Нарымбаев соту - тагдыр тамашасыбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

19-октябрдагы сотто экс-депутат Хажимурат Коркмазов Нарымбаев аталган маселени чечүү үчүн Түлеевдерден 200 миң доллар сураганын айтса, Нарымбаев мунун баарын жалган деди.

Бул күндөрү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге каршы козголгон жаңырыктуу кылмыш иши каралууда.

Нарымбаев жана Жогорку Kеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазов абактагы мурдагы мэр Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнөн конфискациялануучу мүлккө байланышкан маселе оң чечилиши үчүн ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелүүдө.

Бул жараян бир жагынан Кыргызстанда соттук чечимдерге тышкы таасир бардыгын эң жогорку деңгээлде шардана кылса, экинчи жагынан соттук системанын көз карандысыздыгынын лакмус кагазы болгонго гана жарайт деген пикирлер да айтылып жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарымбаев сотунун мааниси жана тамашасы, 1-бөлүк

Президент аппаратынын соттук чечимге таасир көргөзүү үчүн пара талап кылды деп шектелген мурдагы башчысынын сот ишинен келип чыккан айрым маселелер “Азаттыктын” кезектеги “Өңүт” апталык берүүсүдө талкууланды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарымбаев сотунун мааниси жана тамашасы, 2-бөлүк