Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Мырзакматов «издеген чындык»


"Мен издеген чындык" китебинин бет ачаары. Ош, 27-июль.
"Мен издеген чындык" китебинин бет ачаары. Ош, 27-июль.

Ошто шаар мери Мелис Мырзакматовдун Ош коогалаңы тууралуу «Мен издеген чындык» аттуу китебинин бет ачаары өттү.

Мелис Мырзакматов бул эмгеги тууралуу журналисттерге маалымат берип, китеп өткөн жылкы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуяларга арналганын билдирди. Автор эмгегинде коогалаңдын келип чыгыш себептери, кимдер күнөөлүү экендиги жана ошондой эле калабанын мындан ары кайталанбашы үчүн эмне кылыш керек деген суроолорго жооп издептир:

- Мындай кайгылуу, мындай кандуу окуялардын мындан ары болтурбоо. Менин изденгеним ушул болуп атат. 90-жылдагы окуя 20 жылдан кийин кайталанып отурат. Ал эмес кан төгүлүү андан да көп болуп, андан да көп жабыркоо болду. Эгер биз Кыргызстандын коомчулугу оорунун диагнозун туура коюп, аны туура дарылабасак, бул окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт, - дейт Мелис Мырзакматов.

Коомчулуктун оорусу катары ал эмгегинде сепаратизмди, же бөлүп-жаруучулукту көрсөткөн. «Эл аралык комиссия белгилеген «кыргыздын этно-улутчулдугу» Оштогу өзбек лидерлеринин сеператисттик чакырыктарына, алардын Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө шек келтирген коркунучтуу аракетине каршы жаралган реакция болгон» деп бүтүм чыгарат автор.


Анын айтымында, бул китеп буга чейинки июнь окуясын иликтеген комиссиялардын корутундуларына жооп болмокчу:

- Комиссиялардын жыйынтыгында факты жок. Көчө ушактарынын, имиштердин эле негизинде жазылып калган. Менин китебимде тескерисинче, болгон окуя болгондой, фактылар ачык, так берилген. Фактысы жок эле бирөөлөргө айып тагып, бирөөлөрдү күнөөлөй берген болбойт. Бурмалап айтып жүрө берсек ал илдетти дарылай албайбыз. Ошон үчүн «Мен издеген чындыгымда» ала кушту атынан гана атадым.

380 беттен туруп, 3000 нускада жарык көргөн китеп окурмандарга бекер таркатылат. Азырынча окурмандардын калың катмары аны колго ала элек. Ага карабай китеп коомчулукта түрдүү пикирлерди пайда кылууда.

Оштогу «Адам укугу жана демократия» борборунун жетекчиси Идирис Кубатбековдун айтымында, окуянын жылдыгы өткөндөн кийинки шаар жетекчисинин ойлору коомчулукта резонанс жаратпай койбойт:

- Буга чейинки июнь окуясын иликтеген комиссиялар жыйынтыгын чыгарганда да түрдүү пикирлер айтылган. Бул китептин жарык көрүшү да ар кандай пикирлерсиз калбайт. Коомдук резонанс жаратышы да мүмкүн. Анткени китеп корутундулардын баардыгынан эң акыркысы болуп, башкача айтканда маалыматтардын топтому катары чыгып жатат. Бирок улуттар аралык мамиленин начарлашына өзүнүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп ойлобойм.

Ошол эле кезде китептин чыгышын шайлоо алдындагы саясий оюн катары мүнөздөгөндөр да бар. Оштогу «Акыйкаттык – чындык» коомдук бирикмесинин жетекчиси Равшан Гапировдун пикиринде, калаа башчынын бул китеби эмгеги жалаң чындыктардан турбайт:

- Июнь окуяларын калпып жазган болсо Мелис Мырзакматов өзү ойлоп тапкан, өзү токуган сөздөрүн келтирет да. Ал шаарды бир жакшылап айланып көрбөсө, же өрттөнгөн, талкаланган жерлерди түзүктөп билбесе анан эмнени жазат. «Китеп жаздым, акыйкатты жаздым» дейт, чындык жок. Шайлоо алдындагы кезектеги саясий оюндардын бири деп эсептейм мен муну.

Шаардык «Ош шамы» гезитинин редактору Тургунбай Алдакулов болсо китептин өзгөчөлүгү - автордун ачык позициясында деген ойдо:

- Бул китептин эң чоң өзгөчөлүгү - Кыргызстан элинин өзүнүн чындыгы бар. Ал чындык эч кандай башка пикирлерге сынбай, ийилбей - ал чындык жасалма эмес дегенди айткандай. Китепте кыргыз элинин позициясы так берилип турганы да көрүнүп турат. Бир чети окуянын арасында жүрүп, ошону токтотууга далбаса жасап, бирок кандайдыр рычагдардын, ички күчтөрдүн, же сырткы күчтөрдүн таасири астында кандуу окуянын токтото албай калган аргасыз адамдын ирээттүү көз караштары берилген.

Деген менен автор эмгегинде конкреттүү далилдерди келтирүү менен кандуу окуяга баа берип, анын кайталанып кетүүсүнө жол бербөө үчүн бир катар рекомендацияларды иштеп чыкканын айтууда. Сепаратизмди жоюу үчүн ал ашкере улутчулдукка малынбаган, этностор аралык толеранттуулукту чыңдаган «Улуттук биримдик концепциясын» кабыл алууну сунуштайт.

«Мен издеген чындык» китебинин жарык көрүшүнө жалпысынан 700 миң сомдон ашык каражат сарпталыптыр. Китеп эми орус жана англис тилдерине да которулат экен.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG