ВИЧке чалдыккандардын экинчи азабы

Балдарына ВИЧ жуккан энелердин митинги, 14-ноябрь, 2011.

Бул илдетке кабылгандар коомчулуктун кодулоосу оору азабынан да ашып түшүп жатканына кападар.
Кыргызстанда ВИЧ илдети менен жашап жаткан төрт миңден ашуун жарандын негизги көйгөйү – коомчулук тараптан аларга карата кодулоолордун токтобой жатышы. Бул тууралуу Ошто өтүп жаткан ВИЧ илдети менен жабыркаган адамдардын III Улуттук форумунда вирус жуктуруп алган жарандар айтышты.
Аталган иш-чара ВИЧке чалдыккан адамдарга карата коомчулуктун мамилесин жакшыртуунун жолдорун талкуулоо максатында уюштурулду. Эки күнгө созулчу бул иш-чараны БУУнун өнүктүрүү программасы менен ВИЧке чалдыккан жарандардын ассоциациясы өткөрүп жатат.

"Баары бизден качышат"

Кыргызстанда быйылкы жылдын май айына чейин ВИЧ илдети менен жабыркаган 4746 адам каттоого алынды. Алардын 205и чет өлкөлүктөр. Калган 4541и Кыргызстандын жарандары. Оорулуулардын 3182си эркектер, 1359у аялдар, булардын ичинен 435и балдар. Каттоого алынгандардын 745и ушул дарттын айынан каза тапкан. Бул расмий гана маалымат.

Балам экөөбүзгө Ноокаттагы ооруканадан дарт жуккан. Ал ачыка чыккандан кийин кошуна-колоң, дос-жардын баары менден алыстады. Тишимди тишиме коюп жашайм, айла жок...

Адистердин белгилөөсүндө текшерүүдөн өтпөй жүргөндөрдү эсепке ала турган болсо, жогорудагы сан эки-үч эсе көбөйүшү мүмкүн. ВИЧке чалдыккандардын саны боюнча Ош жана Чүй облустары алдыңкы катарда.

Республикалык СПИДге каршы жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстан ВИЧ илдети тездик менен өсүп бараткан 7 өлкөнүн бири. Адистердин жана оорулуу кишилердин айтымында, өлкөдө ушул илдет менен жашап жаткан жарандардын негизги көйгөйү – аларга карата коомчулуктагы кодулоо жана дискриминациялык мамиле болууда.

Жыйынга катышкан 32 жаштагы айым коомчулуктун мамилеси жанга батканын айтып кейиди:

- Балам экөөбүзгө Ноокаттагы ооруканадан дарт жуккан. Ал ачыкка чыккандан кийин кошуна-колоң, дос-жардын баары менден алыстады. Айрымдар учурашпайт деле. Мындай абалга акыркы учурларда чыдабай баратам. Тишимди тишиме коюп жашайм, айла жок. Күйөөм башка аялга үйлөнүп алды. Анысына да чыдадым. Үч баламды күндөшүм тарбиялап жатат. Мен 5 жашар уулум менен жалгызмын. Азыр менин бир гана сырдашым – ушул балам. Ата-энемдикиндемин. Бир туугандарым да кээде баламдан оолак болууга аракет кылганын байкайм...

Ош шаарынын дагы бир тургуну, 40 жаштагы мырза ВИЧти баңгизат колдонуп жүрүп, ийне аркылуу жуктурган:

- Бул оорунун өзүнүн азабынан да, адамдардын мамилеси ашып түшүүдө. Мен адам эмес, айбан да бул дартка чалдыкпасын деп тилейм. Душманыма да бул азапты каалабайм...

Республикалык СПИД борборунун башкы директору Үмүтай Чокморова билдиргендей, айрымдар мамлекеттен бериле турган жөлөк пулду алуудан да чочулашат:

- Жөлөк пул алганы барсам, акча берип жаткандар мени таанып калышат, анан сөз кылышат деп чочулашат. Ошол чочулоо айынан мамлекет берип жаткан 3000 сом акчаны да албай жүргөндөр бар.

Чокморованын айтымында, өлкөдө ВИЧ илдети менен жашап жаткандардын арасынан жүздөгөнү ооруканадагы тазаланбаган, бир жолу колдонулуучу ийнелерден ооруну жуктуруп алышкан. Жабыркагандар негизинен балдар. Алардын алды мектеп жашына жетти. Шалаакылык боюнча 6 дарыгер соттолгон. Күнөөсүз эле оорулуу болуп калган балдар жана энелер коомчулук эле эмес, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жерип-жектөөсүнө кабылып келет. Айрымдар бүлөсү менен ажырашып да кеткен. Алардын кээ бирлери мамлекеттик камкордукту жогорулатууну талап кылып, бир канча жолу Ак үй алдына митингге да чыгышкан.

Үмүтай Чокморова билдиргендей, азыр ооруканадан илдет жуктургандардын сегизине үй берилген. Дагы бир тобуна турак-жай берүү маселеси каралууда.
Бирок коомчулук арасында аларга карата мамилени жакшыртууга багытталган иш-чаралар натыйжасын бербей жатат:

Кодулоону кантип токтотобуз?

Адистер ВИЧ менен жабыркагандарды кодулоонун токтобой жатышын элде бул оору боюнча түшүнүк аздыгынан көрөт. Илдет жыныстык катнаштан, баңгизатын бир ийнеден колдонуудан, энеден балага жана тазаланбаган медициналык шаймандар аркылуу гана жугаарын көпчүлүк түшүнбөй, оорулуулар менен мамиле кылуудан качып жатышат.

Экс-президент Роза Отунбаева ВИЧке чалдыккандарга карата коомчулуктун мамилесин жакшыртуунун жолу катары өлкөдөгү таанымал кишилерди түшүндүрүү иштерине тартуу керек деп эсептейт. Ал мындай пикирин Улуттук форумдун жүрүшүндө айтты:

- Ушул оору менен жабыркап жүргөндөр үчүн моралдык колдоо көрсөтүүгө баарыбыз милдеттүүбүз. Эл арасындагы терс пикирлерди азайтуу максатында эл көзүнө көрүнүп калган адамдарды түшүндүрүү иштерине тартуу керек. Таанымал ырчылардын, саясатчылардын катышуусунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Булар менен сүйлөшкөндө, чогуу чай ичкенде дарт жукпай турганын ошол адамдар аркылуу жеткирсек, пайдасын берет деп ойлойм. Анткени аларды эл угат. Андан сырткары, азыркы технология өнүгүп турган учурда интернет аркылуу оорулууларга мамилени жакшыртууга багыттаган акцияларды уюштуруу да жемишин берет. Ошондой эле уюлдук операторлор менен бирге СМС-акцияларды уюштуруп да элдин түшүнүгүн жогорулатуу аракеттерин көрсөк болот.

Учурда Кыргызстандын аймагында жашаган ВИЧ илдеттүү жарандарга негизги дары-дармектер Глобалдык фонд тарабынан акысыз берилет. Мурда фонд дарыларды Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу таратчу. Азыр БУУнун өнүктүрүү программасынын атайын тармагы бул милдетти аркалап жатат.

Кыргызстанда ВИЧ илдетине чалдыккандар арасында эки-үч жыл мурун баңгизатын колдонгондор басымдуулук кылса, азыр жыныстык катнаш аркылуу дартка чалдыккандар өсүп баратканы айтылууда. Оорунун жайылышына өлкөдөгү социалдык-экномикалык абал да таасир этип жатат. Соңку жылдары чет өлкөгө иштегени кеткен жарандар арасында да мындай илдетке чалдыккандар көбөйүп баратканы бул дарт менен күрөшүп жаткан мекемелердин маалыматтарында жазылууда.