Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Адам өлтүрдү деп камалган кыздын абалы оор


Cоттун чечимин күтүп отурган Исакова азыр араң сүйлөп өз алдынча баса албай калды.
Cоттун чечимин күтүп отурган Исакова азыр араң сүйлөп өз алдынча баса албай калды.

Үч жылдан бери тергөө абагында адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен отурган Жибек Исакованын саламаттыгы күндөн-күнгө оорлоп баратат.

Исакова милиция кыйноо жолу менен ал жасабаган кылмышты мойнуна алдырганын айтууда. Кыйноолорго каршы улуттук борбор сотко кайрылып, Исакованын эркиндикте дарылануусуна шарт түзүп берүү зарылдыгын билдирүүдө.

Айыпкердин абалы

Учурда Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында жаткан Жибек Исакова 2011-жылдын декабрь айында Жайыл районунда болгон кылмыш боюнча адам өлүмүнө шектелип кармалган. Андан бери соттун чечимин күтүп отурган айыпталуучу азыр араң сүйлөп, өз алдынча баса албай калды. Анын стресстен жана кыйноолордон улам ден соолугу кескин начарлап кеткен:

- Бизди кармаган учурда милициялар аябай сабашкан. Эки күн сабагандан кийин түшүнүк кат жаздырышты. Түшүнүк катты алардын айтуусу менен жаздым. Мойнума алганымды видеого тартып алышты.

Адам өлүмүнө шектелген Исакованын абактагы абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Окуя болгон жылы Жибек Исакова 19 жашта болчу. Аны менен өткөн айда жолугуп чыккан Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери Исакованын абалы өтө начар жана дарыланууга муктаж экенин айтышууда. Бул иш боюнча тийиштүү органдарга кайрылганы менен эч кандай жооп болбой жатканын борбордун кызматкери Жибек Исмаилова билдирди:

- Исакованын өзүнүн айтуусу боюнча, козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган учурда милиция тарабынан зордук-зомбулук көргөн. Биз жолугуп чыктык, абалы өтө начар, ал эркиндикте дарылануусу керек. Биз менен кирген көз карандысыз эксперт да тез арада ооруканага жаткыруу керек деген бүтүм чыгарган.

Чүй облусунун Степное айылындагы аялдар түрмөсүндө баласын кучактап турган аял
Чүй облусунун Степное айылындагы аялдар түрмөсүндө баласын кучактап турган аял

Учурда кыйноолорго каршы улуттук борбор, укук коргоочулар ден соолугу начарлаган айыпталуучуну ооруканада дарылатууга аракет кылып сотко, тийиштүү органдарга кайрылып жатышат. Алардын бири, “Кылым шамы” укук коргоо уюму Исаковага укуктук жардам берүүдө. Аталган уюмдун адвокаты Шакен Нурдинова:

- Биз кыздын абалын көрүп эле сотко кайрылганбыз. Өзүнүн кылмыш иши боюнча жактоочусу бөлөк, биз болгону аны дарылатканга чечим чыгартыш үчүн аракет кылып жатабыз. Ноябрдагы сот жылып кетти, себеби майрамга карата прокурор келбей калыптыр. Азыр декабрда болот деп күтүп турабыз.

Милиция: Уруп-согуу болгон эмес

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Айбек Арзыматовдун билдиришинче, кылмыш Кара-Балта шаарында 2011-жылы декабрда болгон. Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринен 42 жаштагы адамдын сөөгү табылып, анын өлүмүнө шектелип Жибек Исакова жана дагы беш адам кармалган. Чүй милициясы бул ишти тергөө маалында кыйноо фактылары болду деген маалыматтарды четке кагууда:

- 2011-жылы декабрда адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп Исакова да кармалган. Тергөө мыйзам чегинде жүргөн жана уруп-согуу деген жалган.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун билдиришинче, Исакова катышты делген соттук иш үч жылдан бери соңуна чыкпай келатат.

Айыпкердин кайда дарыланарын сот чечет

​Ал эми Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова айыпталуучу дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айтып, эркиндикте дарылануу үчүн соттун чечими керектигин билдирди.

- Дарыгерлер азыр карап жатышат. Алардын айтымында, кыймылдабай көп отургандан, депрессиядан муун оорулары пайда болот экен. Ал эми сыртка чыгып дарылануу үчүн бизге соттун чечими керек. Соттон чечим чыкса, дарыланууга чыгат. Бирок азыр деле дарыгерлер тынбай текшерип, көзөмөлдө турат.

Буга чейин адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен Шахида Аманбаева деген кыз тергөө абагында 3,5 жыл отуруп, буту-колу кыймылдабай калган. Анын да укук коргоо органдары тарабынан абакта кыйноого кабылып, тилден калып, өз алдынча баса албай калганын адам укугун коргогон бейөкмөт уюмдар айтып чыккан болчу. Шахиданын окуясы коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан. Ал 2014-жылы соттун чечими менен абактан бошотулган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG