Уланбек Эгизбаев. Өксүткөн жоготуу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2018-жылдын 22-июлу "Азаттыктын" жамааты, кыргызстандыктар үчүн кабырганы кайыштырган оор жоготуу менен эсте калды. Чыгаан журналист, көптөгөн курч иликтөөлөрү менен таанымал кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убакта мезгилсиз кайтыш болду. Окуядан кийин кырк күн өтсө да Уланбектин өлүмү тууралуу түрдүү жоромолдор басаңдай элек. “Азаттык” маркум чөккөн жерге барып, кесиптешибиздин өлүмүнүн чоо-жайын өз тарабынан иликтеп көрдү.