Сырдуу өлүмдүн жандырмагы изделүүдө

Медет Садыркуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты, 12-апрель, 2009-жыл

Мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча кылмыш ишинде жаңы жагдайлар пайда болду.
Из кубарлардын божомолу боюнча, президенттин иниси Жаныбек Бакиевге жакын адамдар катары саналган ошондогу коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров, мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Садыркуловго кол салуу туурасында билбей калышы күмөн саноолорду жаратат.

Мына ошондуктан аталган кылмыш ишин иликтөө тобунун жетекчиси Мелис Турганбаев аттары аталган күч түзүмдөрүнүн ошол кездеги жетекчилери алгач күбө катары суракка чакыртыла турганын айтты:

Мелис Турганбаев
- Ошол кезде күч түзүмдөрүн жана тартип коргоо органдарын жетектеген, же болбосо Ак үйдөн алардын ишин көзөмөлдөгөн мурдагы аткаминерлерге чейин жетебиз. Ошол учурлда кимдер иштеген, кандайча иштегенин териштирип жатабыз. Ошолордун бардыгы муну билип туруп унчукпай коюшкан.

Алардын бардыгын алып келип,“эмнеге билип туруп чара көргөн эмесиңер” деп сурайбыз. Алар да жооп беришет да эмне үчүн ошондой мамиле кылышканын. Бул иш боюнча А.Мадумаров болобу, же башкасы болобу, убагы келгенде суракка чакырып, ага “сиз эмне үчүн бул ишти көзөмөлгө алган эмессиз” деген сыяктуу бир топ суроолорду беребиз.


Сырдуу жагдайга жооптор

Адахан Мадумаров “24kg” маалымат агенттигине курган маегинде Садыркуловдун өлүмүн кезинде расмий маалымат булактарынан гана билгенин айтып, буга тиешеси бар адамдар сөзсүз жоопко тартылыш керектигин билдирген.

Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев учурунда аталган кылмыш ишин кадимки жол кырсыгы катары баалаган болчу. Бирок былтыркы 7-апрель окуясынан кийин аталган иш буйрутма адам өлтүрүү беренесинин негизинде кайрадан иликтене баштаган. Бул жолу Элмурза Сатыбалдиев аталган иш боюнча тергөөгө гана сурак берерин белгиледи:

Кырсыкка учураган унаа, 13-март, 2009-жыл
- Суракка чакырса барып, айтып беребиз да. Мен азыр 7-апрель окуясы боюнча соттолуп жатам. Ошондуктан бул боюнча бир нерсе дей албайм. Мен ошол окуяга азыр кандайдыр бир баа бербейм.

Ошондо Алматыдан кайтып келе жаткан Садыркулов түшкөн машинаны чек арадан негизсиз кармап, токтотуп турууга буйрук берген деген шек менен чек ара кызматынын ошол кездеги жетекчиси Замир Молдошев жакында камакка алынды. Ал кармалганга чейин өкмөттүн коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы болчу. Мындан башка чек ара кызматынын жана мамлекеттик күзөттүн бир нече кызматкери кармалганы мурда кабарланган эле.

Ачык иликтөөгө жетпеген аракет

Медет Садыркуловдун, Сергей Слепченконун жана Кубат Сулаймановдун өлүмү боюнча учурунда парламенттик комиссия түзүлүп, жыйынтыгында ишти аягына чейин тергөө органдары иликтесин деген бүтүмгө келген.

Аталган парламенттик комиссиянын төрагасы Рашид Тагаев кылмыш ишин ачык-айкын иликтөөгө ошол учурдагы бийлик тоскоол болгонун жашырган жок:

Садыркуловду акыркы сапарга узатуу, 12-апрель, 2009-жыл
- Биздин комиссия формалдуу түрдө түзүлгөнү менен чындыгында иштеген жок. Себеби биринчи ишти баштаганда эле бизге тоскоолдуктар болуп, натыйжалуу иштегенге мүмкүнчүлүк болгон жок. Биз чакырсак да көрсөтмө ала турган адамдар келбей коюшту.

Биз бир-эки депутат болуп, кылмыш болгон жерге барганда эле мен бул жөн эле жол кырсыгы эмес экенин жана мындай кандайдыр бир таза эмес жагдайлар бар экенин байкагам.


Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кылмышты билип туруп жашыруу үчүн жоопкерчилик каралган. Эгерде жогоруда аттары аталган адамдардын ал кылмыш туурасында алдын ала билгендиги аныкталса, аларга карата кылмыш иши козголушу мүмкүн экендиги айтылды.

Мындан сырткары буйрутма адам өлтүрүү фактысын бурмалап, кылмыш ишин жөнөкөй жол кырсыгы катары тергеп-иликтеген кызматкерлер да жоопко тартылары белгиленди.