Нарын: чуңкурдан тооруган өлүм

Нарында суу каналын акыр-чикирден тазалоо үчүн темир люкка кирген "Нарын суу канал" мекемесинин үч кызматкери ууланып каза болушту, эки кызматкер ооруканага түштү.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кайгылуу окуяга суу түтүктөр жарылганда чыккан биогаз себеп болгон. Бул окуя боюнча облустагы тийиштүү мекемелер атайын комиссия түзүп, иликтөөгө киришти. Ал эми аталган ишкананын жетекчилиги ууланган кызматкерлер эрежени сактаганын ырастап жатышат.

Окуя 9-июнда кечки саат беште болгон. Нарын шаарындагы суу түтүктөрүндө авариялык абал катталып, аны оңдоого шаардык суу канал ишканасынан беш кызматкер барган.

Аталган ишкананын жетекчиси Нурлан Максүталиевдин айтымында, оңдоо иштери эки сааттан ашык убакытка созулуп, иштер бүтөйүн деп калган маалда кырсык болду.

- Бул окуя жарылып калган түтүктүн суусун сордуруп, жаңы түтүккө алмаштырып бүткөндөн кийин болду. Бешөө сыртка чыгып баратканда арттан бир үн чыккан экен. Аны карайм деп артында келатканы бурулуп ууланган. Аны чыгарам деп экинчиси, андан кийин үчүнчүсү барып эсин жоготуп жыгылган. Берки экөөнү тез жардам чакырып сактап калдык, үчөө болсо думугуп калды. Ал жерде эч кандай коркунуч жок болчу. Алдын ала маалыматтар боюнча түтүк жарылган, эми муну атайын экспертиза карап чыгат.

Куткаруу иш-чараларынан бир көрүнүш

Максүталиевдин ишендиришинче, люкка кирген беш кызматкердин баары коопсуздук эрежелерин сактаган. Газга каршы, ОЗК сыяктуу атайын кийимдерди кийип жүрүшкөн.

Окуя болгон жерге барган облустук өрткө каршы кызматтын куткаруучусу Элдияр Кайдылдаев коопсуздук эрежелери сакталбагандыгын байкаган:

- Буга чейин Нарында мындай окуя болгон эмес. Ал эми бул окуянын келип чыгышынын себеби Нарын шаардык "Сууканал" ишкананын кызматкерлери техникалык коопсуздук эрежелерин сактаган эмес. Алдын ала божомолдор ушундай.

Ал эми аман калган эки кызматкер тез жардам менен Нарын облустук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Учурда алардын абалы канааттандырарлык дейт оорукананын жетекчиси Мурат Алиаскаров:

- Биогазга ууланышкан экен. Бул уулуу заттан адамга дем жетпей калат. Дем ала албай калган адам эң көп дегенде он мүнөт араң чыдайт. Ал эми каза тапкан балдар 15 мүнөтчө туруп калышкан. Бизге эки кызматкердин бири өзүн жоготуп келген. Азыр абалы жакшы болуп калды. Эртең палатага которобуз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарында беш киши газга ууланды

"Сууканал" ишканасынын үч кызматкеринин өмүрүн алган бул окуяны иликтөө үчүн облустагы тийиштүү мекемелерден атайын комиссия түзүлдү. "Бул өндүрүштүк кырсыкка комиссия баа берген соң тыянак чыгарылат" дейт Нарын аймактык экологиялык жана техникалык инспекциясынын эмгек инспектору Жаңыл Чобиева:

- Азыр коопсуздук сакталганбы же жокпу эч нерсе деп айта албайбыз. Анткени тергөө жүрүп жатат. Биздин инспекцияга атайын билдирүү келип түшкөн. Иликтөөнүн жыйынтыгы чыкканда гана ишти баштайбыз.

Буга чейин Бишкек шаарында үстү ачык турган канализация түтүгүнө капыстан түшүп кетип каза тапкан учурлар бирин-серин катталганы болбосо, андан чыккан уулуу затка уулангандар болгон эмес.