Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Коркмазов менен Нарымбаевге сот өкүмү чыкты


Данияр Нарымбаев менен Хаджимурат Коркмазов. 27-ноябрь, 2015-жыл
Данияр Нарымбаев менен Хаджимурат Коркмазов. 27-ноябрь, 2015-жыл

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди үч, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовду 1,5 жылга кести.

Нарымбаев жана Коркмазов бул аралыкта күчөтүлгөн режимде абакта кармалып, үй-мүлкү мамлекеттин эсебине конфискацияланат. Мындай өкүмгө жактоочулар макул эмес. Алар жогору турган сотко кайрыларын билдиришсе, башкалары сот өтө эле жеңил өкүм чыгарганын айтышууда.

Акыркы сөз жана өкүм

Айыпталуучулардын акыркы сөзүндө Данияр Нарымбаев жана Хажимурат Коркмазов өздөрүнүн күнөөсү жок экенин айтып, соттон боштондукка чыгаруусун өтүнүштү.

Данияр Нарымбаев
Данияр Нарымбаев

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин айтуусунда, мурда иштеп турган кызматында социалдык-экономикалык маселелер боюнча элдин кайрылуусун перезидентке жеткирүү экенин белгилеп, Нариман Түлеевдин кызы да ушул негизде кайрылганын айтты. Коркмазов болсо бул иште ортомчу катары катышканын билдирип, айрым жаңы жагдайларды сот учурунда гана укканын ишендирип өттү.

Натыйжада соттун өкүмү да көпкө күттүргөн жок. Сот жараянына төрагалык кылуучу Абдыразак Боромбаев чыгарган өкүмүндө экөөнү тең күнөөлүү деп таап, бирок айыпталуучулар биринчи жолу соттолуп жатканын, экөөнүн тең балдары бар экенин жана мамлекеттик сыйлыктарын эске алып, жумшартылган чечим чыгарып жатканын белгилеп өттү:

- Назгүл Түлееванын ишенимине кирип Нарымбаев менен Коркмазов 50 миң доллар алышкан. Кийин кайрадан Коркмазов Түлеевадан 99 миң 600 долларды алып жаткан жеринен кармалды. Ушундан улам алар Түлееванын ишенимине кирип, кызмат абалынан пайдаланып акча алып жатканын эске алып, сот Нарымбаев жана Коркмазовдун айыбын “көз боёмочулук” беренесине которот.

Мамлекеттик айыптоочулар Данияр Нарымбаевди 12 жарым жылга, Хажимурат Коркмазовду 12 жылга үй-мүлктөрүн мамлекетке алуу менен эркинен ажыратууну сураган болчу. Соттун чечими чыккан соң алар азырынча өз турумун айтуудан баш тартышууда. Прокурор Медер Абдышев:

Мамлекеттик айыптоочулар
Мамлекеттик айыптоочулар

- Чечимди баарыбыз уктук, алдыда соттун чечимин колго алышыбыз керек. Ошондон кийин кандайдыр бир пикирибизди айта алабыз. Азырынча кандайдыр бир комментарий бере албайбыз, деди.

Жактоочулар доо арыз менен кайрылат

Судья Абдыразак Боромбаев алдыдагы он күндүн ичинде тараптар өкүм менен макул болбосо, шаардык сотко кайрылууга укуктуу экенин белгилеп өттү. Бул мүмкүнчүлүктү соттолуучулардын адвокаттары сөзсүз колдонорун айтышууда.

Данияр Нарымбаевдин жактоочусу Михаил Заумандын “Азаттыкка” билдиришинче, алар соттун чечимине жарым-жартылай макул болушту. Ошентсе да шаардык сотто соттолуучулар толугу менен акталышын талап кылабыз деп айтты:

- Биздин сот экөөнүн тең ишинде “опузалап акча талап кылуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелерин жокко чыгарганына сүйүнүп турабыз. Ал эми “көз боёмочулук” деген айыпты биз, албетте, шаардык сотто талашабыз. Алдыда биз өз адамдарыбызды толугу менен актоого аракет кылабыз.

Нарымбаев 3, Коркмазов 1,5 жылга кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Өтө жеңил чечимби?

Ал ортодо президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовго сот өтө эле жумшак чечим чыгарып койгонун айткандар четтен табылат. Укук коргоочу Качкын Булатов сот 100 миң доллар пара талап кылган адамдардын күнөөлөрү далилденгенине карабай, калыс чечим чыгарбай койгонун айтууда. Мындай өкүмдүн аркасы менен бийлик экөөнүн кутулуусуна жол ачып берип жатат деген Булатов, алдыда Нарымбаев менен Коркмазов акталып да кетиши мүмкүн деген божомолун кошумчалап өттү.

- Чоң суммадагы акчаны пара катары алып жатышат. Булардын күнөөсү айдан-ачык далилденди. Ошондуктан прокурор 12 жарым жыл сурап аткандан кийин андан көп берип, же ошол суранычты күчүндө калтырышы керек болчу. Акыйкаттык жок болуп калды, кичинекей кылмыш кылгандан 7-10 жылдап кесилип, ири суммада долларлап акча алгандар 1,5 жылга кесилип атышат.

Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун үй-мүлкү да тартылып алынат деп өкүм чыкканы менен 2014-жылдагы декларациясында Нарымбаев эч кандай мүлкү жок экенин көрсөткөн. Коркмазов дагы кыймылсыз мүлккө ээ эместигин декларациясына толтуруп, ага таандык Hammer жана «Мерседес Бенц С 550» унаалары бар экенин документке тиркеген. Мындан улам үй-мүлкүн тартып алуу чечими соттолуучулар үчүн таасирсиз калчудай.

Данияр Нарымбаев 2012-жылдын сентябрь айынан бери президенттик аппараттын жетекчиси катары иштеп, ушул жылдын 20-июлунда жогорудагы ишке байланыштуу кызматтан алынган.

Хажимурат Коркмазов 2010-жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “Ата-Журт” фракциясынан депутат катары келип, кийинчерээк фракциядан бөлүнүп өзүнчө депутаттык топко кирип, ушул жылдын жай айына чейин иштеген.

XS
SM
MD
LG