Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Комиссия корутундусуна кайчы пикирлер


Жалал-Абад, 17-июнь, 2010-жыл
Жалал-Абад, 17-июнь, 2010-жыл

Ошентип эл аралык көз карандысыз комиссия июнь коогалаңы боюнча корутундуларын жарыялады. Анда бир катар расмий жана күч органдарына сындар камтылган.

Эл аралык комиссиянын баяндамасында Кыргызстан Коргоо министрлигинин аскерлеринин мындай кагылышты токтотууга даяр эместиги, курал-жарактардын таланышына жол бергендиги өңдүү сындар камтылган.

Мындан тышкары тазалоо иштеринде өзбек тектүүлөр жыш жайгашкан кичи райондорго бир катар чабуулдарга барган деп айыпталууда. Бирок аталган министрлик бул сындарды бир жактуу деп эсептейт.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы зардалы, коргоо министринин биринчи орун Таалайбек Өмүралиев мындай дейт:

Ош, 21-июнь, 2010-жыл
- Жүз пайыз айта алам, мен өзүм башкарып жаттым, бүт жоокерлер, унаалардын бардыгы тең күчөтүлгөн тартипте учетто болчу. Кээ бир жерлерде айтып жатышат, жанагы жарандык кийимчен кишилер машиненин үстүндө жүрөт деп. Куткарганы барганда даректи билген киши керек. Бир же эки киши отургандыр. Андай учурлар болушу мүмкүн. Анан кошулуп алып “өзбек элин, же болбосо башка элди кырабыз-талкалайбыз” деп аскерлер барган окуялар болгон эмес деп айта алам.

Өмүралиев июнь коогалаңын басууга 2 миң аскер тартылганын тактады. Ири аймакты камтыган чыр-чатакты мынча аскер тез арада басууга мүмкүн болбоду, ошондой эле айрым жерлерде аскер кызматкерлери аз санда болгондуктан куралдардын сакталып калышына аралжы боло алышкан жок дейт Таалайбек Өмүралиев.

Мындан сырткары Коргоо министрлиги жергиликтүү тургундарды, анын ичинде чет өлкөлүк 3 миң чамалуу студентти коопсуз жайга көчүргөнүн, ошол учурунда куралчан топтор менен кагылышкан фактылар болгонун белгилейт.

Курал жайылып кетүү коркунучу

Полковник Өмүралиев эл аралык комиссия Коргоо министрлигинин жетекчилигине кайрылбаганын кошумчалады.

- Кандай туткун, канчасын куткардыңар, канча элди коопсуз жайга көчүрдүңөр, канча гумжардам жеткирип, канча элге тараттыңар, канча мушташтын ортосунда турдуңар деп сурашкан жок. Тиги жактан да, бул жактан да таш ыргытат, тиягынан, биягынан ок атылат. Ошол жерде солдаттар туткун болуп турушту да. Бирок ушулар тууралуу бизден сурашкан жок.

Жоокерлер жолдун жээгинде мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөрдүн кийимдерин табышты. Жалал-Абад, 17-июнь, 2010-жыл
Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Гүлcара Алиева күч структураларына карата айтылган сынга мындайча жооп кайтарды:

- Отчетто күч органдарынын кагылыш учурундагы ишмердигине сын-пикирлер айтылган. Биздин пикирде комиссия, ошондогу абалдын курчтугун жетишерлик деңгээлде көңүлгө алган эмес.

Аскерлер жана жана күч органдарынын кызматкерлери курал-жарактардын кеңири таралып кетпеши үчүн мүмкүн болушунча бардык аракеттерди жасашты. Кээ бир учурда ири өлчөмдөгү курал-жарактарды сактап калуу учурунда анча-мынча куралдар тартылып алынган фактыларды мисал келтире алабыз. Комиссия буга толугураак көңүл бурбаган окшойт
.

Макул-макул эмес

Эл аралык комиссия өзбек калкынын лидерлеринин бири Кадыржан Батыров менен маек кургандыгын, ал сепаратисттик чакырыктарды таштабаганын жана өзүнчө автономия сурабагандыгын жар салды. Ал эми андан мурдараак, июнь коогалаңын иликтеген Улуттук комиссия коогалаңдын келип чыгышына себепкерлердин бири катары Батыровду көрсөткөн болчу.

Ош, 14-июнь, 2010-жыл
Кыргызстандагы атайын бөлүктүн ардагерлеринин “Альфа-Антитеррор” уюмунун жетекчиси Артур Медетбеков буга карата өз ой-пикирин ортого салды:

- Гезит, журнал, интернет, сыналгыдан көп эле маалыматтар түшкөн. Кадыржан Батыров ошол Жалал-Абад облусунда өзүнүн жакындарын куралдандырып, катуу, мындайча айтканда, ич ара келишпеген сөздөрдү айтканы баарыбызга маалым. Ал эми ошол сепаратисттик, же болбосо ошол автономиялык облуска айландырыш үчүн ич ара иш жүргүзгөндөрү да маалым.

Эл аралык комиссиянын башчысы Киммо Килюнен докладдын бир катар жерлери менен кыргыз өкмөтү макул эместигин мойнуна алды. Ошону менен катар корутундулардын басымдуу бөлүгүнө бийликтер макул болгонун белгиледи.

Килюнендин айтымында, КМШ мейкиндигинде биринчи жолу Кыргызстан эл аралык көз карандысыз комиссиянын иликтөө иштерине уруксат берип, шарт да түзүп берген.

“Эл аралык отчеттун максаты чындыкты болушунча калыс айтуу жана жарашууга көмөктөшүү” деген Килюнендин оюна биз микрофон узаткан аткаминерлер менен аскер адамдары кошулууда.
XS
SM
MD
LG