Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Кыйноого кабылды делген кыздын абалы кыйын


Абактагы Шахида Аманбаеванын абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

Шахида бирөөнүн жетегинде, калчылдап араң басып келип, мукактана ушинтип сүйлөгөнү тартылган тасманы коомчулукка "Кылым шамы" укук коргоо борбору таратты.

Укук коргоочулар киши өлтүрүүгө шектелип убактылуу кармоо жайында 3 жылдан ашуун убактан бери отурган Шахида Аманбаеванын саламаттыгы улам начарлап жатканын эскертүүдө.

Жактоочулардын айтымында, айыпталуучунун саламаттыгына психологиялык басым, күнөөнү кыйноо жолу менен мойнуна алдыруу сыяктуу аракеттердин кесепети тийген. Милиция жана абак жай кызматкерлери мындай дооматтарды төгүндөп жатышат.

Шахида Аманбаева Токмокто 2010-жылдын декабрында адам өлтүрүүгө катышкан деген шек менен кармалган. Ал кезде айыпталуучу 17 жашта болчу. Ошол убактан бери соттун чечимин күтүп, Жаза аткаруу кызматынын №1 Убактылуу кармоочу жайында кармалып турат. Укук коргоочулар азыр 22ге караган Шахиданын ден соолугу стресстен жана кыйноолордон улам начарлап баратканына коңгуроо кагып чыгышты. Акыркы күндөрү ал өз оюн толук айта албай, араң сүйлөп өз алдынча баса албай калган.

- Өткөн жылдан бери мен жакшы баса албай калдым. Төрт ай баспай жаттым. Дарыгерлер, невропотолог, психологдор карап дары жазышкан. Жакшы боло баштагам. Азыр сот процесси узарып, стресстен ден соолугум дагы начарлап кетти. Азыр өзүм баса албайм. Жанымда бир камерада жаткан келин жардам берип атат, - деди Шахида укук коргоочулар менен кездешкенде.

Шахида бирөөнүн жетегинде, калчылдап араң басып келип, мукактана ушинтип сүйлөгөнү тартылган тасманы коомчулукка "Кылым шамы" укук коргоо борбору таратты.

Ал бир үйдүн жалгыз кызы. Апасы Нургүл Аманбаеванын ишенгени, таянар тоосу да. Ал жалган жалаа менен кармалды деп кызынын мындай оор кылмышка катышканына ишенбейт. Эненин бешенесине мындайды салбасын, ошол убактан бери көз жашым кургай элек, кызым каралбай, дарты күчөп жатат деп көз жашын төгөт курган эне:

- Убактылуу кармоочу жайдын санитардык бөлүмүндө кишини карабайт экен. Кызымдын башы ооруп чыдабай жатса фельдшер кан басымын ченегенден кийин жакшы эле деп цитрамон берип коюптур. Жанында жаткан келин да медик, ал кан басымы түшүп кеткенин көргөн экен.

Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова убактылуу кармоочу жайдын атайын медициналык пункту бар экенин, оорулуулар текшерилип турарын билдирди.

Аманбаева катышты делген соттук иш үч жарым жылдан бери соңуна чыкпай келатат. Ушул убактан бери ага “Кылым шамы” укук коргоо боорбору укуктук жардам берүүдө.

Адвокат Күмүшбек Ыбыкеевдин белгилешинче, буга чейин беш сот карап анын төртөө ишти кайра иликтөөгө жөнөткөн экен.

- Соттун жүрүшүндө кыркка жакын кишини күбө катары алып келишкен. Алардын бирөө дагы Шахиданын киши өлтүргөнүн көргөн эмес, күбөлөр жөн гана шекшигенин айтышты. Ал эми шекшиген киши күбө катары өтө албайт. Бир киши тушүндө Шахиданы көрсө аны да күбө катары кошуп, жазып койгон. Учурунда аны коркутуп, апаңды да баңгизат менен кармап отургузуп койобуз деп өзүнүн да башына пакет кийгизип кыйнаган учурлар болгон. 18ге толо элек жаш кыз алардын айтканын айтып берип койгон.

Адвокаттын белгилешинче, буга чейин Шахида Аманбаева милиция тарабынан кыйноого кабылганын айтып, Токмок шаардык прокуратурасына үч ирет кайрылган. Бирок андан майнап чыккан эмес. Прокуратура кызматтарынан бул маалыматты тактоо мүмкүн болгон жок.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Айбек Арзыматовдун белгилешинче, кылмыш Токмок шаарында 2010-жылы апрель айында болгон. Шахида Аманбаева Алишер жана Урмат аттуу тааныштары менен Рабига аттуу кошунасын үйүнөн чакырып чыккан. Жаштар ортосунда чыккан чыр Рабиганын өлүмү менен аяктаган. Чүй милициясы бул ишти тергөө маалында кыйноо фактылары болду деген маалыматтарды четке кагууда.

- Зомбулук болуп мойнуна алдырган деген маалымат боюнча эч кандай тастыкталган материалдар жок. Шахида аттуу кыз берген көрсөтмөлөрүн өзүнүн адвокатынын жанында айткан. Кылмыш болгон жерге барганда да бүт баарын көрсөтүп берген, - дейт Айбек Арзыматов.
Шахида Аманбаеванын алгачкы көрсөтмөсү, 2010-жыл (Оперативдүү тасма)
Шахиданын тергөөдөгү сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:40 0:00


Маалыматка ылайык, акыркы жолу Токмок шаардык соту аталган кылмыш боюнча далилдер жок деп Шахиданы актаган. Прокуратура жана жабыркоочу тараптын арызынын негизинде кийинки сот иши 27-майда Чүй облустук сотунда кайра каралганы жатат.

XS
SM
MD
LG