Кыргызстан коррупция гүлдөгөн өлкө

Иллюстрация

“Трансперенси Интернешнл” Кыргызстанды коррупция гүлдөгөн өлкөлөрдүн катарында калтырды. Уюмдун изилдөөсү боюнча Кыргызстан жемкорлуктун деңгээли боюнча 176 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээледи.

“Трансперенси Интернешнл” уюмунун жылдык баяндамасында Кыргызстан былтыркыдай эле жемкорлук өрчүгөн өлкөлөрдүн катарында турат. Уюмдун көрсөткүчү боюнча Кыргызстанда сот тутумунда, укук коргоо органдарында жана саламаттыкты сактоо тармагында коррупция жогорку бойдон калып жатканы белгиленген.

Инвесторлорду качырган жемкорлук

Өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктоо үчүн “Трансперенси Интернешнл” уюму жети эл аралык уюмдун иликтөөлөрүнүн жыйынтыгына таянган. Натыйжада Кыргызстан 100 баллдык көрсөткүчтүн ичинен болгону 28 упайга ээ болгон. Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Адылбек Шаршенбаевдин белгилешинче, буга чейин коррупциянын көрсөткүчү боюнча Кыргызстанда аз да болсо оң жылыштар болуп келсе, былтыртан бери бир ордунан жылбай калган:

Адылбек Шаршенбаев

- Мурунку жылдары Кыргызстан коррупцияны жеңүү боюнча 13-14 орунга алдыга жылдык деген маалыматтар болуп жаткан. 2013-жылы биз 24 упайга ээ болсок, 2014- жылы 27 балл, ал эми 2015-жылы 28 балл алганбыз. 2016-жылы да 28 балл бойдон калып жатабыз.

“Трансперенси Интернешнл” уюмунун 2016-жылга карата баяндамасында КМШ өлкөлөрүнүн арасында Грузия 57 балл менен коррупция азыраак деп, жогорку көрсөткүчкө жетсе, Түркмөнстан менен Өзбекстан 22 упай менен жемкорлук гүлдөгөн деңгээлде калган.

Эл аралык уюмдун баяндамасына ылайык, Дания жана Жаңы Зеландия өлкөлөрү 90 баллдан жогорку көрсөткүч менен коррупциясы эң төмөн өлкөлөрдүн көч башында турат.

“Трансперенси Интернешнл” уюму 2002-жылдан бери дүйнөлүк коррупция барометрине Кыргызстандагы иликтөөнү да кошуп келет. Бул жылдар аралыгында коррупцияны жоюуга өкмөткө бир катар сунуштар берилген, бирок андан күтүлгөндөй натыйжа боло электей. Бул өз кезегинде экономикага, асыресе инвесторлорду чакырууга кедергисин тийгизүүдө дейт Адылбек Шаршенбаев:

- Инвесторлор албетте “Трансперенси Интернешнл” ​уюмунун индексине көңүл бурушат. Анткени алар кандайдыр бир өлкөгө келээрден мурда ал өлкөдөгү абалды жакшылап изидешет. Инвесторлордун белгилөөсүндө коррупция индекси 30 баллдан төмөн өлкөлөр өтө коррупциялашкан болуп эсептелет. Кыргызстан да 28 балл менен коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарын толуктоодо.

Анткен менен бийлик өкүлдөрү чет өлкөдөн инвесторлорду чакырууда Кыргызстанды бизнес үчүн бейиш катары сүрөттөп келишет. Аны президент Алмазбек Атамбаев Индиядагы сапарында да белгилеген. Мамлекет башчы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин Кыргызстандагы бизнес жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлөөрүн айткан. Ошентсе да эл аралык иликтөөлөр өлкөдөгү коррупциянын деңгээли жогору бойдон калып жатканын көрсөтүүдө.

"Бийлик реформаларга бара алган жок"

Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшүүнү максат кылган АКОС уюмунун жетечиси Кубанычбек Шаршенбаев бийлик олуттуу реформага батына албай келатканынан, өлкөдө укук коргоо жана сот органдары коррупциянын башатында турарын айтат.

Иллюстрация

- Эмне үчүн ушундай акыбалга түшүп калдык? Анткени бизде сот жана укук коргоо органдары жазадан жеңил кутулуп, атүгүл алардын терс кылыгына чара жок экенин билишет. Бизде чет өлкөлүк инвесторлордун бизнесин тартып алган учурлар бар. Ал эми сот системасында сотторго кол тийбестик берилип, алар бул макамдын аркасына жашынып алып, тескерисинче, мыйзамсыз иштерди да кылып жүрүшөт.

Жемкорлук менен күрөшүү үчүн Жогорку Кеңеш байма-бай мыйзамдарды толуктап, жаңы чараларды кабыл алып келет. Парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Жээнчороев жалгыз гана мыйзам менен коррупцияны жеңүү мүмкүн эмес экенин тажрыйба көрсөткөнүн айтат.

Мирлан Жээнчороев

- Коррупциялык көрүнүштөр боюнча эки ача эмес мыйзамдарды кабыл алуу башкы максаттарыбыздын бири. Анткени мыйзам эки ача болсо коррупцияга жол ачып берет. Экинчиден, мыйзамды колдонууда укук коргоо органдарынын толуккандуу иштешин белгилөө керек. Аларды эч бир даражасына карабай жоопкерчиликке тартуу маселеси турат. Үчүнчүдөн, коррупция бул ички экономикалык абалды оңдоо максатында социалдык көрүнүш менен да айкалышат. Ушул үчилтикти ишке киргизмейинче, коррупциянын жеңүү мүмкүн эмес.

“Трансперенси Интернешнл” уюмунун иликтөөсүнө ылайык, кыргызстандыктардын 40 пайызы коррупциялык көрүнүшкө таасир эте албасын билдирсе, 10 пайызы гана жемкорлук тууралуу маалыматты тиешелүү кызматка маалымдашарын айтышкан. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын 12 пайызы жемкорлук тууралуу арыздана турган орган өзү коррупциялашканын билдиришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.