Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Апрель ыңкылабынын табышмагы изделүүдө


Ак үйдү көздөй келаткан демонстранттар. Бишкек, 2010-жылдын 7-апрели.
Ак үйдү көздөй келаткан демонстранттар. Бишкек, 2010-жылдын 7-апрели.

Кыргызстанда окумуштуулар, илимий интеллигенция өкүлдөрү былтыркы апрель окуяларына илимий аныктама берүүгө аракет жасашууда.

Апрель окуясы жаштардын күчү менен ишке ашкан социалдык ыңкылап болгон. Мындай пикир 19-мартта Бишкектеги Тарых музейинде өткөн Апрель ыңкылабынын бир жылдыгына арналган илимий жыйында айтылды. Ошол эле кезде интеллигенция өкүлдөрүнө карата да сын-пикирлер айтылып жатат.

Президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев ушу тапта Кыргызстанда жүрүп жаткан тарыхый окуяларга илимий жактан баа берилбей жаткандыгын белгилөөдө. Окумуштуулар жана интеллигенция өкүлдөрү бул жаатта иш жүргүзүүдө аксап жаткандыгын айтты.


- Болуп жаткан окуяларга объективдүү илимий түрдө талкуу жана көз караш эмдигиче жок чынын айтканда. Биз азыр кыргызча чыккан гезит болобу, орусча чыккан гезит болобу, ошолорго гана негизденип, турмуштук ой-жүгүртүү, турмуштук кабыл алуу менен гана жашап келатабыз. Тигиндей, мындай болуп жатат, бийлик үчүн тиги күрөшүп жатат, ал кетти , бийлик үчүн минтип күрөштү, ал тигини жаман көрөт экен деген гана саясий оюндардын арасында келатабыз.

Кыргызстан жана ыңкылаптын дүйнөлүк теориясы

Анткен менен беш жыл аралыгында эки ирет болуп өткөн Кыргызстандагы ыңкылапка илимий негизде иликтөө аракеттери жандана баштаганы байкалат. Конференциянын катышуучусу, саясат таануучу Марат Казакпаев апрел окуясын социалдык ыңкылап деп атоодо. Ошондой эле бул ыңкылап жаштардын күчү менен ишке ашты деп эсептейт.

- Бул революция баарыбыз билгендей эле, социалдык революция. Коррупциялык иштер жана шайлоолордун жыйынтыгын бурмалоолор болду. Ошондой эле революцияга кандай себептер түрткү болду деген суроого келсек, мында эл кыйналып турганына карабай, социалдык тарифтердин көтөрүлүшү болду. Кыргызда айтат эмеспи, элди кыйнаба депчи. Эл абдан кыйналып, өзү көтөрүлдү.

Кыргызстанда 2010-жылы социалдык ыңкылап болду дегенге Улуттук илимдер академиясынын методология жана социалдык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Нурбек Өмүралиев да кошулат. Ошондой эле ал Кыргызстандагы окуялар ыңкылаптын дүйнөлүк теориясына өз салымын кошкондугун айтууда.

- Башка мамлекеттер негизинен биздеги окуяларга терс баа беришет. Албетте бул эми алардын геосаясий кызыкчылыктарына жараша болот. Экинчиден, дүйнөдө революцияга улуу калктар катышат деген түшүнүк калыптанган. Ал эми биздин кыргызга окшогон майда калктар даяр нерсени гана алышат, же болбосо мурда башка эл тарабынан ишке ашкан революцияларды гана кайталайт дегендер да бар. Бирок бизде болгон эки ыңкылап кыргыз эли да дүйнөлүк социалдык революцияга татыктуу салым кошо аларын көрсөттү. Себеби, эки революцияда тең негизинен башка өлкөлөрдөй болуп аскер күчтөрү колдонулган жок. Ошондой эле биздин революциялар азыркы учурда Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада болуп жаткан революцияларга түрткү берди.

Илимий баа берүүгө али эртеби?

“Апрел баатырлары” коомдук уюмунун төрагасы Туруcбек Сагынаев Апрель ыңкылабын максатына толук жеткирбей туруп, ага илимий аныктама берүү аракетин калпыстык катары баалоодо:

- Коррупцияны жоготуп, сот жообуна тартып, чечкиндүү чараларды колдонсок, ошондо ыңкылап максатына жетти деп эсептелмек. Чечкиндүү кадамдарды жасап, сот жообуна тарта алган жокпуз. Көп объектилерди улутташтыра алган жокпуз. Бул иштердин баары жай жүрдү. Ошол иштерди биринчи ишке ашырып туруп, бүгүнкүдөй илимий жыйын өткөргөндө, ыңкылапка илимий баа берүүнүн бийик чеги болмок.

Кыргызстандагы ыңкылаптардын табиятына дүйнө элинин да кызыгуусу жаралып келет. Андыктан көп өлкөлөр жана окумуштуулар Кыргызстанда болуп жаткан тарыхый окуяларга кызыгуу менен байкоо салып жаткандыгы айтылууда.

Германиянын жараны, Бишкектеги Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана мурастар институтунун кызматкери, кесиби боюнча тарыхчы Волфред Фридхельм Кыргызстанда болгон эки ыңкылапты тең көргөндүгүн, бирок айрым бир суроолорго жооп таба албай келатканын “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

- Мен Бишкекте тогуз жылдан бери жашайм. Бул жылдар аралыгында 2005-жылы мартта жана 2010-жылы апрелде болгон окуялардын күбөсү болдум. Албетте мен окуяларга байкоо жүргүзөм, гезиттерди окуйм жана адамдар менен пикир алышып турам. Бүгүнкү илимий жыйында өткөн жылы эмне болгону боюнча жаңы көз караштар айтылабы деп, кошумча маалымат алганы келдим. Маселен, апрель окуясында эмне үчүн милийса элдин алдына абдан күчтүү куралданып чыкты? Бул мага такыр түшүнүксүз. Жооп алгым келген башка да суроолорум бар.

Интеллигенциянын айыбы

Илимий жыйында интеллигенция өкүлдөрүнө, окумуштууларга карата да сын-пикирлер айтылды. Илимий жыйналыштын коногу, БЭК партиясынын уюштуруучусу Азимбек Бекназаров Кыргызстан башынан кечирген эки ыңкылаптын болушуна интеллигенциянын да күнөөсү бар деп эсептейт. Анткени, интеллигенция өкүлдөрү бийликтин кетирген каталарын учурунда айтпай, көшөкөр мамиле кылып келген:

- Акаевдин жана Бакиевдин үй-бүлөсү башкарганы чын, туура эмес менчиктештирип, тигини, муну ээлеп алгандары туптуура. Бирок дагы бир нерсени айтпай жатабыз. Ошол маданият менен илимди алып жүргөн интеллигенциянын да ушул революциянын болуп кетишине, дегеле кыргыз интеллигенциясынын кандайдыр бир кемчилиги, күнөөсү барбы деген суроону айтпай жатабыз. Окумуштуулар сиздерге айтарым, ушуну да изилдеп көрсөңүздөр.

Кыргызстанда болгон эки ыңкылапка буга чейин укуктук жана саясий баа берилип келген. Акыркы кездери ал окуяларга илимий-теориялык жактан аныктама берүү аракеттери көрүлүп жаткансыйт. Айрым окумуштуулар жана саясатчылар Кыргызстанда болуп жаткан саясий жараяндар дүйнөлүк мааниге ээ экенин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG