Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Мурдагы мэр Түлеев абактан чыкты


Нариман Түлеев кызы Назгүл менен. Сүрөт социалдык тармактан алынды
Нариман Түлеев кызы Назгүл менен. Сүрөт социалдык тармактан алынды

Бишкектин үч жылдан бери абакта отурган мурунку мэри Нариман Түлеев 7-майда мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулганы маалым болду.

Азырынча Нариман Түлеевди боштондукка чыгарууга кайсы соттун чечими негиз болгону толук маалымдала элек. Жаза аткаруу кызматы Бишкектин мурунку шаар башчысы мамлекет койгон айып пулду толугу менен төлөп бүттү деп билдирди.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова:

- 7-май күнү түштөн кийин Нариман Түлеев бошотулду. Ал мамлекет койгон айып пулду төлөп берген.

Ал эми айрым жергиликтүү интернет сайттарда "Түлеев эки жолу амнистияга илинген, ошондой эле коюлган 33 миллион айыпты толук төлөгөн" деген маалыматтар чыкты. Бирок аны мурдагы мэрдин жакындарынан тактоого мүмкүн болгон жок.

Мен юрист катары айтсам, мыйзам баарына бирдей иштебегенин көрсөттү. Акчасы жоктор отуруп, акчалуулар чыгып кете берсе болобу деген жөнөкөй суроо туулат. Анда түрмөнүн теңин бошотуу керек.
Алмамбет Шыкмаматов

Коррупцияга байланыштуу камалган Түлеевдин эркиндикке чыгышы саясий чөйрөдө кызуу талкууга, божомолго жем таштады. Бийлик коррупцияга каршы күрөштүн аёосуз жүрүп жатканын кылмыш иши козголгон жогорку жетекчилерди, депутаттарды мисал кылып келет. Бирок кылмыш иши менен кошо эски дарты козголуп, үй камагына же чет өлкөгө дарыланганга чыккандары арбын.

Айрым саясатчылар Түлеевдин боштондукка чыгышын бийликтин паракорчулук менен күрөшүүдөгү кожо көрсүн саясаты экенинин дагы бир белгиси деп сындашууда. Алардын бири "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов мурдагы мэрдин абактан жаза мөөнөтүнөн эрте бошоп кетишине таасирлүү адамдар уруксат берген деген пикирде:

- Паракорчулук менен күрөшүп атабыз деп Түлеевди камап атканда пиар кылышкан эле. Мен юрист катары айтсам, мыйзам баарына бирдей иштебегенин көрсөттү. Акчасы жоктор отуруп, акчалуулар чыгып кете берсе болобу деген жөнөкөй суроо туулат. Анда түрмөнүн теңин бошотуу керек. Элдин башын айлантпай Нарынбаев менен Коркмазовду дагы эрте эле бошотуу керек. Коррупциялык элементтерге жол берилди. Он бир жылга кесип, бир жарым жылда чыгарат дегенди сүйлөшүүлөр болгон деп түшүнсөк болот. Айта кетчү нерсе, Түлеев президенттин макулдугусуз чыкмак эмес, - деди Шыкмаматов "Азаттыкка".

Деген менен Түлеев камалган күндөн тарта ага коюлган айыптарды бийликтин саясий буйругу деп келгендер бар. Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун мындай деди:

- Мен Түлеевдин боштондукка чыкканын туура деп эсептейм. Себеби, анын камалышы башынан эле туура эмес болгон. Кытайдан алынган автобустар боюнча күнөөсү далилденген эмес. Түлеевге ошол учурда коррупцияга каршы күрөштүн санын көбөйтүү үчүн эле кылмыш иши козголгон.

Түлеевдин сот ишине байланыштуу президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен парламенттин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов камалган эле.
Түлеевдин сот ишине байланыштуу президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен парламенттин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов камалган эле.

Бишкектин мурунку башчысынын абактан бошотулушу коомчулук үчүн күтүүсүз болду. Айрыкча сот отурумунун ишембиге, кечки убакытка белгиленгени социалдык тармактарда күдүк ойлорду жаратып, бийлик дарегине сын айткандар арбын.

Буга чейин деле саясий серепчилер Түлеевдин тагдырын анык божомолдой алышкан эмес. Эми экс-мэрдин эркиндикке чыгышы юридикалык жактан бир топ суроолорду жаратууда. Саясат талдоочу Эмил Жураев:

- Эми Түлеевге кайсы жобого жараша чечим чыкканы белгисиз. Акча төлөтүп чыгарабыз десе, андай камакта жаткандар толтура. Акча төлөсө, толук акталабы? Эң кызыгы Түлеевге байланышкан Нарымбаевдин иши эмне болот? Суроолор көп болуп атат.

“Азаттык” Нариман Түлеевдин өзү же анын жакындары менен байланышууга аракет кылып, бирок андан майнап чыкпады.

Эми Түлеев саясатчы катары ишмердүүлүгүн улантабы же жокпу азырынча табышмак бойдон турат.

Бишкектин Ленин райондук соту 2013-жылы июлда Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот 2014-жылы ишти кайра карап, өкүмдү күчүндө калтырган. Нариман Түлеевге Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мындан тышкары таштанды ташуучу унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталган болчу.

Түлеевдин сот ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев азыр камакта отурушат. 2015-жылдын 15-июлунда Коркмазов абактагы Нариман Түлеевдин мүлктөрүн Жогорку Сот аркылуу камактан чыгартууга ортомчу болуп, Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара талап кылып, анын 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган. Кийин ал бул параны Нарымбаев талап кылганын айтып чыккан. Жемкорлукка шектелген президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Нарымбаев болсо 22-июлда УКМКнын тергөө абагына камалган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG