Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:30

Шаршенбаев: Коррупция азайган жок


Кыргызстанда коррупциялык кылмыштарга айыпталгандардын 4% гана соттолору прокуратуранын координациялык кенешинде айтылды.

Transparency International Kyrgyzstan уюмунун атайын кеңешинин төрагасы Адылбек Шаршенбаев "Азаттыкка" берген маегинде коррупцияга каршы күрөшкөн мекемелердин жоопкерчилигин күчөтүү керектигин белгиледи.

"Азаттык": Кыргызстанда коррупциялык кылмыштарга айыпталгандардын​ төрт гана пайызы соттолору прокуратуранын координациялык кенешинде айтылды. Прокуратура органдары буга соттордун өз ишин так алып барбагандыгы себеп болуп жаткандыгын негиз келтиришүүдө. Сиз буга эмне себеп болууда деп ойлойсуз?

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Казына каржалып турганда көчмөндөр оюнун өткөрүүгө миллиарддаган сом сарпталганы коомчулукта сынга алынды.

Адылбек Шаршенбаев: Эгер биз коррупцияга каршы күрөшкө милдеттүүлөрдүн сөзүн уксак, алар бири-бирине шылтай бергенди жакшы көрүшөт. Прокуратура сотторду айтат, соттор болсо, тескерисинче, прокуратураны же милицияны күнөөлөйт. Маселен, милициялар тергөөнү жакшы жүргүзбөгөндүктөн биз кое берип жатабыз деп айтышат. Бул 20 жылдан бери уланып келаткан көрүнүш. Бул нерсени биз жакында Дүйнөлүк коррупция барометри деген изилдөөбүздө жарыялаганбыз. Анда биз коррупцияга каршы күрөшө турган органдардын жоопкерчилигин катаалдантуу тууралуу сунушубузду бергенбиз. Ишке киришкен тергөөчүнүн жоопкерчилигин карабастан, андан жогору турган жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштаганбыз. Ошол эле координациялык кеңештин жыйынына мен да катыштым. Жыйындын жүрүшүндө жер маселелери боюнча маселе көтөрүлдү. Айрымдар жерди инвентаризация кылышыбыз керек деп айтып жатышат. Маселен, ошол эле Грузияны алсак, алар инвентаризацияны тез убакытта эле өткөрүшкөн. А бизде аны жасоого 25 жылдан бери кол тийбей жатыптыр. Менимче, биздин аткаминерлер системадагы тазалык-тактыкты каалашпайт. Анткени андай болгондо коррупцияны ишке ашырууга мүмкүн болбой калат да.

"Азаттык": ​Айрымдар коррупцияны аныктоодо мыйзамдагы жетишпестиктер буга себеп экенин айтышат?

Адылбек Шаршенбаев: Мен көп талкууларга катышып жүрөм. Батыштын, маселен Улуу Британиянын юристтери биздин мыйзам базабыз алардыкына салыштырмалуу жаңы, заманбап, структурасы жакшы деп баа беришет. Ошол эле маалда алардын айтымында, эң чоң көйгөй - бул ошол мыйзамдарды аткаруу маданияты бизде жок. Керек болсо бизде салыкты төлөө маданияты анча өнүгө элек. Карапайым тургундар салык төлөө маселесине анча деле маани беришпейт. Бизде мыйзамдын үстөмдүгү анча жакшы иштебейт. Мыйзамды аткаруу маданиятыбыз өтө төмөн.

"Азаттык": Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш жарыяланган эле. Силердин уюм жүргүзгөн байкоолор боюнча бул күрөш кандай жүрүп жатат? Жыйынтыктары кандай болууда?

Адылбек Шаршенбаев: Жыйынтыгы азырынча анча канааттандырбайт. Анткени биз жыл сайын коррупция деңгээлинин көрсөткүчүн жарыялайбыз. 2016-жылдыкын бир айдан кийин жарыялайбыз. Ал эми мурдагы жылдарды карап көрсөк, биз 30 баллдан төмөн эле болуп турабыз. Бул деген “экстремалдуу коррупция” дегенди билдирет. Демек биз дагы эле паракорчулук өрчүгөн өлкөдө жашап жатабыз. Системаны өзгөртө турган чечкиндүү кадамдар жасалган жок.

Эгер биз коррупцияга каршы күрөшкө милдеттүүлөрдүн сөзүн уксак, алар бири-бирине шылтай бергенди жакшы көрүшөт. Прокуратура сотторду айтат, соттор болсо, тескерисинче, прокуратураны же милицияны күнөөлөйт.

"Азаттык": Дүйнөлүк коррупция барометри деген изилдөөдө сунуштар берилди деп айтпадыңызбы, коррупция менен күрөш натыйжалуу болуш үчүн дагы кандай сунуштарды айттыңыздар?

Адылбек Шаршенбаев: Биринчиден, бул коррупцияга каршы күрөшкөн органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу, коррупция тууралуу маалымдаган жарандын коопсуздугун коргоого алуу. Анткени Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча жарандар кесепеттеринен корккондуктан паракорчулук тууралуу кабарлашпайт экен. Алар жеке өмүрүнө же ишине кедергисин тийгизет деп кооптонушат. Ошондуктан аларды коргоого алуу туралуу жана башка көп багыттар боюнча сунуштарды киргиздик.

​PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG