Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Апта: Конституция долбоору, атайын кызматтын апрель калабасындагы ролу


Убактылуу өкмөт Конституциянын долбооруна добуш берүүдө. 2010-жылдын 26-апрели.
Убактылуу өкмөт Конституциянын долбооруна добуш берүүдө. 2010-жылдын 26-апрели.

Конституциянын жаңы долбоору жарыяланды. Укук коргоочулар апрель окуяларына атайын кызматтардын тиешеси бардыгын билдирди. Убактылуу өкмөттө ич ара күрөш күчөдү. Алар шайлоого бир команда катары бааруну чечпесе, карама-каршылык күчөшү мүмкүндүгү айтылууда.


Конституциянын долбоорунда эмне өзгөрүү бар?


26-апрелде Убактылуу өкмөт Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча долбоорун жарыялады. Долбоордо президенттин ыйгарым укуктары бир топ кыскартылып, кыскартылган ыйгарым-укуктар парламентке жана өкмөткө берилген.

Маселен, жаңы долбоордо президент мурдагыдай каалагандай мамлекеттик жаңы органдарды түзө албайт, өкмөттүн мүчөлөрүн премьер-министрдин сунушу менен гана кызматтан ала алат, Борбордук органдардын жетекчилигин дайындоо жана кызматтан алууда да президенттин ыйгарым-укуктары чектелген. Ошондой эле ал бир гана мөөнөткө беш жылга шайлана алат.

Ошол эле мезгилде өкмөттү түзүүдө, финансы-экономикалык, чарбалык маселелерде премьер-министрдин ролу күчөтүлгөн.

Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен түзүлүп, анын курамы 105 же 120 депутаттан турары белгиленүүдө.

Бул долбоор кабыл алынса, Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу системасы орноору жана оппозиция (азыр бийлик) мурда убада кылгандай таза парламенттик башкаруу системасы болбой калаары айтылууда.

Ошол эле мезгилде кыргыз коомчулугунда күчтүү президент жана күчтүү парламентти бар бийлик системасын түзүү демилгеси да көтөрүлүүдө.

Маселен, “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу:

- Депутаттарды да эл шайлайт. Президентти да эл шайлайт. Ошондуктан жыйырма жыл мурун айтылган сунушубузду кайталап жатабыз. Өкмөттү эл шайлаган президент башкарыш керек. Аскар Акаев да күнөөнү сезбей үч мөөнөт президент болду, үч мөөнөттө 13 премьер-министрди алмаштырды, мына ушулар күнөөлүү мен эмес деп, Курманбек Бакиев беш жыл президент болуп туруп жети-сегиз премьер-министрди алмаштырды. Мен жакшымын премьер-министр жаман деп. Ошондуктан шайланган президент өкмөттү башкарса, иштей албадыбы өкмөтү менен кошо өзү кетиш керек.

Кошмо Штаттардагыдай президент аткаруу бийлигинин башында турган, ал эми финансылык маселелерди Жогорку Кеңеш аркылуу гана чече турган бийлик системасын Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков 2008-жылдын соңунда сунуш кылган. Анда ошондой эле сотторду шайлоо, апелляциялык сотту түзүү жагы да каралган.

Мындай бийлик системасын камтыган Исмаил Исаковдун долбоору жакын арада жарыяланып калышы да ыктымал.

Кыргызстанда таза парламенттик системасын түзүү азыркы мезгилде тышкы жана ички жагдайга байланыштуу проблемалуу болуп турат. Биринчиден, Кыргызстан күчтүү президенттик бийлиги бар өлкөлөр менен кызматташта. Алар менен бир нече уюмдарга бириккен. Ал уюмдардын жыйынында “Англия ханышасындай” бийлиги бар президентти башкалар теңине алаары күмөн. ШКУ, ЖККУ, КМШ жана башка уюмдарга мүчө мамлекеттердин президенттеринин жыйынына бизден өкмөт башчы бара албайт...

Экинчиден, баш-аламандыгы жана бөлүнүп-жарылуучулугу күчтүү турган Кыргызстан үчүн президент, өкмөт башчы жана парламентке жоопкерчиликти, бийликти бөлүштүрүү туура кадамдай...

Муну Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да баамдап, Конституциянын долбоорун аралаш башкаруу системасына жакындаштырышкан.

Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнүн негизги авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев максат тең салмактуу бийлик системасын куруу экенин билдирди:

- Бир да партия парламентте 55 орундан ашык албайт деп чечтик. Кайсы бир партия “Ак жолго” окшоп 90% добуш алса да 55тен ашпайт. Ашкан орундарды оппозициялык азчылык партияга бөлүп берүү каралган. Оппозицияга мамлекеттик кээ бир кызматтарды бериш керек деп эсептейбиз. Мисалы, Эсеп палатасынын бир бөлүгүн оппозиция дайындаш керек. Ошондо оппозиция бийликти реалдуу көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүк алат. Андан башка дагы бир топ мамлекеттик кызматтар, укук коргоо органдарын көзөмөлдөөчү комитеттин жетекчилиги, бюджетти жана салыкты көзөмөлдөөчү комитеттин жетектичиси дагы оппозициядан болсо, оппозициянын баркын көтөрүп, алардын мүмкүнчүлүгүн арттырат. Ошондой негизде таразаны бир жакка оодурбаган тең салмак система куралы деп жатабыз.

Убактылуу өкмөт сунуштаган долбоордун үстүнөн иштөө үчүн 75 кишиден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Долбоор июнь айында референдумга коюлушу белгиленген.

Апрель окуяларындагы атайын кызматтардын ролу...

6-7-8-апрелдеги окуяларды иликтөө боюнча Кыргызстан укук коргоочулары түзгөн көз карандысыз комиссия иликтөөсүнүн алдын-ала корутундусун жарыялады.

Комиссияны белгилүү укук коргоочулар Азиза Абдырасулова жана Төлөкан Исмаилова жетектеген. Алар апрель окуяларын уюштурууда атайын кызматтардын ролу абдан чоң болгонун, дал ушул кызмат демонстранттардын колуна курал тийүүсүнө алып келгенин белгилеп жатышат.

Бул тууралуу Азиза Абдырасулова буларды айтты:

- “Форумдун” алдына Улуттук коопсуздук кызматына тиешелүү болгон курал-жарак кантип келип калды деген суроо болуп жатат. Биз ошону иликтегиле деп Убактылуу өкмөткө кайрылып жатабыз. Мамлекеттик, эл аралык деңгээлде комиссия түзгүлө деп жатабыз. Кандай себептен элдин колуна бул курал түшүп калды. Ким тараптан чагым жасалды? Эл колуна курал алып Ак үйдү көздөй басышына жана Акүй тараптан ок атылышан ким кызыкдар болду деген суроо болуп жатат?

Азыркы мезгилде, атайын кызматтар куралды кандай максатта демонстранттарга таштап кеткенин аныктоо иши турат.

Курал таштап кетүүнүн үч себеби болушу мүмкүн. Биринчиден, ал демонстранттар куралданып, өкмөт үйүнө кол салды деп, мына ошондон кийин аларга катуу жаза колдонуу максатында мурдагы бийлик жетекчилиги чагым максатында уюштуруусу мүмкүн.

Экинчиден, Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна, коррупция жана Гуревич сыяктуу көз боемочулардын Кыргызстанды каптап кетүүсүнө каршы болгон Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери демонстранттарды атайын куралдантып, ошону менен бийликтин кандай жол менен болбосун өзгөрүүсүнө жетишүү максатын көздөгөнү мүмкүн.

Үчунчүдөн, Кыргызстанга таасири күчтүү башка өлкөнүн атайын кызматы Курманбек Бакиевдин сөзгө турбагандыгын ушул жол менен жазалоону тандап, ишке ашыруусу ыктымал.

Бул божомолдун кайсы бири чындык экени УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду жана башка маанилүү күбөлөрдү суроодон кийин аныкталышы мүмкүн.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Субаналиев да 7-апрелдеги окуяда демонстранттардын куралдануусуна атайын кызматтар тиешеси бардыгын билдирген:

-Негизи жанагы жерге (Форумга) УКМКа кызматкерлери келгенин баары билет. Милиция да айтып жатат. Милиция курал-жарагы жок барган (дүрмөтсүз). Анткени балдар бири-бирин жакшы билишет. Анан ошол жерде чагымдын классикалык үлгүсү болду бийлик тараптан уюштурулган. Анткени курал-жарактар ташталып кеткенден кийин жаш балдар көп нерсени түшүнбөй, курал-жарак менен жылгандан кийин, булар куралдуу козголоң уюштурду деп, аларга карата күч колдонушат. Мен генерал катары мына ушуга көбүрөөк басым жасап жатам.

7-апрелдеги окуяны эл аралык комиссия түзүлүп иликтенүүсүн Курманбек Бакиев да жактаган.

Талдоочулардын пикиринде, эгерде комиссиялардын иликтөөсүндө 7-апрелде өкмөт үйүнө куралдуу адамдардын кол салуусу аныкталса, анда башка жагдай түзүлүшү ыктымал.

Убактылүү өкмөттүн өкүлү Эдил Байсалов 7-апрелдеги окуяны иликтөө үчүн эл аралык комиссия түзүү жеңил эместигин атады:

- Дүйнөлүк баш калаалар менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бул оңой нерсе эмес экен. Анткени БУУда 200 өлкө бар. Ошонун баары менен тил табышыбыз керек экен. Өзгөчө Коопсуздук кеңеш деген бар. Ал жерде беш өлкө туруктуу мүчө. Ошол ар бирөөсү менен биз сүйлөшүүлөр жүргүзүшүбүз керек экен.

Убактылуу өкмөттөгү кармаш

Убактылуу өкмөт демекчи ал өзүнүн жыйындарын ачык өткөрө баштады. Бул анын ичиндеги карама-каршылыктарды ого бетер кашкайтып көргөзүүдө.

Албетте, бир канча саясий партия лидерлеринен түзүлгөн өкмөт ичинде карама-каршылыктар болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгерде Убактылуу өкмөт мүчөлөрү шайлоого бир команда катары бааруну чечпесе, анда карама-каршылык андан ары күчөшү ыктымал.

Карама-каршылык кадр дайындоолордо, каражат пайдаланууларда ачык байкалууда. Кадр дайындоодогу акыркы карама-каршылык Улуттук банктын жаңы жетекчисин дайындоодо көрүндү.

Ал эми каражат бөлүштүрүүдөгү түрдүү көз караштар 30-апрелде өкмөттүн жыйынында байкалды.

Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө караганда, ал алты млрд. сомдой каражат тапкан. Аны күч структуралынын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү, дыйкандарга насыя берүү жана жолдорду оңдоого жумшоону көздөп жатат. Бул маселе өкмөттө чечилүүгө тийиш.

Ошол эле мезгилде каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев апрель айында бюджеттин таңсыктыгы 1 млрд сом, ал эми майда 2 млрд. сом болоорун айтууда.

Анда Атамбаев айткан 6 млрд. сом кайдан чыкты деген суроо туулат? Ошол эле Атамбаевдин сөзүнө караганда, бул каражат орус тарап 2009-жылы Кыргызстанга берген 300 млн. доллар насыянын бир бөлүгү экен.

Негизи бул каражат Кыргызстанда ишкер долбоорлорду колдоо үчүн алынганы белгилүү.

Максим Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү бул каражатты бир жыл боюнча биржаларда чайкоочулук үчүн пайдаланса, Убактылуу өкмөттүн айрым жетекчилери шайлоо алдында социалдык багытка жумшоону көздөгөндөй...
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG