Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Э. Байсалов: М. Конгантиев - маанилүү күбө


Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин 400 чамалаш жактоочулары 26-апрелден тарта Ош-Бишкек кан жолунун Бүргөндү-Майлы-Суу жолунун ортосун тосуп жатышат. Алар Убактылуу бийликтен М.Конгантиевди бошотууну талап кылып жатышат. Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов “Азаттыкка” М. Конгантиевдин абдан маанилүү күбө экенин белгилеп, анын акыркы беш жыл ичинде болгон чуулгандуу кылмыштардын бетин ачуу үчүн зарыл маалыматтарды айтып бериши керек экенин билдирди.

“Азаттык”: Конгантиевге байланышкан маселе кандай чечилип атат?

Эдил Байсалов: Молдомуса Конгантиев бул 7-апрелдеги окуя боюнча гана эмес, бул абдан маанилүү күбө. Ички иштер министрлигинин башчысы, ага чейин Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы катары Молдомуса Конгантиев акыркы беш жылдын ичинде эң чуулгандуу кылмыштардын бардыгын катышуучу эмес, тергөөчү катары билет. Ошондуктан, албетте, өлкөбүздө акыйкат болсун десек Молдомуса Конгантиев акыркы беш жыл боюнча кандай маалыматы бар болсо, анын баарын мамлекеттик органдарга, элге жеткизүүгө милдеттүү. Шарттуу түрдө муну жарандык милдет десек дагы болот.

“Азаттык”: Конгантиевдин тарапкерлери анын бошотулуп кайтарылып берилүүсүн талап кылып жатпайбы?

Эдил Байсалов: Мисалы, башынан эле айтсак Жалал-Абадда 2005-жылы март айында кандай кырдаалда Улуттук Банктан 25 млн сом жок болгон. Андан кийинкилерди айтсак, канча журналисттер, канча саясатчылар жок болуп кетти. Аларга кол көтөрүп ким сабады, кайсы жак уюштурду, бул жөнүндө да маалымат айтып бериш керек. Мисалы Садыркулов менен Слепченконун өлүмү боюнча да маалымат айтып бериш керек. Буюртма өлтүрүүнү авария болду деп туруп ишти бүтүргөн ушул Молдомуса Конгантиев. Анан кантип эле бул кишини биз жөн эле жоопко тартылбасын деп тим коебуз. Болбойт, акыйкаттык болуш керек. Бул үчүн ким жооп берет, жооп бериши керек. Муну күнөөлүү деп эч ким айткан жок. Бирок тергөөгө жардам бере ала турган маалыматтарды милдеттүү түрдө айтып бериши керек.

“Азаттык”: Жол тосуп тургандарга өкмөт мүчөлөүнүн бирөөсү барабы?

Эдил Байсалов: Эми жол тосмой оюнду бардыгыбыз билебиз, мамлекетти коркутуп-үркүтүп, анан тууганчылыкка салып, айылдаштарды чыгармай, мунун бардыгы боло берет. Бирок жанагы мен айтып кеткен бир канча кылмыштардын ичинде жанагы эле Садыркулов, Шаботоев, дагы башка бир канча ондогон адамдардын туугандары бар. 7-апрелдеги 85 адамдын аттарын атабай эле коеюн, алардын дагы миңдеген жүз миңдеген жактоочулары, туугандары бар. Ошондуктан Молдомуса Конгантиевдин туугандары мамлекетти, жалпы кыргыз элин коркутпай эле коюшсун. Акыйкаттык болуш керек, мыйзам болуш керек, мыйзамдуулукту сакташыбыз керек. Бул Молдомуса Конгантиевдин иши эмес, бул жалпы кыргызда мыйзамдын алдында бардыгыбыз жооп беребизби же жооп бербейбизби деген чоң суроо. Бул мамлекеттик маселе, эң негизгиси биз акыйкаттыкка жетишибиз керек.

“Азаттык”: Жаныш Бакиевдин дайын-дареги боюнча кабар жокпу, эмне болуп атат?

Эдил Байсалов: Жок, бул жөнүндө эч кандай маалыматым жок.

XS
SM
MD
LG