Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

"Жылаңач" сайттарга тыюу салынды


Тыюу салынган сайттардын бири
Тыюу салынган сайттардын бири

Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөткөн интернет сайттардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Шаардык прокуратуранын доо арызын Бишкектин райондор аралык соту канааттандырып, натыйжада Байланыш агенттиги кырдаалды көзөмөлгө алат.

Бирок тыюу салынган сайттарды интернет провайдерлер чектей албасын адистер айтышат. Себеби ошондой сайттардын кеңселери чет өлкөдө болгондуктан, миң түркүн жолдор менен Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзө беришмекчи.

Өлкөдө сексуалдык кызмат көрсөткөн 7 сайт бар. Аларга "18 жаштан жогоркулар гана кирүүгө болот" деп жазылганы менен ар курактагы адамдар баш багууда. Сайт аркылуу кыздар менен таанышуудан баштап, төшөк кумарына чейин кыздарды чакырса болот.

Шаардык прокуратура бул сайттар аркылуу бойго жете элек кыздар сойкулукка тартылып жатат деп сотко кайрылып, колдоо тапты. Натыйжада Байланыш агенттиги бир айдын ичинде 31 провайдерге сексуалдык сайттарга бөгөт коюуга тапшырма бермекчи.

Байланыш агенттигинин маалымат кызматынын милдетин аткаруучу Айзада Исламалиева:

- "Электрондук байланыш жөнүндө" мыйзамдын 40-беренесинин негизинде Байланыш агенттиги бар мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Мыйзамсыз деп сот тарабынан табылган сайттардан маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарабыз. Соттун чечимине ылайык, байланыш операторлорго сайттарды блокко түшүрүү боюнча кайрылабыз. Эгерде болбой эле иштей берсе, мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартабыз.

Бирок иш жүзүнө келгенде сексуалдык кызмат көрсөткөн сайттарга тыюу салуу оңой иш эмес экенин “Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева билдирди. Бул сайттар чет өлкөдө болгондуктан IP-даректерин алмаштыруу менен гана абалдан жеңил кутулуп кетээрин айтат. Натыйжада операторлор сайттардын жолун торой албай, коомчулуктун да күткөнү ишке ашпай кала бериши мүмкүн.

- Соттун чечимин аткаруу операторлор үчүн абдан оор. Сайттар IP-даректерин өзгөртүп чыга беришет. Операторлор аларды аңдып отурганга убактысы да жок, милдеттүү да эмес. Аны операторлор далилдеш үчүн кымбат баалуу аппараттар керек. Ал аппараттарды сатып алууга операторлордун мүмкүнчүлүгү жетпейт.

Депутаттар да чектей албай коюшкан

Белгилей кетсек, мындан эки жыл мурун Жогорку Кеңеште депутаттар маалымат булактардагы сексуалдык мүнөздөгү жарнамаларга бөгөт коюшкан.

Өкмөт үй-бүлө институтун көтөрсө, миң ошондой сайт болсо дагы балдар кирбейт эле.

Ошол мыйзамдын демилгечиси депутат Кожобек Рыспаев “Азаттыкка” билдиргендей, долбоорго порно сайттарга да тыюу салуу демилгеленген. Бирок мыйзамдуу аткаруу дээрлик мүмкүн эмес болгондон улам сыналгы, гезиттеги рекламаларга тыюу салуу менен чектелишкен.

Депутат Рыспаевдин айтымында:

- Сайттардыкын тыя албайбыз деп биз ошондо эле мыйзамды иштеп жатканда айтканбыз. Бири Лондондо, бири Парижде туруп алып, маалыматтарды сайтка ыргыта берет, анан биз өзүбүздүн мыйзам менен тыя албайт экенбиз. Бирок Кыргызстанда катталган сайт болсо, тыйсак болот, чет өлкөдөгүлөр маселе бойдон калып жатат.

Аң-сезимди байытсак, сайт өзү жабылмак

Ал эми укук коргоочу Байгазы Эрматов билдиргендей, коомчулукта үй-бүлө институтун бекемдесек, кара тизмедеги сайттар өзүнөн өзү жоголмок дейт. Соңку учурдагы балдарга тиешелүү деңгээлдеги тарбиянын берилбей калышынан жаштар дагы терс жолдорго барып, анын ичинде туура эмес сайттарга баш багууда.

- Өкмөт үй-бүлө институтун көтөрсө, миң ошондой сайт болсо дагы балдар кирбейт эле. Азыр жаштарга тарбия берүүдөн аксап жатабыз.

Тыюу салууга чечим чыккан сайттар менен байланышып көрүү ийгиликсиз аяктады. Тилекке каршы алардан маалымат алуу үчүн сайттарында дареги да, телефондору да көрсөтүлгөн эмес.

Адистер “зыяндуу” сайттарды аныкташ үчүн алгач критерийлер иштелип чыгып, операторлордун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо зарылдыгын айтышат. Болбосо кара тизмедеги сексуалдык сайттар соттун чечими чыкканына карабай, күндөгүдөй эле ишин улантууда.

XS
SM
MD
LG