«КТ Мобайл»: Комиссиянын корутундусу чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтеген убактылуу депутаттык комиссия өз чечимин жарыялады. Депкомиссия виртуалдык оператор түзүү боюнча «КТ Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосундагы келишим туура болгон деп тапты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы, «Ачык өкмөт» улуттук форумунун мурдагы катчысы Иманкадыр Рысалиевдин кийлигишкенине байланыштуу «өкмөт башчы Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги каралсын» деген чечим кабыл алды.