Сүрөткер Жекшенбаев тартылган тасма Австрияда

Шайлоо Жекшенбаевдин апрель окуясына арналган көргөзмөсүндөгү сүрөт. 2010-жыл

22-25-мартта Австрияда Кыргызстанда тартылган "Kleine Perestrojka" деген даректүү фильмдин премьерасы өтөт.
Бул күндөрү Австрияда Кыргызстанда тартылган "Kleine Perestrojka" (Кичинекей Перестройка) деген даректүү тасманын премьерасы өтүүдө. Грац шаарындагы Диагонале кинофестивалына тандалып алынган 90 мүнөттүк тасмада режиссер Бернхард Пөтчер Кыргызстандагы апрел төңкөрүшү, июнь коогасын сүрөткер-фотограф Шайлоо Жекшенбаевдин көзү менен чагылдырат.

Австрияга баратканда Шайлоо Жекшенбаев "Азаттыктын" Прагадагы студиясында "Сыябандын" сыйлуу коногу болду.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз сүрөткери австриялык тасмада



Шайлоо Жекшенбаев кесиби архитектор. Венада буга чейин да сүрөттөрү коюлган, бир ирет жеке өзүнүн көргөзмөсү өткөн. Сүрөткер 2010-жылдагы апрел окуяларына өзү күбө болуп, андан кийинки күндөрдү сүрөткө түшүргөн. Ал сүрөттөрдүн максаты - Бишкектеги 80ден ашык киши набыт болуп, бийлик алмашкан кездеги маанайды чагылдыруу.

Жекшенбаевдин апрел окуясы боюнча 2010-жылдагы көргөзмөдө коюлган сүрөттөрүн бул жерден көрүңүз: http://www.azattyk.org/media/soundslide/2124608.html