Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:44

Коркмазов сотто ортомчулугун моюнга алды


Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазов сотто
Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазов сотто

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен парламенттин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун ишин жыйынтыктай баштады.

Сот Нарымбаевдин адвокатынын мамлекеттик айыптоочудан баш тартуу өтүнүчүн четке какты. Коркмазов сотко көрсөтмө берип, күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алды. Данияр Нарымбаев саламаттыгына байланыштуу көрсөтмө берүүнү кийинкиге калтырууну сурап, сот анын өтүнүчүн канааттандырды.

Нарымбаев тараптын нааразычылыгы

Бишкек шаардык сотунда 15-апрель күнү Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун ишин кароо улантылып, алардын абактагы мурдагы шаар мэри Түлеевдин кызынан пара алууга байланыштуу жагдайлары апелляциялык негизде каралды. Нарымбаевдин адвокаты Михаил Зауман аппарат жетекчисинин кабинетине Коркмазовдун кирип-чыкканын тастыктаган видео тасманы иштин материалдарына тиркөөнү соттон өтүндү.

Сот жүрүшүндө
Сот жүрүшүндө

Зауман ал тасма Нарымбаевдин кызыкчылыгын коргоо үчүн маанилүү экенин айтып, аны сот гана талап кыла аларын белгиледи. Бирок Ак үй режимдик объект деген негиз менен сот адвокаттын өтүнүчүнөн баш тартты. Андан соң адвокат Зауман мамлекеттик айыптоочудан баш тартууну сунуштап, бирок аталган өтүнүч дагы четке кагылды.

Соттолуучунун жыйынга катышкан тууганы Байыш Бараканов сот ишин толук териштирбестен эле Нарымбаевди кескенге шашты деп сынга алды:

- Бул эми карандай эле калп. Сот Данияр Нарымбаевдин күнөөсүн далилдей албай койду. Ошон үчүн сот адвокаттын келтирген өтүнүчтөрүнүн бардыгын четке кагып туруп алды. Ошентип бул сот процессин бүтүргөнгө шашып жатат. Бүгүн ал ооруп жатканына карабай, болбой эле сотко алып келишиптир. Коркмазов ооруп жатканда аны 15-20 күн күтүшкөн. Бул иштин бардыгы мурунтан пландаштырылган нерсе болуп жатат.

Коркмазов ортомчулук үчүн жаза алууга даяр

Андан ары ишти караган соттук коллегия соттолуучулар Коркмазов менен Нарымбаевге сөз берди. Коркмазов көрсөтмө берүүдөн мурун Нарымбаевдин жана анын адвокатынын суроолоруна жооп бербестигин эскертти. Ошондон соң соттолуучу Хажимурат Коркмазов башында 50 миң долларды Нарымбаевге берип, андан соң ага Түлеева экинчи ирет 100 миң долларды тапшырганда кармалган жагдай туурасында сотко төмөндөгүлөрдү айтып берди:

- Башында Айдаровдун кабинетинде мага ошону беришкен. Мен күрмөмдүн ичине салып, колтугума кысып алып, эс алуу бөлмөсүнө чейин алып баргам. Ошол жерден мен акчаны Данияр Ильичке бергем. Ал аны ачып карап, анан ары жактагы кутуга салып койгон. Андан кийин Данияр Ильич мага айткан маселе боюнча тигил үй-бүлө кайрылды. Мен адамгерчилик үчүн аларга жардам берүүнү көздөгөм. Анан эле 15-июлда мага Назгүл Түлеева чалганынан мен ага бардык маселе боюнча Айдаровго кайрыл дегем. Бирок ал көп убакыт өтпөй эле менин кеңсемдин эшигине келип калыптыр. Аңгыча эле ары жактан атайын кызматтын балдары ашып түшүп, мени ошол 100 миң менен кармашкан.

Нариман Түлеев
Нариман Түлеев

Коркмазов кармалган күнү өзүнүн карындашы аркылуу суракта ага каршы көрсөтмө бере электигин айтып, Нарымбаевге кат жөнөткөнүн билдирди. Бирок ал Нарымбаев коргоо кеңешин чакырып, маалымат каражаттары аркылуу айыптын баарын анын өзүнө жүктөй баштаганда ага каршы арыз жазганын кошумчалады.

Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев ал болгону эки ортодо ортомчулук гана кылганын айтып, мына ошол кылыгы үчүн жаза алууга даяр экенин белгиледи:

- Коркмазов аксакал киши катары чындыгын айтып жатат. Анын ортомчулугун эки тарап тең сураган. Түлеевдер дагы суранган, анан бери жактан Нарымбаев да суранган. Ортомчулук үчүн дагы жаза чарасы каралган. Кылмыш кодексинин 312-313-беренелери боюнча ортомчулук үчүн жоопко тартылат. Ошол үчүн Коркмазов өзүнүн аракети боюнча жаза алууга даяр экенин айтып жатпайбы.

Соттук териштирүүдөгү суроо-жооптордон кийин экинчи соттолуучу Данияр Нарымбаевге сөз берилди. Бирок ал саламаттыгы начар болуп турганын айтып, андан улам көрсөтмө берүүнү кийинкиге калтырууну соттон өтүндү. Ошондон кийин сот жараянды дүйшөмбү күнгө чейин жылдыруу чечимине келди.

Биринчи Май райондук соту Нарымбаев менен Коркмазовдун иши боюнча былтыр 27-ноябрда чечим чыгарган. Анда коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу деген айыптар кыскартылып, көз боёмочулук деген берене боюнча Нарымбаевди үч, ал эми Коркмазов бир жарым жылга кесилип, үй-мүлкү конфискациялансын деген чечим чыккан. Бирок Башкы прокуратура бул өкүмгө даттанып, Бишкек шаар сотуна сунуштама киргизген болчу.

XS
SM
MD
LG