Адвокаттын коопсуздугуна ким жоопкер?

Адвокаттарды колдогон митингден бир көрүнүш, 21-октябрь, 2010-жыл

“Фридом Хаус” уюму Ош облустук сотунда аялдар тобунун эки адвокатка кол салышын айыптады.
Адвокаттар Динара Медетова менен Кубан Жороевди сот жүрүп жаткан чакта "силер өзбек улутундагы Махамад Бизуруковдун укугун коргоп жатасыңар" деп бир нече аял чабуул койгону айтылган болчу. Сотто жабырлануучу тарап болгондор “биз эч кимди сабаган эмеспиз” деп жатышат.

Сабалды делген адвокаттардын бири Динара Медетова окуя боюнча милицияга арыз жазып кайрылган эмес. "Анткени бул иш баары бир иликтенип, жыйынтыгы чыкпайт" деген адвокат алар коргоп жаткан Бизуруковдун иши боюнча сот иштеринде буга чейин да адвокаттар бир нече жолу сабалганын айтты:

- Мен арыз жазган жокмун. Анткени мага чейин таяк жегендердин арызы азыр каралбай, шаардык милицияда жана прокуратурада жатат. Ошол эле соттун өзүндө канча жолу катышуучуларга, соттолуучуга, анын адвокаттарына кол салуу болду, аны эч ким караган жок. Соттолуучунун үйүнө барып апасын урушкан, боюнда бар эжесин сабап салышкан. Апасы башынан жаракат алып, эжесинин боюнан түшкөн. Сот залына баклажкаларга бензин алып кирип, өрттөйбүз деп соттолуучуга чачышкан. Бир жолу кислота алып келип, чачып жеберишип, дагы жакшы тийбей калган.

Июнь коогалаңы боюнча соттон бир көрүнүш, 15-декабрь, 2010-жыл

Ош облустук сотунда 20-августта каралган процесс өзбек тектүү Махамад Бизуруковдун үстүнөн болуп жатат. Ал 2010-жылкы июнь окуясында Алмаз Аскаров аттуу жаранды өлтүргөн деп айыпталууда. Андан бери сот процесси 2 жолу Жогорку Сотко чейин барып, кайра кайтарылган. 50 соттук процесстин ичинде эки тараптан тең 3-4 жолудан адвокаттар алмашкан. Соңкусунда минтип айыпталуучунун эки адвокаты Динара Медетова менен Кубан Жороев сабалып отурат. Жактоочулар алар коргоп жаткан адам өзбек улутунда болуп жатканы үчүн ушул окуялар кайталанып жатканын айтышат.

Бул чатак үчүн милиция кызматкерлеринин кайдыгерлиги да айыптуу дейт жактоочу Медетова:

- Сот учурунда 15тей милиция барды, бирок бир да кызматкер залдын ичине кирген жок. Биздин коопсуздугубузду камсыздамак турсун, өздөрүн араң алып жүрүшөт. Алар көрсөтмө сыяктуу болуп туруп алышты. Процесс болуп аткан учурда залдагылар кыйкырышып, бизди жаман сөздөр менен каргап- шиледи. “Өлтүрөбүз”, “мурунку адвокатты да өлтүрүп салганбыз, эми кезек сенде” деген сөздөр да айтылды. Ошолордун биринде да милиция жакшылап "кой" дегенге жараган жок. Жаза-буза муштап жибергендер болду.

Сузактагы кандуу Санпа окуясы боюнча сот жүрүшүнөн: сот залындагы жабырлануучулар

Ал эми сотто жабырлануучу катары жүргөн Дилбар Көчкөнова адвокаттарга эч ким кол көтөрбөгөнүн ырастоодо. Ал “уулум Алмаз Аскаровду жоктоп, сот иши же ары же бери болбогондон улам бир аз катуу сөз айтканым чын” дейт:

- Эч андай болгон эмес. “10 чакты аял бизди урушту” деген сөздөрүнүн баары жалган. Мен жалгыз эле болчумун. Анан эле эки-үч катар турган милициялар аларды алып чыгып кетишти. Эркектин ийининен кармап койдум окшойт, аялга болсо жөн гана “сен энесиң го, баламды бырчалап өлтүрүп койгон кылмышкерди коргоп атасың, уялбайсыңбы, түшүнбөйсүңбү? Сенде да бала бардыр, энелик мээрим бардыр...” деп жалдырадым. Болгону ушул.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы болсо, бул иш боюнча адвокаттардан эч кандай арыз түшпөгөндүгүн айтууда. Шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков мындай дейт:

- Бул боюнча ошол күнү эле териштирүү жасаганбыз. Ошол күнкү сот отурумунда бардык милиция кызматкерлеринен, жарандык атуулдардан сураган учурларда адвокаттарга эч кандай кол көтөрүү фактысы орун албагандыгын тастыкташты. Ошол күнү мен өзүм да бардык нөөмөт бөлүмдөрүнөн тактаганымда, адвокаттардан ушундай иш боюнча арыз түшпөгөнүн билдиришкен.

Адвокаттардын укугун коргогон митингден бир көрүнүш

Деген менен адвокаттар милицияга соттун алдында да, процесстен кийин да кайрылышканын айтышты. "29-августта улана турган соттук ишке да эми жеке менчик коопсуздук мекемелеринен сакчы жалдадык",- дейт жактоочу Динара Медетова:

- Мен шаардык жана облустук милиция бөлүмдөрүнүн жетекчиси Сүйүн Өмүрзаковго кирип, баарын төкпөй-чачпай айттым. Ал “силердин коопсуздугуңарды камсыз кылуу биздин милдетибизге кирбейт. Биз силерге менчик детективдик кызмат эмеспиз” деди. Айла жок, алардан үмүт кылбай менчик коопсуздук мекемелерине кайрылып, кийинки сотто биздин коопсуздугубузду карап бере турган болуп келишим түздүк. Болбосо мен сот болоор алдында милицияга, прокуратурага, соттун өзүнө кат таштагам. Эми кырдаал ушундай болуп калганда менде суроо пайда болду: негизи сот жараяны учурундагы биздин укуктарыбызды ким камсыз кылып бериши керек?

Канткен менен эл аралык “Фридом Хаус” уюму эки адвокатка кол салуусун айыптап, бул чатак Кыргызстанда линч көрүнүшү күч алып баратканын көрсөтүүдө деген билдирүүсүн таратты. Муну менен катар уюм кыргыз бийликтерин эл аралык укукту сактоону камсыз кылууга чакырды.