Укук бузулган жерде жылыш болбойт

Зомбулукка каршы акциядагы сүрөт. Бишкек, 2013-жыл

"Азаттыктын" кабарчылары адам укугунун абалы, карапайым кыргызстандык жарандардын укуктарына байланыштуу көп кездешкен көйгөйлөр тууралуу сөз кылмакчы.

Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайлардагы шарттын начардыгы жана укук коргоо органдарынын кармалгандарга карата мамилеси өзгөрүүсүз кала берүүдө. Прокуратурага быйыл жыл башынан бери кыйноо фактысы боюнча 14 арыз келип түшкөн. Бул былтыркыдан көп экендиги айтылууда. Кыйноолордун алдын алуу максатында шаарда курулуп бүткөн тергөө изолятору да башка максатта иш баштары укук коргоочулардын тынчын алууда. Бул багыттагы теманы аймактык кабарчыбыз Руслан Калматов улантат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад: тергөө абагындагы азап

Нарын облустук прокуратурасынын билдиришинче, акыркы эки жыл ичинде ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайында, тергөө учурунда милиция кызматкерлери сабады деп 26 арыз даттануу түшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында арызда көрсөтүлгөн дооматтар аныкталган жок деп, кылмыш иштери козголгон эмес. Ал эми айрым адистер кыйноого кабылгандар болуп эле жатканын белгилеп, прокуратура тыкыр иликтебей жатат деп айып тагышууда. Кененирээк Мирлан Кадыровдун макаласында.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын: милиция сабаган жарандар

Таластын экинчи топтогу майып тургуну иш берүүчүлөр майыптар жөнүндөгү мыйзамды аткарбай жатат деп укук коргоочуларга кайрылды. Жөндөмүнө жараша иштөөнү каалаган адамга аймактык кабарчыбыз Салика Сариева жолугуп, Кыргызстандагы майыптардын мыйзамдык укуктарын сураштырды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Майыпты кодулаган иш берүүчүлөр

Банкротко учураган Каракол шаарындагы спирт заводунун отуздай жумушчусу жети айлык маянасын ала электе ишсиз калды. Жумушчулар ишкана атайын банкротко учуратылды деп, маянасын өндүрө албай, кинени жетекчиликке коюп жатышат. Ишкананын убактылуу жетекчилиги мурдатан жыйылган маяна карыздар үчүн жоопкерчиликти алган жери жок. Кененирээк аймактагы кабарчыбыз Асеин Маданбеков кеп кылат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көл: көздөн учкан маяна

Укук коргоочулар Кыргызстанда адам укуктарына, айрыкча аялдар менен балдардын укуктарына байланышкан мыйзам бузуулар дагы эле көп экендигин айтып жатышат. Акыйкатчы институту болсо кыйноолордун саны азайып, бирок жамаат менен арызданган жабырлануучулардын саны кескин өскөнүн билдирди. Кененирек кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош: аялдар менен балдардын укугу бузулууда

Мамлекеттик органдарга арыз менен кайрылган жарандар көппү же азбы? Арыз-даттанууларды көзөмөлдөө, канааттандыруу иши жолго кандай коюлган? Мыйзам боюнча бир арызга 14 күндүн ичинде жооп берүү керек болсо Кыргызстанда эмнеге айлап-жылдап арыздар жоопсуз калууда жана мунун кесепети митинг, демонстрацияларга алып келеби? Суроолорго Бактыгүл Чыныбаева жооп издеп көрдү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айлап-жылдап каралбаган арыздар