон гана билип жатпайбызбы.

Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча чакыруучу тарап катары саналган "Project-143" уюму балдардын ар биринин АКШдагы эс алуусу үчүн 3 миң доллардан сарптаган. Муну кайсы кайрымдуулук фонддору каржылаганы документтерде көрсөтүлгөн эмес.

Балдардын мындай "саякаты" Кыргызстан тараптан Бишкек шаардык мэриясына караштуу Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борбору аркылуу уюштурулуп, баш калаадагы жана Чүй облусундагы балдар үйлөрүнө чакыруу тууралуу каттар жөнөтүлгөнү бул ишти териштирүү боюнча кызматтык документтерде көрсөтүлгөн.

Башкармалыктын башчысы Нурбек Курманбековдун айтымында, социалдык коргоо органына балдарды чет элдиктер асырап алгысы келгенин айтып, ошондуктан тизмедеги балдарды эл аралык бала асырап алуу базасына киргизүүнү сураган өтүнүч каттар түшкөн:

- Эл аралык бала асырап алууга коюу боюнча маалыматтардын базасы бар. Балдар АКШга барып келгенден кийин Петрушевскийден мына ошол балдардын маалыматтарын аталган эл аралык базага коюуну суранып, өтүнүчтөр түшө баштайт. Биздин адис аталган кыздардын туугандарын таап, аны аларга өткөрүп берип коёт. Анткени мыйзам боюнча ата-энесинен кароосуз калган балдар биринчи кезекте улуттук бала асырап алуучуларда калышы керек да. Мына ошондо Петрушевский менен келишпестиктер келип чыгат. Ал болсо "эмнеге мен тигил жактан үй-бүлө таптым дегендей кылсам сен болсо бул жактан менин пландарымды бузуп жатасың" дегендей кылып. Биздин адис эгерде ал кыздын тайнеси бул жакта турса, аны эмне үчүн мен аны чет элдик бала асырап алууга беришибиз керек деп, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгат.

Петрушевскийдин жүйөсү

Бирок Бишкек шаардык мэриясына караштуу Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун директору Алексей Петрушевский өзүнүн жетекчиси, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбековдун анын ишмердигиндеги шектүү жагдайларга байланыштуу койгон дооматтарын четке какты. Муну ал 15 жылга чукул убакыттан бери аталган борборду башкарып отурган адамды жетекчиликтин кызматтан алуу үчүн издеген шылтоосу катары кабыл алды. Анын айтымында, алар аталган программа тууралуу Билим берүү министрлигинен билишкен. Бирок ал муну жакшы ниеттен улам жасаганын айтты.

Алексей Петрушевский балдарды сыртка чыгарууга социалдык коргоо органы менен шаардык мэрия уруксат бергенин жана коштоп баруучулардын арасында ал өзү болбогонун жүйө келтирди.

Балдарды ал жакта "эс алдырабыз, жер көргөзөбүз" деген шылтоо менен аларды "көргөзмөгө" алып барышкан деген жыйынтыкка келип отурабыз.
Нурбек Курманбеков.

Программанын каржы иштерине аралашпаганын айткан Алексей Петрушевский чет өлкөгө балдарды чыгаруу үчүн документтерин даярдап, тиешелүү мамлекеттик органдарга эч кандай кат жөнөтпөгөнүн айтты. Ал ошол эле кезде АКШга барып келген балдар үйлөрүнүн айрым тарбиялануучуларын эл аралык бала асырап алуу боюнча базага киргизүү боюнча бир катар өтүнүч каттарды келтиргенин ырастады:

- Мен балдарды эл аралык базага коюуга өтүнүчтөрдү мыйзам чегинде келтиргем. Анткени мен муну өкмөттүн №125 токтомуна ылайык жазып жөнөткөм. Буга чейин социалдык коргоо органдарына 30 баланы базага коюу боюнча өтүнүч келтиргем. Биздин бардык өтүнүчтөр өкмөттүн жогорудагы токтомуна ылайык жүргузүлгөн жана толук мыйзамдуу болгон деп айта алам. Мен сиздерге ошол өтүнүчтөрдү жана балдарды жетимдер үйүнө жөнөтүүгө каршы болгон каттарыбызды көрсөтөм. Анда биз алардын ата-энесин, жакындарын издөө керектигин көрсөтүп, тиешелүү органдарга жана сотторго кат жазып, кат алышкан учурлар болгон. Бирок бир дагы жолу балдарды америкалык жаранга багып алууга берүүгө өтүнүч келтирип кат жазган эмесмин. Мен "балдарды жакын туугандары же болбосо бала багып алууну каалаган жарандар асырап алышсын" деп жазгам. Бирок ата-энесинен кароосуз калган балдарды аларга бербестен, балдар үйлөрүнө же жатак мектептерге жөнөтүп жиберген көп учурлар болгон.

Жетекчилердин жооптору

Ата-энесинен кароосуз калган балдарды АКШдагы "Project-143" уюмунун конок программасынын алкагында чет өлкөгө чыгарууга Бишкек шаардык мэриясынын балдардын иштери боюнча комиссия карап чечим чыгарган. Ошол уруксат берүүнүн жагдайы тууралуу Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Айгүл Рыскулова буларга токтолду:

- "Project-143" дегенди жакшы билбейт экенмин. Ал гуманитардык, кайрымдуулук программасы болсо керек эле. Аны мен азыр тактап айтып бере албайм. Ошондой сунуш келип түшүп, ага кол коюлуп кеткен болсо керек. Ал программа көп жылдан бери эле иштейт. Ал жактан бизге сунуш келгенде биз УКМК, социалдык коргоо органдары жана Тышкы иштер министрлиги менен бирге иш алып барып, ошол жактардан текшерүүдөн өткөндөн кийин биз балдарды чет өлкөгө жибере алабыз. Алардын ырастамасы болмоюнча, балдар эч жакка кетишпейт. Чакырган тарап эмне деген уюм, ал жакка балдарды жөнөтсөк болобу? Мына ошол суроолор изилденип чыккандан кийин балдарды эс алууга чыгарып алып келүүгө комиссия тарабынан уруксат берилет. Мен азыр бул программа боюнча толук билбейт экенмин. Анткени азыр андай программалар көп да.

Ошол эле кезде Бишкек шаардык мэриясына караштуу Балдарды калыбына келтирүү борборунун директору Алексей Петрушевский ата-энесинен кароосуз калган балдарды чет өлкөлөргө алып чыгып, ал жактагы бала асырап алуучуларга "көргөзмө" уюштурган тараптар социалдык коргоо органдары менен билим берүү тармагында экенин айтып, тиешелүү далилдерди кийинчерээк көрсөтүүнү убада кылды.

Учурда ооруканада экенин айткан Алексей Петрушевский балдарды сыртка алып чыгып, чет өлкөлүк жарандарга сунуштаган Кыргызстанда 3-4 эл аралык агенттик бар экенин мисал келтирип, соңку үч жылда алтымышка чукул бала чет өлкөгө чыгарылып кеткенин айтты. Бирок Алексей Петрушевский буга далил боло турган далил кагаздарды көргөзүп бере албады.

Ошол эле кезде социалдык өнүктүрүү министринин эл аралык бала асырап алуу ишин көзөмөлдөй турган орун басары Жылдыз Полотова Алексей Петрушевский айткан маалыматтарга карата комментарий бере албастыгын билдирди:

- Мен азыр эмгек өргүүсүндө элем, ооруп да жаттым эле. Кыскача айтканда, мен кызматка келгенден бери балдарды чет элдик асырап алууга бир дагы жолу уруксат берген эмесмин. Бул боюнча азыр министрликте териштирүү жүргүзүлүп жатат. Ал уруксат берилген учурда дагы мен ооруканада болчумун. Бул боюнча министрликтеги тиешелүү адистерден сурасаңыздар.

Эл аралык бала асырап алууга байланыштуу жана ата-энесинен кароосуз балдарды чет өлкогө чакыруу программасы тууралуу АКШдагы "Project-143" уюмунун өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болбоду. Аталган уюмдун расмий сайтын тергенибизде "коопсуздукка байланыштуу сиздин аймакта бул сайттын иштөөсү убактылуу чектелген" деген эскертме чыкты.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 8 эл аралык агенттиктин өкүлчүлүгү эл аралык бала багып алуу менен алектенет. 2012-жылдан бери Кыргызстандын балдар үйлөрүндө тарбияланган 91 баланы чет элдик бала асырап алуучулар багып алышкан. Буга чейин эл аралык бала асырап алуу маселесиндеги коррупциялык кыңыр иштерге байланыштуу Кыргызстанда эки социалдык өнүктүрүү министри парага шектелип кармалып, камакка алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.