Ойлоп табуучулук: өнөрүң болсо өргө чап

Колго куралган унаа. Бишкек, 2014-жыл

Аймактардагы ойлоп табуучулуктун аркасы менен чарба жүргүзгөндөр тууралуу "Азаттыктын" баяндар топтомунан тааныша аласыз.

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну темирге жан киргизип, өзүнүн ойлогонун бат эле ишке ашырган темир уста айыл чарба шаймандарын, керек болсо ири техникаларды да өз колу менен жасайт. Ал ойлоп тапкычтыгы менен өз айылын эле эмес, коңшу айыл тургундарын да чарбага керектүү шаймандар менен камсыз кылып келет. Устанын өнөрү менен аймактагы кабарчыбыз Асеин Маданбеков Саруу айылына барып таанышып келди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көл: колго жасалган трактор

Таластык ойлоп тапкыч Сейиткан Чолпонкулов тирилигине керектүү бардык жабдыктарды өз колу менен жасайт. Ал жасаган шаймандар облустун баш-аягындагы айылдарга чейин жеткен. Сейиткан Чолпонкуловдун Бакай-Атадагы өнөрканасына Таластагы кабарчыбыз Салика Сариева баш баккан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таластык устанын өнөрканасы

Баткендин тургуну Имарали Бекмухамедов 19 метр бийик жерге өз алдынча суу чыгарып алган. Мунун аркасы менен 5,5 гектар аянтты гүлдөтүп отурат. Өжөр багбан өз тажрыйбасын бүткүл Кыргызстанга жайылткысы келет. Аны менен Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаров баарлашты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Какыр жерди гүлдөткөн багбан

Ошто мектеп мугалимдери жаш ойлоп табуучулардын мууну тарбияланып жатат деп ишендиришет. Бирок ата-энелердин көбү азыркы билим берүү ыкмасы эч нерсеге жарабаган майып муунду өстүрүп жатат деп сындашууда. Ойлоп табуучулукка басым жасабаган билим берүүнүн кесепеттери тууралуу кабарчыбыз Ыдырыс Исаковдун материалынан тыңдайлы.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош: мык какканды билбеген муун

Ала-Букалык жигит “Жигули” автоунаасынын кыймылдаткычын колдонуп, өз алдынча чакан кичи трактор жасады. Азырынча аны жер айдоого эмес, жүк ташууга колдонуп жатат. Бензин менен жүргөн жаңы ойлоп табуучунун техникасына кабарчыбыз Руслан Калматов кызыгып көрдү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Жигули" тракторго айланганда

Нарын районунун Жерге-Тал айылындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Дастан Амангелди уулу бензин менен иштөөчү чөп чапкан жана картошка көмгөн жабдыкты ойлоп таап, кураштырып, ишке киргизди. Анын жаңы табылгасы убакытты үнөмдөп, чөнтөккө да көп күч келтирбейт. Облустук “Жаш ойлоп тапкычтар” сынагында биринчи орунду алган Дастандын кол эмгегине кабарчыбыз Мирлан Кадыров кызыгып көрдү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын: шыктуу окуучунун табылгасы

Ош: устанын жол чырагы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош: темир устанын көчө чырактары