“Ош шамы” – ынтымактуу үй-бүлө

Өткөн жылкы коогалуу окуяларда Ошто аралаш улуттар эмгектенген мекемелер психологиялык жактан жабыр тарткандыгы айтылган. Кыргыз-өзбек иштеген айрым жерлерде бири-бирине карата күмөн саноолор, чочулоолор орун алып, стресстер болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен баары ордуна келүүдө. Шаардык "Ош шамы" гезитинде да кыргыз-өзбек тил табышып, ынтымакта иштеп жатышкан экен.
20 жылдык тарыхы бар "Ош шамы" гезити кыргыз жана өзбек тилдеринде жарык көрөт. 16 беттен турган басылма шаарда жана өлкөдө орун алып жаткан окуяларды чагылдыруу менен калаада улуттар аралык мамилени чыңдоодо негизги ролду ойнойт.

"Жамаат да эки улут өкүлдөрүнөн түзүлгөн", - дейт гезиттин редактор орун басары Назгүл Бостонбаева:

- Гезиттин жаралуу тарыхы да ынтымакташууга барып такалат. 1990-жылкы Оштогу коогалаңдан кийин эки улуттун интеллигенциясы чогулуп, "кыргыз-өзбектин ортосунда бир көпүрө, данакер болсун" деп ушул гезитти түптөшкөн. Ошондон бери бул гезитте ар улуттун маселелери чагылдырылып, ар улуттун өкүлдөрү чогуу, ынтымакта эмгектенип келет. Азыр да 15 кызматкердин үчөө өзбек улутунан.

Бостонбаеванын айтымында, өткөн жылкы окуялар кызматкерлердин мамилесине кесепетин тийгизген жок. Тескерисинче, алардын ынтымагы бекемделген экен:

- "Коогалаң башталды" деп укканда эле биз адегенде кесиптештерибизди ойлодук. "Эмне болду экен? Тынч бекен?" деп утур-утур телефон чалып кабарлашып турдук. Бирок ал кезде уюлдук байланыш таптакыр иштебей калган. Ошол боюнча кийин абал турукташкандан кийин көрүштүк. Биринчи келгенде аябай жаман абалда болдук. Алар да ыйлады, биз да ыйлап, кучакташып, чындап бири-бирибизге жакын экенибизди дагы бир жолу сездик.

Ал эми редакциядагылардын бири Ширманай Байназарова өзү өзбек улутунан болгонун, бул жердегилерди өз үй-бүлөсүндөй көрөөрүн айтат. Ал жолдошу менен гезитте иштегенине көп болду.

"Кандуу окуяда үйүбүз күйүп кеткенде да кесиптештерим жардам колдорун аяган жок", - дейт ал:

- Кыргызстанда канча улут болсо да бир максатта, бир туугандай иштешсе бир үй-бүлөдөй болуп калат. Биздин "Ош шамы" гезитинде иштегендер да бири-бирибизге бир туугандай мамиле жасайбыз. Эч кимде жаман көз караш жок. Анткени максатыбыз бир, ишибиз бир.

Мына каргашалуу окуядан кийин да гезитте иштегендер үйгө чейин барып, моралдык жактан да, материалдык жактан жардам берип турушту. Жамааттын колдоосу менен өрттөнүп кеткен турагыбызды да тикелеп алдык.


"Ош шамы" гезитине жаңыдан ишке келген Ибрагим Азимжанов так ушундай аралаш жамааттар улуттар арасындагы мамилелерди чыңдоого өбөлгө болуп берет деген ишенимде:

- Мен өзбекмин. "Ош шамында" иштеп жүрүп көп нерсени таптым.

Баарыбыз бир туугандай, аке-үкөдөй, эже-сиңдидей болуп калдык. Мен көп агаларды, тааныштарды, досторду таптым. Алар менен ар дайым биримдикте жүрөм. Биздин гезиттин жамааты башкаларга да ынтымактын чоң үлгүсүн көрсөтүп атабыз. Башка мекемелерде да ушул сыяктуу кыргыз-өзбек аралаш иштесе бул чоң жеңиш болот.


Деген менен былтыркы этникалык кагылышууда "Ош шамы" гезитинин жамааты да башка мекемелер сыяктуу эле психологиялык стресске кабылган. Бирок анын баарын бирге жеңүүгө туура келди.

Гезиттин башкы редактору Тургунбай Алдакулов "Азаттыкка" буларды айтты:

- Коогалаңдан кийин өзбектер менен кыргыздардын чогуу иштеп калышы коомчулук тарабынан таң калыштуу кабыл алынып жатты. Жамааттын ичиндеги кызматкерлер да бири-бирине карата күмөн саноо менен, чочулоо менен мамиле жасаганы байкалды.

Жалпы жонунан мындай жамааттар психологиялык "нагрузкага" кабылганын жашырып кереги жок. Бирок ошол кыйынчылыкты, оор түйшүктү биз жөнгө салып кете алдык. Биз мурдагыга караганда да бири-бирибизге болгон айоо, колдоо сезимдерибизди күчөттүк.


Улуттар аралык мамилелерди чыңдоодо интернационал жамаат түзүүдөн башка эки элди аралаш отурукташтыруу идеялары да айтылып келет. Мындай практика Ошто жер үйлөрдүн мисалында аткарылбаганы менен, жабыркагандар үчүн курулган кабаттуу үйлөргө кыргыз-өзбек кылып жайгаштыруу орун алууда. Бирок баарынан да бир мекемеде иштеген адамдар элди жакындаштырууда өзгөчө салым кошот дегендер арбын.