Батыров Швециядан башпаанек тапты

Кадыржан Батыров Жалал-Абадда, 2010-жылдын 11-апрели.

Июнь окуясында сепаратисттик ураандары менен элди кайраштырган деп айыпталган Кадыржан Батыров Швециядан саясий баш паанек алганын жарыялады.
Бул тууралуу кыргыз тарап издөө жарыялаган Кадыржан Батыров өзү кечээ "Азаттыктын" өзбек кызматындагы маегинде айтты. Жакында Жалал-Абад шаардык соту аны өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Кыргызстандын башкы прокуратурасында болсо Батыровдун саясий баш паанек алган-албагандыгы боюнча маалымат жок.


Сот өкүмү Батыровго башпаанек алганга шарт түздүбү?

Мындан Кыргызстанга окшогон кичинекей мамлекеттерди барк албай, анын мыйзамдарын тоготпогондук деп жыйынтык чыгарса болот.
Абдыганы Эркебаев

Кадыржан Батыров буга чейин куугунтукка кабылып, жалган жеринен айыпталып жаткандыктан Украинада баш калкалап жүргөндүгүн да билдирди. Ошондой эле ал өз мекенинде ага карата сыртынан сот өкүмү чыгып, Кыргызстандын бийлиги Украинага аны өткөрүп берүү талабын койгондугу маалым болгондугун айтты. Мына ушуга байланыштуу Батыров Швециядан баш паанек сурап, аталган мамлекеттин бийлиги анын өтүнүчүн тез арада канааттандыргандыгын белгиледи:

- Мына ушундай маселеге тез арада кайрылышып, тез арада мага карата сот өкүмү чыккандыгы - мунун саясий маселе экендигин көрсөттү. Бул чечим Кыргызстанда кимгедир керек болду. Ошондуктан Швецияга келишимдин себеби да ушул болду. Биз бул жакка келип, июнь окуясы боюнча эл аралык комиссиянын Кыргызстандын бийлигине койуп, аткарылбай жаткан талаптарын, сунуштарын ордунан жылдырууга кам көрөбүз.


Кош стандарттуулуктун учурубу?

Бизде кандайча сот өкүм чыгарарын ал жакта жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынган болсо керекТөлөйкан Исмаилова

Кадыржан Батыров баштаган өзбек улуттук маданий борборунун беш мүчөсү улуттар аралык араздашууну козуткан, куралдуу топторду түзгөн жана этникалык кагылышууну уюштурган деген сыяктуу бир катар беренелер боюнча айыпталышкан болчу. Батыровдун калабанын чыгышына түрткү берген аракеттери июнь окуясын иликтөө боюнча улуттук жана депутаттык комиссиялардын тыянактарында да көрсөтүлгөн.

Ошол кездеги улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев Батыровго саясий баш паанек берилишин буга чейин демократиялык мамлекет деп саналган Швециянын кош стандарттуу саясаты катары баалады:

​- Бул эми өкүнүчтүү көрүнүш. Швециянын бийлигинин бул мамилеси – демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө деле кош стандарттуулук бар экендигин тастыктайт. Мына ушунун өзүнөн Кыргызстанга окшогон кичинекей мамлекеттерди барк албай, анын мыйзамдарын тоготпогондугу деп жыйынтык чыгарса болот. Болбосо ага баш паанек берээрден мурун бул жакка кайрылып, кандай негиздер менен Батыровду айыптап жатасыңар деп иликтеп туруп, анан чечим чыгарышса болмок. Сөз жүзүндө бизди колдомуш болуп, бирок иш жүзүндө эмне иш кылышаарын мына ошол өлкөлөр өздөрү көргөзүп коюшту.


Кыргызстандын сотторуна ишенбөөчүлүкпү?

Саясий баш паанек берүүгө да кандайдыр бир укуктук негиз болуш керек да. Бул жерде кылмыш иши болуп жатат...
Назгүл Сүйүнбаева

Ошол эле учурда айрым жарандык коомдун өкүлдөрү Батыровго саясий баш паанек берилишин Европада Кыргызстандагы сот бийлигине карата ишенбөөчүлүктүн жыйынтыгы катары баалашты.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Батыровдун ишинде кылдат соттук териштирүү болгон жок деген ойдо:

- Бул жерде биз башка бир мамлекетти эмес, күнөөнү өзүбүздөн көрүшүбүз керек. Анткени мына ошол эле ишти толук иликтеп карабай, айыбын аягына чейин далилдебей туруп эле сот өкүмүн чыгарып, бир адамды өмүр бою эркинен ажыраттык дегенге ким ишенет. Бизде кандайча сот өкүм чыгарарын ал жакта жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан ошондой чечим кабыл алынган болсо керек.

Анткен менен Батыров менен кошо сыртынан соттолгон “Мезон ТВ” телеканалынын жетекчиси Жавлон Мирзоходжаевдин адвокаты Назгүл Сүйүнбаева соттолгон бешөөнүн кайсы бири чет мамлекеттен расмий түрдө саясий баш паанек алгандыгын тастыктай албастыгын айтты:

- Саясий баш паанек берүүгө да кандайдыр бир укуктук негиз болуш керек да. Бул жерде кылмыш иши болуп жатат. Жүз пайыз дебегенде да ошол кылмыш ишинде жарым-жартылай айыбын тастыктаган жагдайлар бар дегендей далилдер болуп жатат да. Бирок эми ал жакта башкача көз караш менен да карашы мүмкүн. Анткени бул маселе улуттар аралык кагылышууга байланыштуу болгондуктан ага баш баанек берүүгө биз билбеген башка бир себептер да таасир этиши мүмкүн.

Өткөн айдын аягында Жалал-Абад шаардык соту экс-депутаттар Батыров менен Абдрасуловду үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү аркылуу өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарган. Калган үчөөнө он төрт жылга чейинки жаза мөөнөттөрү чегерилген болчу.

Айыпталуучулардын адвокаттары облустук сотко өкүмгө даттануу арызын жолдошконун айтууда.