Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:52

КУУдагы чыр: министрлик ректоратты коргоп чыкты


КУУнун башкы окуу имараты
КУУнун башкы окуу имараты

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жаш активисттери аталган окуу жайдагы коррупциялык иштерге байланыштуу жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу менен чыгышты.

Алар университет жетекчилигине чарбалык, окуу жана башкаруу иштеринде мыйзам бузууларга жол берип жатат деген кине коюшууда.

Улуттук университеттин жетекчилиги мындай сын-пикирди четке кагып, жыйын уюштурган жарандардын айрымдары өздөрү каржылык мыйзам бузууга жол бергенин билдирип жатышат.

Билим берүү министрлиги болсо, университеттин маалымат жыйынын өткөргөн кызматкерлери иштен бошотулганын айтып, окуу жай жетекчилигин коргогон билдирүү таратты.

Жаштардын жарыя кылган маалыматтары

5-январдагы маалымат жыйынында окуу жайдын тарбия жана жаштар саясаты департаментинин жетекчиси Нургазы Майрыков, студенттик корпус жана жатаканалар башкармалыгынын директору Самат Алдашев, жаштар иштери бөлүмүнүн башчысы Уларбек Бакырдинов жана окутуучу Мирбек Шарабидинов окуу жайдагы өздөрүн нааразы кылган маселелер тууралуу билдирүү жасады. Мисалы, Нургазы Майрыков буларга токтолду:

- 2015-жылы турникет орнотуу иши абдан чоң маселе болуп көтөрүлгөн. Бул менин колумдагы кагаздар студенттерден түшкөн арыздар. Анын аркасында биздин университетте ар бир студенттен 200 сомдон каражат чогултуу токтотулган. Ага чейин чогултулган каражаттар ушул убакка чейин кайра ээлерине кайтарылып берилбей жүрөт.

Нургазы мындан сырткары ректорат окуу жайдын 5-корпусундагы маданий жайына музыкалык аппарат алып берүү убадасына турбаганын, студенттик жатаканаларда өрт коопсуздугун сактоо боюнча иш-чаралар өз убагында аткарылбай жатканы сыяктуу бир нече көйгөйлөрдү четинен санап өттү.

Доомат коюп чыккан жаштар учурда окуу жайдын жатаканасында жашагандардын ижара акысынан жана келишимдик негизде окуган студенттерден түшкөн каражаттардын кайда кетип жатканы таптакыр көзөмөлдөнбөйт деп эсептешет экен.

"Ректоратка күнөө коюуга негиз жок"

Маалымат жыйынына университеттин жетекчилигинин таламын талашып келген укук бөлүмүнүн башчысы Рустиван Токтоналиев дооматтарды четке какты:

- Өзүңөр билесиңер, бизде жылына бир жолу атайын текшерүү болуп турат. Мындай пландуу текшерүүдө биздин ар бир тыйыныбыз кайдан келип, кайда кеткени эсептелет. Болгон катачылыктар документке түшөт. Албетте, мен каражаттын кандай пайдаланылып жатканына баа бере албайм. Бирок бизге карата Эсеп палатасынын финансылык мыйзам бузуу боюнча койгон айыбы жок. Эгер ал каражаттар туура эмес колдонулганы боюнча чечимдер болсо, аны катып жатканга мүмкүн эмес.

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетиндеги чыр боюнча Билим берүү министрлиги да атайын маалымат таратып, окуу жай жетекчилигин коргоду. Андагы маалыматта университет жетекчилигине доомат койгон кызматкерлердин пикири жалпы университеттеги маанайды билдирбей турганы айтылат.

Ошондой эле маалымат жыйынына катышкан эки кызматкер келишимдин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан алынганы, калгандары университеттин жатаканасында жашаганы үчүн карыз болуп калышканы белгиленет. Окуу жайга карыздын суммасы 224 миң сомду түзгөн деп айтылат Билим берүү министрлиги тараткан маалыматында.​

Депутаттардын сунуш-чечими

Анткен менен Кыргыз улуттук университетинин тегерегиндеги чыр-чатак эки жылдан бери уланып келе жатат. Ал Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетине чейин жетип, былтыр сентябрда атайын депутаттык комиссия да түзүлгөн. Комиссиянын түзүлүшүнө мугалимдерди тандоо боюнча сынак адилетсиз өттү, жетекчиликке жакпаган мугалимдер атайылап кулатылды деген мугалимдердин пикетке чыгышы себеп болгон.

Парламент депутаты Рыскелди Момбеков депутаттык комиссиянын чыгарган тыянагы тууралуу буларды айтты:

- Улуттук университеттин чарбалык мыйзам бузууларын иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлгөн да. Алардын жыйынтыгы боюнча биз биринчи жолу өкмөт башчыга сунуш бергенде ал университеттин жетекчилигине сөгүш жарыялаган. Андан кийин да анын алкагында бир топ финансылык мыйзам бузуулар боюнча каттар келип түшкөн. Жумушчу топ өз иликтөөсүн дагы бир айга улантып, комитет 19-декабрда өкмөт башчыга ректорду жумуштан алуу боюнча сунуш берген.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Кыргыз өкмөтүнүн депутаттык комиссиянын сунушу боюнча тыянагы тууралуу маалымат азырынча жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG