Эреже бузгандардын жана кылмыш кылгандардын бирдиктүү реестри өлкөдө биринчи жолу түзүлүп жатат. Сот реформасы боюнча эксперттик топтун мүчөсү Лейла Сыдыкова билдиргендей, бирдиктүү тизме Ички иштер министрлигинин алдында топтолуп, ал аркылуу кылмыштуулук менен күрөшүү да жеңилдейт.
- Жаңы мыйзам бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө алып келет. Башка мамлекетте соттолгон биздин жарандар да бул тизмеде болот. Жалпысынан соттолгондор, мамлекетке төлөй турганы карызы барлар, үй камагында жүргөндөр, убактылуу кармалгандар, издөөдөгү адамдар, психикалык ооруканада жаткандар, атүгүл юридикалык жактар да ушул тизмеде болот.
Мыйзамда кимдер маалыматты тоскоолдуксуз алууга болоору да жазылган. Алсак, аны президент, ЖК төрагасы, БШК, соттор ж.б. күч органдары, сотторду тандоо кеңеши да ала алат.
"Кара тизмени" депутаттар да билгиси келет
Бирдиктүү реестрдин маалыматы жарандын өздүк тарыхын аныктоо, жооптуу кызматка дайындоо учурунда пайдаланылат.
Парламенттеги айрым депутаттар Жогорку Кеңеш да бир катар жетекчилерди кызматка дайындагандан кийин бирдиктүү реестр аларга да жеткиликтүү болушу керектигин айтат. Мыйзамда бир гана Жогорку Кеңеш төрагасы базадан маалымат алат дегенге каршы чыккан парламенттин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов:
- Депутаттар кызматка дайындашат, парламенттик комиссия түзөбүз, кайсы бир жарандын буга чейин соттолбогонун иликтейбиз. Ошондуктан эл өкүлдөрүндө да тоскоолдуксуз маалымат алууга укук болушу керек. Жок дегенде тийиштүү комитеттин төрагалары жана депутаттык комиссиянын төрагасына уруксат бериш керек.
Коррупциянын очогу болбойбу?
Ал эми Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов болсо, бирдиктүү реестрдин түзүүнүн кажети жок деп эсептегендердин бири:
- Кылмышкерлер ансыз деле ИИМдин тизмегинде турбайбы. Ал эми жөнөкөй жарандарды тизмеге алып эмне кылышарын билбейм. Мисалы, бир жаран үйүндө сууну туура эмес колдонсо деле тизмеге кирип калды. Кийин ошонусун пайдаланып басмырлоого алат же кызматка коёрдо кайрадан эле тизмеден мени алып сал деп соодалашуу күчөйт да. Бул жарандардын укугун дагы тебелегендик болуп калат.
Кылмышкерлер жана эреже бузгандардын бирдиктүү тизмегинде жарандар кылмыштын оордугуна карата 1 жылдан 25 жылга чейин же өмүр бою тизмеде кала берет. Ал эми тизмеден чыккан учурда деле анын маалыматы архивде сакталат. База толук изилденип бүткөндөн кийин гана өлкөдөгү криминогендик абал так билинээри айтылат. Бирдиктүү реестрден ошондой эле ар бир жаран өзүнүн тизмеде бар-жогун тактай алат.