Куру насыя үчүн алданган эл

Жалал-Абадда эки миллион долларга чейин жеңилдетилген насыя берүүнү убада кылган “Бекбол Эл” бирикмеси алдамчылыкка шектелип, кылмыш иши козголду.

Облустагы 800дөн ашык адамдан акча жыйнаган аталган бирикменин кызматкерлери өз ишкердүүлүгүн мыйзамдуу деп атап, жакынкы убактан тартып насыя бере баштарын билдирүүдө.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, ардагер карыя Мамат Тайгараев көп суммадагы насыя алуу ниетинде «Бекбол Эл» коомдук бирикмесине 10 миң сом берип катталып, насыя ала албай жүргөн адамдардын бири. Үч жыл мурда берилген убадалар азыркыга чейин аткарыла элек экен.

- Акча алабыз деп катталганыбызга төрт жылга жакындады. Бир сом да алганыбыз жок. Сураштырсак Кытайга кетти, мына-ана болот деп эле бизди алдап жатат. Долбоор даярдап жатабыз, бир аз күтө тургула дейт, бирок жыйынтык чыкпай жатат.

Жалал-Абаддагы “Бекбол Эл” коомдук бирикмеси 2013-жылы негизделип, Бишкектеги “Концерн Барс Кейджи Инвест” ассоциациясы менен келишим түзүп, мүчөлүккө катталгандарга аз пайыздуу насыя берүүнү убадалаган. Андан жабыр тарткандардын дагы бири Сузак районунун тургуну Тынчтыкбек Каныбек уулу мындай дейт.

- Мисалы, мен 10 миң сом бергем. Мендей болуп коомдук бирикмеге мүчө болгон беш киши да 10 миң сомдон беришкен. Бизге окшоп жеңилдетилген насыя алабыз деп үч жылдан бери жүргөндөр бар. Насыяны алган соң беш жылдан кийин төлөп баштайсыңар, 15 күн же бир айдан кийин акча бере баштайбыз деген. Эч нерсе жок. Жеңилдетилген насыя берүү үчүн Кытайдан инвестор таап келебиз дешкен, эмдигиче дайыны жок. Биз 10 миң сомго эмес, үч жылдан бери алдап жүргөнүнө ачуубуз келип милицияга арыз жаздык.

Насыя дүрбөлөңү

Насыя дүрбөлөңү

Кыргызстанда банк менен кредиттик компаниялардан насыя алып, аны төлөгөнү келгенде кайтара албай калдык деп дооматын өкмөткө артып, карызын кечүүнү талап кылган жарандар жана алардын башын кошкон кыймылдар көбөйдү.

Учурда Жалал-Абад облусу боюнча аталган бирикмеге 1045 адам катталып, алардын 925инен каражат чогултулган. Бүгүнкү күндө облустук ички иштер башкармалыгы алдамчылык беренеси боюнча бирикменин үстүнөн кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Мекеменин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдукулов буларга токтолду:

- Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан. Арыздын негизинде алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тергөө тобунун алгачкы маалыматтарына таянсак, Ноокен районунун Масы айылынын тургуну Каримова Уулкан Мирзамаматовна 2013-жылдын июнунда «Бекбол Эл» коомдук бирикмесин түзүп, аталган бирикмеге өзү жетекчи болуп дайындалган. Ошол эле жылдын 15-августунда “Концерн Барс Кейджи Инвест” ассоциациясынын жетекчиси Абытов Атарбек менен өз ара бирге иштешүү жөнүндө келишим түзүп, 924 жаранга ар бирине 50 000 доллардан 2 млн долларга чейин 10 жылга пайызы жок кредит беребиз деп, алдоо жолу менен ар бир жарандан 8000 сомдон 50000 сомго чейин акча каражаттарын алган. Жалпысынан 8 540 630 сом акча каражатын элден чогултуп өз кызыкчылыгына иштетип жиберген.

"Бекбол Эл" коомдук бирикмеси жакырчылыкты жоюу программасын ишке ашыруу максатында муктаж жарандарга пайызсыз насыя берүүгө убада берген. Анын жетекчиси Уулкан Каримова жогорудагы дооматтардын баарын четке кагып, жакынкы күндөрдөн тартып элге насыя берерин билдирди.

- Биз башында жарандарды мүчөлүккө кабыл алып жатканда программа качан ишке ашканда акча берилет деп эскерткенбиз. Быйылкы жылдын аягына чейин каржылоо иштери башталат деп үмүттөнүп турабыз. Биринчи кезекте биз майып адамдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кредит беребиз. Кээ бир сабырсыз адамдар акырына чейин күтпөй ушул сыяктуу арызданууларды уюштуруп жатат. Эгер ким кааласа мүчөлүктөн чыгып, акчасын алып кетсе болот.

Аталган бирикме менен келишим түзгөн "Концерн Барс Кейджи Инвест" ассоциациясы Кытайдан инвестор тартуу аркылуу жарандарга насыя таратмак. "Бирок Кытай элчилигиндеги жардыруудан улам инвестиция тартуу жагдайы кечеңдеп, эми гана жандануу алдында турат" дейт Уулкан Каримова:

- Бишкекте биз менен келишим түзгөн “Концерн Барс Кейджи Инвест” ассоциациясы Кытайдан инвестиция тартып жарандарга таратып бермек. Биздин максат Кыргызстандагы жакырчылыкты кыскартуу, аларга пайызсыз насыя берүү. Кытай элчилиги жарылуудан кийин эми ишин жандандырды. Кытайлык ишкерлер бизге акча которсо биз мүчөлөрдүн эсептерине которуп беребиз. Сабыры жок адамдар ошентип ар кыл сөздөрдү таратып жатышат. Буга чейин прокуратура жана Каржы полициясы текшерип эч нерсе таба алган эмес. Ушул текшерүүлөр боюнча Бишкектеги биздин жетекчибиз бүгүн өкмөткө кат таштап чыкты.

Уулкан Каримова мындан төрт жыл мурда ушул өндүү акча жыйноо менен алектенип, кайрымдуулук иштерин жүргүзөбүз деген “Закят” коомдук фондунун да активдүү уюштуруучу мүчөсү болгон. Аталган коомдук фонд жарандардан акча жыйнап, бирок нааразычылыктардан улам өз ишин токтоткон. Азыр Башкы прокуратура тарабынан аталган фондго кылмыш иши козголуп, анын негиздөөчүлөрүнө эл аралык издөө жарыяланган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад: насыя үчүн алдангандар

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.