Үч жылдан бери өкүм күткөн келин

Адистердин баамында, сот өкүмүн тергөө абагында жылдап күткөндөр арбын. (Сүрөттүн макаладагы каарманга тиешеси жок.)

Көз боёмочулукка шектелген Нуржан Мамбетованын эки баласы бар. Ал 2012-жылдын 29-августтунан бери сот чечимин күтүп, тергөө абагында отурат.

Милициянын маалыматына ылайык, 32 жаштагы Нуржан Мамбетова 80ге жакын Бишкек шаарынын тургундарын “социалдык турак жай алып берем” деп алдап, алардан жалпысынан 26 млн. сом чогултуп алган. Ал “кардарларына” өзүн курулуш агенттигинин кызматкери катары тааныштырган.

Өкүм күтүп, өлүм алдында...

Нуржан Мамбетованын адвокаты Мухтархан Бахаутдинов арадан 3 жыл 2 ай өтсө да бир жактуу сот чечими чыкпай жатканына нааразы. Анын айтымында, тергөө чала-чарпыт жүргөндүктөн, сот ишти бир нече ирет артка кайтарган. Ал Мамбетованын абалы күн санап оорлоп баратканын айтууда.

- Анын күнөөлүү экенин сот аныкташы керек эле. Болгондо да белгилүү бир мөөнөт ичинде. Тергөө төртүнчү жылга кетип жатса кайсы мыйзамдуу мөөнөт тууралуу сөз кылса болот? Ал абдан оор шартта кармалып турат. Тергөө абагынын тамак-ашы, медициналык жардамы абдан начар. Албетте ал үч жылда ден соолугун жоготту. Азыр абалы өтө оор. Жаза мөөнөтү өтсө деле мыйзамсыз кармалып турат.

Бахаутдинов Мамбетованын иши боюнча акыйкатчыга да бир нече ирет жардам сурап кайрылган. Акыйкатчы институтунун маалымат кызматкери Бактыбек Рысалиев Нуржан Мамбетованын кармалышындагы бир катар мыйзам бузуулар боюнча башкы прокурорго кат жолдонгонун айтууда.

- Акыйкатчынын милдетин аткаруучу башкы прокурорго кат жолдогон. Анткени аны кармоодо көптөгөн мыйзамдар бузулган. Кармалганда адвокатын жанына жолоткон эмес. Мыйзам боюнча үч саат ичинде протокол толтурулушу керек болсо, бул иште он сааттан кийин гана толтурулган. Бирок ал ага чейин эле камакта болгон.

Сотту создуктурган айыпталуучуларбы?

Анткен менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Мамбетованын саламаттыгы жайында деп ишендирип жатат. Мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарова сот өкүмүнүн создугушуна айыпталуучулар өздөрү кызыкдар деген ойдо.

- Айыпталуучу Нуржан Мамбетова Бишкектеги №1 тергөө абагында 2013-жылдын 15-январынан бери отурат. Азыр анын ден соолугу өз калыбында. Буга чейин саламаттыгы боюнча даттанган эмес. Бизге карата көптөгөн сындар айтылып келет. Бирок тергөө абагында отурган күндөр экиден эсептелгендиктен айыпталуучулар атайын созушат. Алар келери менен катуу ооруп калган болушат, бирок чыгары менен айыгып кетишет.

Кыргызстандын тергөө абактарында ондогон адамдар сот өкүмүн күтүп ден соолугунан ажырашат. Мындай оюн “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова ортого салды. Ал баш коргоо чарасынын башка алты түрү турса да камоодон башканы билбеген сотторго түшүнбөйт.

- Баш коргоо чарасынын кепилдикке алуу, акчалай күрөө коюу, эч жакка чыкпоо боюнча тил кат жана башка көптөгөн түрү бар. Эмнегедир биздин соттор кылмыш иши козголгон берене жеңил болсо деле камакка ала беришет. Мыйзамда айыпталуучунун туруктуу жашаган жери болбогондо гана камакка алынат.

Сот өкүмүн тергөө абагында жылдап күткөндөр Нуржан Мамбетова менен эле чектелбейт. Буга чейин 17 жаштагы Шахида Аманбаева тергөө изоляторунда 3,5 жыл отуруп, илдетке чалдыккан соң акталган.

Учурда Жибек Исакова аттуу дагы бир кыз үч жылдан ашык тергөө абагында отуруп, чукул медициналык жардамга муктаж. Адистердин баамында, кыргыз мыйзамдары тергөөгө жана сот жараяндарына белгилүү бир мөөнөт чектебегендиктен убактылуу кармоочу жайларда өкүм күткөндөрдүн арасында ажал тапкандары да болбой койбойт.