Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:04

Исманкулов менен КУУнун чуулуу келишими


Кыргыз Улуттук университети
Кыргыз Улуттук университети

Мындан 20 жылдай мурун Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет менен Алмазбек Исманкуловдун “Көздүн микрохирургиясы” ооруканасы биргелешип түзгөн “Интергоспиталь” медициналык борбору боюнча кылмыш иш козголду.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын билдиришинче, кореялык компаниядан “Интергоспиталга” деп алынган ири суммадагы техникалык насыянын дайыны табылбай жатат жана аны ким төлөп берери белгисиз болууда.

Анткен менен мындай мыйзамсыз иштерге убагында таасирлүү кызматтарда турган аткаминерлер аралашканы ачыкка чыкты.

Азыр Улуттук университеттин мойнунда 10 миллион доллардай карыз илинип турат, бирок окуу жайда Кореядан келген бир дагы медициналык жабдуу жок. Насыяны үстөк пайызы менен төлөөнүн мөөнөтү болсо быйыл аяктайт.

“Интергоспиталь” ким үчүн түзүлгөн?

1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин Окумуштуулар кеңешинин токтому менен “Көздүн микрохирургиясы” госпиталы менен биргеликте бул окуу жайдын алдында “Интергоспиталь” деген медициналык борбор түзүлгөн. Анын максаты – бул окуу жайдагы медициналык билим берүү программаларын жакшыртуу, студенттер менен окутуучулардын саламаттыгына кам көрүү болот деп жазылган.

Окумуштуулар кеңеши бул борборду медициналык жабдуу менен камсыздоо үчүн кореялык “Медисон Ко ЛТД” компаниясы менен келишим түзүү тууралуу чечим да кабыл алган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын маалыматына ылайык, 1998-жылдын февраль айында ректордун буйругу менен эл аралык байланыш жана медицина боюнча проректор деген штаттык кызмат ачылган жана бул кызматка А. И. аттуу адам дайындалган. Бул адам “Көздүн микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов экени маалым болду.

Исманкулов "Интергоспиталга” 8,5 миллион доллардан ашык техникалык насыя алуу тууралуу “Медисон Ко ЛТД” компаниясы менен университеттин атынан келишимге кол койгон.

Бирок ошол эле жылдын август айында “Интергоспиталь” медициналык борбору түзүлбөй калганына байланыштуу деген жүйө менен эл аралык байланыш жана медицина боюнча проректор дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылган. Өкмөттүн буйругу менен Билим берүү министрлигинин техникалык насыяга кепилдик берген каты да мыйзамсыз деп табылган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын басма сөз өкүлү Азамат Шейшеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, буга карабай 1999-2000-жылдары “Интергоспиталь” медициналык борборуна деп Кореядан 8,5 миллион доллардан ашык акчага медициналык жабдуу алынган жана анын баары ар кайсы жакка чачырап кеткени аныкталган.

Медициналык жабдууларды бажы көзөмөлүнөн өткөрүп жаткан маалда “Интергоспиталдын” жетекчиси Алмазбек Исманкулов деп көрсөтүлгөн жана биринчи партия менен келген баасы 100 миллион сомдон ашык медициналык жабдууну “Көздүн микрохирургиясы” алган, дейт Шейшеев:

- Булар насыя берип жатканда Билим берүү министрлиги кепилдик кат жазып берген. Бул кепилдик мыйзамсыз болуп эсептелет. Себеби кепилдик берип жаткандан кийин Каржы министрлиги менен макулдашып, сүйлөшүп берилиши керек экен. Кепилдик мыйзамсыз берилген. Кореядан келген медициналык жабдуулар үч-төрт жакка бөлүнүп кеткен. Бир бөлүгү “Интергоспиталга” тийген. Экинчисин “Көздүн микрохирургиясы” алган. “Интергоспиталь” болсо өзүнө тийген медициналык жабдууларды Ошко жөнөтүп жиберген. “Илбирс” деген маданий-агартуу борборуна, “Тоо гүлү” деген коомдук кайрымдуулук фондуна берген.

"Тоо гүлү", "Илбирс" жана медициналык жабдуулар кайда?

Кореядан келген медициналык жабдуунун бир бөлүгүн алды деген Оштогу “Илбирс” маданий-агартуу борборунун качан түзүлгөнү жана эмне менен алектенип келгени белгисиз. Уюм тууралуу колго урунарлык маалымат таба алган жокпуз. Мындан улам маданий-агартуу борборуна Кореядан келген медициналык жабдуулар кандай максатта берилген деген суроо жоопсуз калды.

Юстиция министрлигинин сайтында бул борбордун эки жолу кайра каттоодон өткөнү гана жазылып жүрөт. 2000-жылы июнь айында каттоодон өткөндө жетекчиси Гүлшайыр Калматова, дареги Ош шаары деп көрсөтүлгөн, анда эмне менен алектенери жана негиздегендер тууралуу маалымат жазылган эмес.

Экинчи жолу 2003-жылы каттоодон өткөндө бул борбор жоопкерчилиги чектелген коомго айланган жана Бишкекте, Биринчи Май районунда катталган. Ишмердиги деген жерге эмгек ресурстары менен камсыздоо деп жазылган жана жетекчиси Назаров Кубанычбек Кудайназарович деп көрсөтүлгөн. Интернеттеги маалымат боюнча, аты-жөнү дал ушундай адам Кыргызстан архитекторлор бирикмесинин мүчөсү, азыр 67 жашта. 2010-жылы парламенттик шайлоого катышкан Республикалык элдик партиянын тизмесинде 50-орунда турган.

Кореядан келген медициналык жабдууну алган деген “Тоо гүлү” кайрымдуулук фондунун дагы бүдөмүк жактары көп экен. Биринчиден, мындай фонд, ишмердиги тууралуу эч кандай маалымат жок.

Юстиция министрлигинин сайтында фонддун ишмердиги токтогону тууралуу гана учкай маалымат бар. Ага ылайык, Бишкекте катталган бул фонд 2002-жылы жабылган. Анда Жунушбаева Гүлмира Касымовна жетекчиси жана Мырзабек Асангариев экөө негиздөөчүсү деп жазылган.

Насыяны ким төлөйт?

2001-жылы жазында Улуттук университет менен кореялык “Мэдисон Ко ЛТД” компаниясы жана Кореялык экспорттук камсыздоо корпорациясы менен биргеликте 1998-жылдагы келишимге кошумча дагы бир документке кол коюлган. Анда 8,5 миллион доллар техникалык насыя жана анын 3 миллион долларга жакын үстөк пайызы менен кошо 2016-жылга чейин төлөнүп берилет деп жазылган. Документке телекоммуникация боюнча проректор Т.С. менен “Интергоспиталдын” жетекчиси деген У.Т. аттуу адам кол койгон.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын басма сөз өкүлү Азамат Шейшеевдин бышыкташынча, кореялык компания насыясын убагында ала албаганына байланыштуу кыргыз бийликтерине кайрылган жана анын негизинде кылмыш иш козголгон:

- Насыя алгандан баштап эле төлөнүп башташы керек болчу. 2001-жылы түзүлгөн келишим боюнча 2004-жылдан 2016-жылга чейин төлөнүп бүтүшү керек болчу. Бирок ушул убакыт аралыгында бир да сом төлөнгөн эмес. Ошондуктан быйыл иш козгоп жатабыз. Бул жерде негизи насыяны Улуттук университет менен анын алдында түзүлгөн “Интергоспиталь” төлөшү керек болуп жатат. Азыр “Интергоспиталь” иштеп жатат. Бирок аларда Кореядан келген жабдуулар жок, себеби анын баары бөлүнүп-бөлүнүп кеткен да. Медициналык борбор документтер боюнча университеттин алдында болуп жатпайбы. Бирок текшере келгенде университетке эч кандай тиешеси жок деп чыгып жатат. Бирок насыя университеттин мойнунда илинип турат. Кореялык компания 2016-жылы насыяны төлөп бүтүшү керек болчу, бирок төлөбөй жатышат, жардам бергиле деп өкмөттүн, президенттин аппаратына арызданып кат жазып жатат. Ушундан улам быйыл иш козголуп жатат. Бул жерде бир катар таасирлүү адамдардын аттары бар. Азырынча ачык айта албайбыз, тергөө жүрүп жатат.

Чаташтырган баш аттар

Ушул жерден эми Улуттук университеттин “Интергоспиталь” медициналык борборуна кеңири токтоло кетели.

Юстиция министрлигинин электрондук базасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы жазган ушундай аталыштагы жоопкерчилиги чектелген коом 2008-жылы кайра каттоодон өткөн деген маалымат турат. Ал жерде ишкананын жетекчиси менен негиздөөчүсү Токтакунова Нуркан Токтосуновна деп жазылган. Дагы бир негиздөөчүсү деп Үмөталиева Назгүл Жунушбаевна деп көрсөтүлгөн. Назгүл укук коргоочу Токтойым Үмөталиеванын кызы экени маалым болду.

Биз Токтайым Үмөталиева менен байланыштык. Ал Юстиция министрлигинин сайтында жазылып турган “Интергоспиталь” кызы менен кудагыйыныкы экенин ырастады. Бирок ал компаниянын Улуттук университет менен “Көздүн микрохирургиясы” ооруканасы биргелешип түзгөн “Интергоспиталь” менен байланышы жоктугун, бул боюнча анын жетекчиси деп көрсөтүлгөн У.Т. деген ысымдуу адам бөлөк экенин териштиргенин айтып берди. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын бул ишке Үмөталиевалардын тиешеси жоктугу тууралуу түшүндүрмө талап кылып жатканын билдирди:

- Кылмыш иш козголуп жаткан компаниянын бизге тиешеси жок. Ал компания “Интергоспиталь” деген чоң тамга менен жазылып жатат. Биздики болсо баары чогуу, кичинекей тамга менен жазылат. Мен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына чукул арада менин тиешемдин жоктугун ырастап, маалыматты төгүнгө чыгаргыла деп кат жөнөттүм. Алар мага 14 күндүн ичинде жооп берерин айтышты. Ошол жоопту алгандан кийин мен тууралуу жалган жазгандардын баары менен соттошом. Кылмыш иш козголуп жаткан “Интергоспиталдын” жетекчиси Усупбеков Темирбек Садыкович деген киши экен. Тоголок Молдодогу автобазанын директору болгон экен. Мен тактадым. 1997-жылы менин кызым үч жашта болсо бул ишке кантип катышмак эле? Ал 2008-жылы кайненеси экөө медициналык борбор ачабыз деп ушундай борбор ачышкан. Кайра каттоодон өткөнгө чейин “Ясмина” деген компания болгон. Ал эми берки “Интергоспиталды” болсо Улуттук универститет менен “Көздүн микрохирургиясы” түзүп жатпайбы.

Биз ушул жагдайдын чоо-жайын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын бул ишти териштирип жаткан тергөөчүсүнөн сурадык. Ал болсо “Интергоспиталь” деген бир эле медициналык борбор бар экенин, кылмыш иш азыркы эмес, мурунку жетекчилерине тиешелүү экенин ырастады:

- Булар азыркы жетекчилери менен азыркы негиздөөчүлөрү. Бул иш мурдагы жетекчилерине байланыштуу козголуп жатат. Азыр эки башка ишкана деп жатышпайбы. Биз болсо бул бир эле ишкана деп жатабыз. Болгону бир канча жолу кайра каттоодон өткөн. Жанагы У.Т. деген Үмөталиева Токтайым эмес. Ал башында жетекчи болгон башка адам. Аты-жөндөрүнүн баш тамгалары окшош болуп чыккандыктан Үмөталиева да келип андай-мындай деп кетти.

Эмнеси болсо да Улуттук университеттин мойнунда турган үстөк пайызын кошкондо 10 миллион доллардан ашык акчаны эми ким төлөйт деген суроо турат. Окуу жайдын коомчулук менен байланыш боюнча координатору Жолдошбек Бузурманкулов университет бул акчаны төлөп берүүгө милдеттүү эмес дейт:

- Ал убакта иштеген жетекчилердин азыр бирөө да жок. Азыр иштеп жаткандардын бирөө дагы азыр эч нерсе айта албайт. Анткени катышкан эмес, көргөн-билген эмес. Ошол 8,5 миллион долларлык медициналык жабдуулардын бир буроосу да университетке келген эмес. Келип, бажы көзөмөлүнөн өткөндөн кийин эле “Көздүн микрохирургиясы” госпиталына кеткен турбайбы. Мына 20 жыл мурун төрөлгөн балдар армияга барып кайра келип да калышты. Азыр эми университетте 8,5 миллион доллар желип кеткен деп жазып жатышат. Университеттин атына жабышкан жаман сөз дагы башталды. Университет жебеген самсыга пул төлөй албайт да. Окуу жайдын азыркы жетекчилик университетте медициналык жабдуу да, “Интергоспиталь” да жок болсо эмнени төлөп берели дейт да. Таланып-тонолуп кеткен медициналык жабдууну университет төлөбөйт.

20 жыл козголбой жүрүп...

Ошол кезде улуттук университеттин ректору Советбек Токтомышев болгон. Билим берүү жана илим министрлигин Аскар Какеев жетектеп турган.

Какеев 2000-2005-жылдары Улуттук университеттин ректору болгон жана анын тушунда 2001-жылы Кореядан келген техникалык насыяны төлөө мөөнөтү тууралуу экинчи келишимге кол коюлган. Биз Советбек Токтомышев менен байланыша алган жокпуз. Аскар Какеев болсо “Интергоспиталь” тууралуу угары менен эле комментарий берүүдөн баш тартты.

- Мен азырынча эч нерсе айта албайм, эч нерсе айта албайм.

Биз “Көздүн микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловдон макала даярдалып жаткан маалда комментарий ала алган жокпуз. Анын баласы, бул оорукананын каржылык директору Алибек Исманкуловдун айтымында, атасы четте жүрөт жана аны менен байланышуу мүмкүн эмес. Ошондой эле алар козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат каражаттарынан гана угушкан жана суракка чакыруу келек элек. Алибек Исманкулов атасы чет өлкөдөн келгенден кийин "Азаттык" менен байланышарын кошумчалады.

Буга чейин “Көздүн микрохирургиясы” госпиталынын имаратына байланыштуу талаш да чыккан эле. Мындан эки жыл мурун ошол кездеги Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинин төрайымы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева Алмазбек Исманкулов шаардык 6-ооруканага таандык имаратты мыйзамсыз ижарага алып жүргөнүн айтып чыккан.

Оорукананын расмий сайтындагы чакан видео тасмада Алмазбек Исманкулов медициналык жабдууларды айтып мактанган жайы бар экен:

- Күн сайын ушул бөлмөдө бизге келгендер текшерүүдөн өтөт. Бир күндө 300дөн ашык киши кайрылат. Азыркы убакта өтө көп уникалдуу жаңы аппараттар бар. Оорукана 1995-жылы ачылган. Ал учурда бул имарат өтө начар болчу. Баарын бузуп, ремонт жасап жакшынакай кылып алдык. Жалпысынан 44 адам иштейт. Бир күндө 20дан ашык операция жасалат.

Мындан 20 жылдай мурун Улуттук университет менен “Көздүн микрохирургиясы” ооруканасы биргелешип түзгөн “Интергоспиталдын” айланасындагы мыйзамсыз иштер тууралуу негизи буга чейин деле айтылган экен.

Тактап айтканда, 2010-жылы окуу жайдын ошол кезде Адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун директору, профессор Махмуд Күчүков жергиликтүү гезиттердин бирине курган маегинде университет кореялык компаниянын барымтасында жатат деп айтып чыккан жана бул жагдайдын чоо-жайын айтып берген. Махмуд Күчүков былтыр ардактуу эс алууга чыгып, университетте иштебей калганына байланыштуу эки күн издеп таба алган жокпуз.

Анын гезиттеги маегине ылайык, ошол кезде окуу жайдын жамааты четтен келген медицианалык жабдуулар тууралуу кийинчерээк гана билген жана “Интергоспиталдын” тегерегиндеги бүдөмүк, табышмактуу жагдайлар боюнча убагында Ички иштер министрлигине, Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылышкан. Бирок териштирилбей, кылмыш иш козголгон эмес. Кореялыктар насыя убагында төлөнбөй жатканы боюнча Билим берүү министрлигине да бир канча жолу кат жазган.

Бирок мындай кайрылууларга карабай 20 жылдай убактан бери “Интергоспиталь” боюнча жагдайды териштирбей келаткан укук коргоо органдарынын эми кыймылдай баштаганы дагы бир топ суроо жаратты.

XS
SM
MD
LG