Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:21

Кыргызстанда коррупция боюнча айыпталган кызмат адамдардын төрт пайызы гана эркинен ажыратылат.

Мындай маалымат 27-декабрда Укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы координациялык кеңешмесинин жыйынында айтылды. Башкы прокуратура анда сот чечимдери боюнча бир топ дооматтарды жарыялады.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан коррупция менен күрөшүүдө туура жолдо баратат деген. Бирок талдоочулар паракорчулукка каршы күрөш натыйжа бербегенин белгилешет.

Кыргызстанда жыл сайын коррупция боюнча жүздөгөн кылмыш иши козголот, жүздөгөн кызмат адамдарына айып тагылат. Бирок алардын басымдуусу жазадан кутулуп кетет.

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

Башкы прокуратура 2013-2015-жылдар аралыгында козголгон кылмыш иштерди талдап чыкты. Мисалы, 2013-жылы 400дөн ашык кылмыш иши козголуп, дээрлик 700гө жакын адамга айып тагылган. Бирок кылмыш иштин теңине жакыны ар кандай себеп менен токтотулган, 100дөн ашык адам акталган. Дагы элүүдөй иш боюнча айып пул чегерилген.

Кыскасы, 2013-жылы он иш боюнча 18 адам гана эркинен ажыратылган. 2014-жылы болсо коррупция боюнча козголгон кылмыш иштердин саны өскөн жана миңге жакын адамга айып тагылган. Бирок 56 адам абакка кесилген. 2015-жылы деле дээрлик ушундай көрүнүш кайталанган.

Баш прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов “Азаттыктагы” маегинде бул абалды оңдоо жолу изделип жатканын маалымдады:

- Укук коргоо органдары жөнөткөн кызматтык кылмыштар боюнча айыпталган адамдардын төрт гана пайызы камалып жатат. Көбүнчө айып пул салынып, айрымдары кылмыштын мөөнөтү бүттү деп кыскарып кетет. Эгер андай болсо, ал кылмыш иши боюнча айыпталган адамдар соттолду деген эсепке кирбей калат. Азыр муну келечекте кандай кылуу керек деген маселе турат. Кийин алар балким депутаттыкка талапкер болушу, мамлекеттик кызматтарга барышы мүмкүн да. Бирок ал кылмыш жасаган адам болуп жатпайбы. Андан сырткары кээ бир соттор ишти кароону атайын созуп, экспертиза дайындай коюп же кайра тергөөгө жөнөтүмүш болуп жоопко тартуу мөөнөтүн өткөрүп, ишти кыскартып койгон учурлар бар. Ушундай учурлар боюнча чара көрөлү, эгер мындай көрүнүштөргө мыйзам жол берип жатса, анда өзгөртүүлөрдү киргизели деген маселелер талкууланды.

Кылмыш иши мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдарга козголуп жатат да. Алар үч жылдан кийин, соттолгону жоюлгандан кийин кайра эле мамлекеттик кызматка барат.
Нурипа Муканова

Координациялык кеңешмеге “Коррупцияга каршы күрөшүү ишкер кеңешинин" төрайымы Нурипа Муканова да катышты. Анын пикиринде, негизги маселе сот органдарында эле эмес. Муканова коррупция менен күрөшүүдөгү прокуратуранын өзүндөгү проблемаларга токтолду:

- Негизи санкцияны прокуратура берет жана аны соттон талап кылат. Мисалы, кечээ координациялык кеңешмеде бир беренеден экинчи беренеге которуп жибергени боюнча мисалдар келтирилди. Сот өзү эле бир беренеден экинчи беренеге которуп жибербейт. Ал алдына келген иштин негизинде, прокуратуранын санкциясынын эле чегинде карайт. Ошондуктан эки тарап бири-бирин күнөөлөбөй маселени комплекстүү кароо керек. Эгер айыпталган адамдардын төрт эле пайызы камалып жатса, анда ошончо кылмыш ишти козгоп эмне кереги бар деген суроо туулат. Бул жакта башка чоң маселе турат. Кылмыш иши мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдарга козголуп жатат да. Алар үч жылдан кийин, соттолгону жоюлгандан кийин кайра эле мамлекеттик кызматка барат.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова коррупция боюнча күрөштө соттордун тоскоол болгонун жокко чыгарбайт. Бирок анын пикиринде, Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренесинин өзүндө маселе бар:

- Кыргызстан Коррупцияга каршы иш-аракеттин Стамбул келишимине кошулган. Алар коррупция тууралуу беренеңерди оңдобосоңор болбойт деп айтып эле келе жатышат. Ал жерде конкреттүү жазылган эмес, жалпылашып калган. Эгер антпесеңер бул статьяңар менен бир дагы судья өкүм чыгара албайт, өкүм чыгаруу кыйын деген корутунду чыгарышкан. Мен булардын акыркы баяндамасын окудум. Ал жерде дагы канча жолу айтсак да ушул беренеңерди оңдобой койдуңар, ошон үчүн натыйжа болбойт деп жазышыптыр. Ушундай проблема бар. Мына ушунун айынан жазага тартуу кыйын.

Быйыл Кыргызстанда коррупция боюнча айыпталып, бирок саясий кызматта отурган аткаминер болгон жок. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматы Замирбек Айдаров транспорт жана жолдор министри болуп турганда Бишкек-Кара-Балта унаа жолун оңдоо боюнча тендерге аралашкан деп материалдарды топтоп, Башкы прокуратурага жөнөткөн. Бирок башкы көзөмөлдөөчү орган жетиштүү териштирилген эмес деп ишти бул кызматка кайра кайтарган.

Быйыл Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаевдин мындан алты жыл мурун Токмок шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деген кылмыш иши кайра жанданганы белгилүү болду.

Коррупция боюнча 2012-жылы айыпталган, камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев жазында абактан чыкты. Парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков 10 миллион сом менен бошотулду. Мамлекеттик айыптоочулар аны 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтиришкен эле.

Президент Алмазбек Атамбаев 9-декабрда коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө өлкө бул жаатта туура жолдо баратат, паракорчулукка малынган чиновниктердин уюгу талкаланып жатат деп айткан жана коррупциялык-кландык башкаруу кайтып келбейт деп ишендирген. Бирок коомчулукта мындан күмөн санап, ишенбегендер арбын.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG