Ногойбаев: Кылмыштуулук менен күрөш чала жүрүүдө

Уюшкан кылмыштуу топтун камалган мүчөлөрү боштондукка чыга баштаганын айрым депутаттар айтып чыгышты. Мурдагы ички иштер министри Болотбек Ногойбаев "Азаттыкка" маек курду.
“Азаттык”: Уюшкан кылмыштуу топтун камалган мүчөлөрү боштондукка чыга баштаганын айрым депутаттар белгилеп атышат. Бийликтин кылмыштуу топ менен күрөшүн кандай баалайсыз?

Болотбек Ногойбаев: Ички иштер жана башка кызматкерлер уюшкан кылмыштуу топ менен колдон келишинче күрөшүп жатканын көрүп жатабыз. 200дөн ашуун кишини кармадык деген маалымат чыккан болчу.

Аткаруучу бийликте сөзсүз тартип коргоо маселелери боюнча вице-премьер-министр болушу керек. Чынын айтканда бүгүнкү жасап жаткан иштердин көбү туура эмес. "Тигини мындай кылабыз", "МАИни кыскартабыз", "коррупция менен күрөшөбүз" деп эле будуң-чаң чыгарып жатышат. Бул профессионалдуу деңгээлде чечилиши керек.

Экинчиден, "2-3 айдан кийин силерди угабыз" деп мамлекеттин чоңдору милицияны кыйнап, бир рамкага салып койду. Булар мамлекеттик кызматкер болгондон кийин чоңдордун айтканын угат да, каякка бармак эле...

Ошондуктан чампалап эле эптеп бир нерсени кармап, албетте чоң-чоң иштерди жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты, бирок жанагы 200-300 дегендин арасына майдалары деле кошулуп кетти.

Муну шашпай, ар бир кылмыштуу топтун мүчөсүн карап, кайсыл жерден, кандай кылмыш кылган, аларга ким буйрук берет, жабырлануучулар ким, алардын маалыматы кандай болот, алгач берген көрсөтмөсү аягына чейин сакталабы, дагы башка далилдерди таап, ушунун бардыгын даярдап, анан кармаш керек. Мүшөккө салып, оозун бууганда чыкпайт. Анан эптеп эле мүшөккө толтуруп, же оозун бууй албай, же бууганга мүмкүнчүлүк болбой...

Албетте "милициялар жаман иштеп, жарым-жартылай бир нерсе кылып таштап койду" дегенден алысмын. Бирок андайы да бар, соттордун да, чиновниктердин да кылган иштери бир топ.

Максат Абакиров

Абакиров деп жатышпайбы. Бул деген көптөн бери эле жүргөн кылмышкер да. Бул кечээ эле кылмышкер болуп, жоопко тартылып жаткан жок. Ал мурдатан бери “Водолаз”. Анын “Водолаз” экенин билгениме он жыл болду. Анан көчөдө жүргөн эле адамга бирөө ушундай ат берип, кылмыштуу топко кошуп алмак беле?

“Азаттык”: Тартип коргоо кызматкерлери, ошол эле ИИМде отургандар өздөрү кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен коюн-колтук алышып, “доляга отурат” деген да сындар көп айтылат.

Болотбек Ногойбаев: Мен андай ойлордон алысмын. Азыр президент, өкмөт, эл-журт уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү керек деп турат. Бул багытта аракеттер көрүлүп атат. Мындай жагдайда милициялар кошулуп алып, “доляга отурду” дегенден алысмын. Мен оперативник катары айтайын, эгер милиция кызматынын чоңдору уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө кошулуп жүрсө, бирге чай ичип жүрсө, дароо маалымат жетет.