Кыргызстан шайлоону качан өткөрөт?

Кыргызстанда күздө өтчү президенттик шайлоонун күнү талкууга алынууда.

Жогорку Кеңештеги айрым фракция мүчөлөрү президенттик шайлоо мыйзамга ылайык август айында өтүшү керек дешсе, бийлик өкүлдөрү бул пикирлерди саясий кырдаалды курчутуу үчүн жасалып жаткан аракет катары баалашууда. Парламенттеги дагы бир фракция шайлоону октябрь айында өткөрүүнү сунуштап жатат.

Талкууга Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алманбет Шыкмаматов жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов катышты.

“Азаттык”: Алманбет мырза, Кыргызстан эли президенттик шайлоо күзүндө өтөт деп кулак түрүп жатканда сиздердин фракция шайлоо мыйзам боюнча август айында өтүш керектигин айтып чыктыңыздар. Буга эмне себеп болууда?

Алманбет Шыкмаматов: Биздин антип айтып чыгышыбызга Конституция – мыйзамдын жогорку күчүн камсыз кылуу деген принциптерге таянуу себеп болууда.

Биз демократиясы өнүккөн мамлекеттерге уят болбой, өлкөнүн тагдыры чечилип жаткан саясий иш-чараны мыйзам чегинде өткөрүп алалы деп жатабыз.

11-декабрь, 2016-жыл

Конституциянын 61-беренесине ылайык, императивдик белги деп коет, ал башкача талкууланбашы керек. Анда Кыргыз Республикасынын президенти алты жылга шайланат деп турат. Азыркы иштеп жаткан президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык мөөнөтү 2017-жылдын 1-декабрында бүтөт. 2-декабрдан баштап анын президент болуп иштөөгө акысы жок. Дагы эле отура берсе бийликти басып алуу, кармап отуруу деген кинелер атаандаштар, эл аралык коомчулук тарабынан да коюлуп калат.

Эгер биз президенттик шайлоону 19-ноябрда өткөрсөк, алдыда дагы 53 күн керек болот. Ага ылайык келтирели десек анда президент кийинки жылдын 22-январына чейин отуруп калып жатпайбы.

“Азаттык”: Анда эмне үчүн мыйзамда президенттик шайлоо ноябрдын үчүнчү жекшембисинде өтөт деп турат?

Шайлоонун биринчи, экинчи туру, бюллетендерди саноо, соттошуулар болуп калышы мүмкүн, ант берүү аземи ж.б. маселелер кирет. Ошонун баарын эсептегенде август айында өткөрүү туура болот.

Алманбет Шыкмаматов: Ал мыйзам туура эмес жазылып калган. Эгер Кыргыз Республикасында мыйзамдар Конституцияга каршы келсе, аларды шайкеш келтирүү керек. Аны оңдоп коюу парламенттин милдети. Эгер убагында оңдоп койбосок кийин чатактарга, соттошууларга алып келет.

“Азаттык”: КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге менен чыгып жатканы айтылды. Анда шайлоо күнүн октябрь айынын үчүнчү жекшембисине которууну сунуштап жатыптыр. Муну кандай түшүнсөк болот?

Алманбет Шыкмаматов: Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов биздин пикирге макул. Ошондуктан ал депутат Иса Өмүркулов президенттик шайлоонун мөөнөтүн 15-октябрга сунуштап жатат деп айтты. Иса Шейшенкулович бул мыйзам долбоорун өткөн жылдын декабрында парламенттин кароосуна киргизип, ушул жылдын февраль айында чакыртып алган.

Биз айтып жаткан август айында өткөрөлү деген сунуш кайдан келип чыкты? Президент 1-декабрда жумушка кириши үчүн 80 күн артка санашыбыз керек. Ал убакыттын ичине шайлоонун биринчи, экинчи туру, бюллетендерди саноо, соттошуулар болуп калышы мүмкүн, ант берүү аземи ж.б. маселелер кирет. Ошонун баарын эсептегенде август айында өткөрүү туура болот.

“Азаттык”: Назарали мырза, президенттик шайлоонун эрежелери конституциялык мыйзам менен аныкталат деп жүрөт. Аны кабыл алуунун жобосу кандай, башка мыйзамдарды кабыл алуу менен айырмасы барбы? Эгер өзгөртө турган болсо шайлоого чейин жетише алабызбы?

Эки тарап болуп тиреше бербей, парламент тез аранын ичинде карап, кабыл алып берсе, али да убакыт бар, августпу, сентябрь, октябрбы баарын өз убагында өткөрүп алууга жетишебиз.

Назарали Арипов: Конституциялык мыйзамдар Жогорку Кеңештин 80 пайыздан ашык добушу менен кабыл алынышы керек. Ал Конституциядан кийинки мыйзамдар десек болот. Жөнөкөй мыйзамдар болсо депутаттардын көпчүлүк добуш менен кабыл алына берет.

2011-жылы мен дагы парламентте депутат элем, ошондо ушул мыйзамды кабыл алып жатканда катачылыкка жол бергенибизди моюнубузга алышыбыз керек. Эми бул маселени саясатташтырбай эле чечип койсо болмок. Кызык жери суроону “атамекенчилер” эмес, башка бирөө көтөргөндө кадыресе кабыл алынмак. Азыр эки тарап болуп тиреше бербей, парламент тез аранын ичинде карап, кабыл алып берсе, али да убакыт бар, августпу, сентябрь, октябрбы баарын өз убагында өткөрүп алууга жетишебиз.

... Бизде мурдагы жылдарга салыштырмалуу шайлоо системасы өзгөрүүдө, бул жагынан көп мамлекеттерден алдыга кеттик, автоматташтырылган урнага жеттик. Бирок биздеги чоң көйгөй шайлоочулардын тизмеси болууда. Дагы бир көйгөй добушту сатып алмай, административдик ресурстарды пайдалануу барабар кетүүдө. Булардан кутулушубуз керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.