Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Р.Отунбаева: Элге кызмат кылган милиция керек


Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева 3-майда Милиция Академиясында тартип коргоо кызматкерлери менен жолугуп, ички иштер тармагында боло турган реформалар жөнүндө сөз айтты.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жолугушууну 7-апрелде Ак үй алдында окко учкан эки курсантты эскерүү менен баштады. Жолугушууда апрель ыңкылабынын келип чыгыш себептери, Конституциянын өзгөртүлүшү тууралуу айтып, Убактылуу өкмөттүн алдындагы иш-аракеттерине токтолду.

Р.Отунбаева Кыргызстанда социалдык-экономикалык эле эмес, жалпы укуктар басмырланып жана Бакиев бийлигинин акыркы чечимдеринин бири - тарифтердин көтөрүлүшү 7-апрель окуясына алып келгенин белгиледи. Ал Конституциянын жаңы долбоору боюнча Кыргызстан парламенттик өлкө болорун айтты:

- Парламенттик башкаруу системасы түрдүү пикирлерди жаратууда. Биз эки президенттик башкарууну башыбыздан кечирдик. 2003-жылдан бери президенттик башкаруу формасы үй-бүлөлүк, катуу авторитардык башкарууга алып келди. Бул ирет президенттин укуктары парламенттин бийлигине караганда жетишерлик деңгээлде кыскартылды.

Р.Отунбаева айрымдар Конституциялык Сотту калыбына келтирүү сунушун көтөрүп жатканын белгилеп, ал жыйырма жылдык ишмердүүлүгүндө Баш мыйзамды бир нече ирет өзгөрүүгө жол берип, ишеничти актаган жок деген оюн айтты. Анын айтымында, Конституциялык Сот Жогорку Соттун ичинде бир бөлүм катары ишин улантат. Мындан сырткары ички иштер тармагында олуттуу реформа жүргүзүлүшү керек, милиция эми полиция болуп түзүлөт, эмгек акылары көбөйтүлөт.

- Мен Орусияда тартип коргоо органдарына кандай реформа жүргүзүлүп жаткандыгын абдан көңүл коюп иликтеп көрдүм. Бир жылдай ушул багытта басылмаларын карадым. И.Исаков түрмөдө отурганда да Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынынын абалын ичинен сезип, көрүп турган адам катары бир топ материалдарды жөнөтүп аттым. Милиция азыр кандай абалда болсо, ошо менен жашоого да мүмкүн эле. Бирок милицияга келген ар бири элине, мекенине кызмат кылгандай, кыйын учурда элине жакын болгондой, өздөрү да кадыр-барктуу мамилени талап кылгандай кылып реформалоо зарыл,-деди Роза Отунбаева.

Жолугушуу учурунда шайлоо, жалпы эле билим берүү системасына жүргүзүлчү реформалар жаатында суроолор берилди. Милициянын подполковниги Алтынай Көлбаева соттордун кол тийбестигин алуу сунушун билдирди:

- Президенттин, депутаттардын кол тийбестиги алынгандан кийин соттордун да кол тийбестиги алынышы керек. Анткени мыйзамда "мыйзам алдында баары бирдей укукка ээ" деп жазылып турат.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев тартип коргоо органдары элге жакын болгондо гана чыныгы реформа болот деген пикирде:

- Бүт бийликтин бардыгы эле реформа керек деп айта берет. Жергиликтүү бийлик менен милиция тыгыз иштегенде гана чоң реформа болот. Ага убакыт керек жана көп нерсе ИИМ жетекчисине да байланыштуу.

Р.Отунбаева мына ушундай сунуштар үчүн конституциялык кеңешме ачык экенин айтып, келечекте таза, акыйкат шайлоо болот деп ишендирди.

XS
SM
MD
LG