Апрель соту: айып бар, "айыптуу" жок

Апрель окуясында каза тапкандардын аты жазылган такта. 2013

Республикалык аскер соту 2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүүлөрдү жыйынтыктай баштады. Мурдагы президент Бакиевдин бийлиги маалында кызматта турган 28 адам сот жоопкерчилигине тартылууда.

30-мартта болуп өткөн соттук жараянда соттолуучулардын жактоочулары жарыш сөзгө чыкты. Анда соттолуучулардын адвокаттары алардын коргоосундагы айыпкерлердин каршылык акциясына чыккандарды атууга буйрук бергенин жана ок чыгарганын ырастаган далилдер жоктугун белгилешти. Ошондуктан айыпкерлерди толук актоо же буга чейин чектелген жазаны жумшартуу жагы соттон суралды. Жабырлануучу тарап, тескерисинче, соттолуучулардын жаза чарасын катаалдаштырууну талап кылды.

Соттолуучулардын жактоочулары жарыш сөздө

Апрель окуясы боюнча алты жылга чукул убакыттан бери чоюлуп келаткан соттук териштирүүлөр жараянга катышкан тараптарды жадата баштагандай. Адатта сот залына жык толгон жабырлануучулар менен соттолуучуларды колдоп келген жакындарынын арасы бул ирет бир топ суюлуп калганы байкалды.

30-марттагы соттук жараяндагы жарыш сөздөргө соттолуучулардын адвокаттары чыгып, айыпкерлердин кызыкчылыгын коргогон өз жүйөлөрүн келтирип сөз сүйлөштү.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевдин адвокаты Любовь Иванова анын күч түзүмдөрүнө тиешеси жок жалгыз жарандык кызматтагы адам болгонун айтып, мына ошол кезде анын кагаз иштерин камдоодон башка ыйгарым укугу болбогонун мисал келтирди. Ошондуктан адвокат Любовь Иванова Жороевди он жылга кескен баштапкы сот өкүмүн жокко чыгарууну сурады:

Апрель окуясында каза тапкандарды эскерүү. 2013-жыл

- Жороев 7-апрель күнү кечке чейин Ак үйдө болгону, президентке кирип турганы, анын иш бөлмөсүндө адамдар чогулуп турганы, ал ошол күнү кан төгүүнү токтотпогону жана кызматтан кетпегени үчүн деген негизде эркинен ажыратууну сурап жатышат. Мындан башка ага карата кандайдыр бир олуттуу айып коё турган дооматтар сот жараяндарында айтылган жок. Мен ушул негизде ага коюлган айыптооону, аны 10 жылга эркинен ажыратууну негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейм. Ошондуктан мурдагы сот өкүмүн жокко чыгарып, аны соттон актоону өтүнөм.

Кутулган Калыев, тутулган Турсункулов

Андан соң атайын кызматтын ошол кездеги төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев менен мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаевдин адвокаты Зарифа Барузова жарыш сөзгө чыгып, ал экөөнүн аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде аларды актоону соттон сурады. Мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев башында массалык адам өлтүрүүгө жана кызмат укугунан аша чабууга айыпталган эле. Анткени ал министрликтин “Скорпион” атайын бөлүгүнө Ак үйдүн ички жагын кайтарууга мыйзамсыз буйрук берген деп шектелген. Бирок баштапкы инстанция андан адам өлтүрүү боюнча айыпты кийин алып салып, аны жазадан бошоткон. Бул өкүмдү кийин мамлекеттик айыптоочу дагы колдогон.

Мыйзам алдында баары бирдей. Анан калса булардын арасынан бирөө дагы күнөөсүн моюнуна алып, жасаган ишине өкүнө турганын ушул кезге чейин айткан жок.
Чолпон Байбачаева

Адвокат Руслан Долаев анын коргоосундагы Калыев боюнча ошол өкүмдү күчүндө калтырып, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловду актоону сурады:

- Менин коргоомдогу Бактыбек Калыев боюнча биринчи инстанциянын сот өкүмүн өзгөртпөстөн, апелляциялык арызды канааттандыруусуз калтырууну суранам. Ал эми Нурлан Турсункулов боюнча биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө макул эместигимди билдирип, биз берген жүйөлөр жана негиздер боюнча арызды эске алуу менен ага карата соттон актоо өкүмүн чыгарууну суранабыз.

Өкүт бар, өкүнүч жок

Бирок жабырлануучу тарап мындай жүйөлөргө макул эмес. Алар башында “Ак үйдүн үстүнөн атылды делген октордун алты жылдан соң каяктан атылганы экспертизада жана тергөөдө аныкталбай калды” деген жүйөгө нааразы.

“Мекен шейиттери” коомунун адвокаты Чолпон Байбачаева соттолуучуларга карата, тескерисинче, жаза чарасын катаалдаштырууну талап кылды:

- 77 адам каза болуп, 306 адам жарадар болуп жатса. Анын ичинен ушул күнгө карата 36 адам алган жараатынан кайтыш болгон. Оор абалда жашап жүргөндөрдүн саламаттыгы ушул кезге чейин калыбына келе элек. Анан ошондой массалык кыргын кылгандарга кантип жеңил жаза чектесе болот? Мыйзам алдында баары бирдей. Анан калса булардын арасынан бирөө дагы күнөөсүн моюнуна алып, жасаган ишине өкүнө турганын ушул кезге чейин айткан жок. Буларга карата жеңилдетүүчү жагдай да жок. Ошондуктан аларды биз эң жогорку жаза чарасына – өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм кылынышын соттон талап кылабыз.

"Ата-Бейит"

Буга чейинки сотто мамлекеттик айыптоочу соттолуучуларга карата биринчи инстанция чектеген жаза чарасын калтырууну өтүнгөн. Анда «Альфа» менен «Арстан» атайын бөлүктөрүнүн мурдагы башчылары Алмаз Жолдошалиев менен Байыш Эсенбай уулу алты жылга эркинен ажыратылып, катардагы кызматкерлер жазадан бошотулган.

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга кесилген. Мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов жана президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев он жылга кесилип, камакка алынган. Он жылга кесилген Суталиновдун кеңешчиси Марат Бакиевге, катчылыктын жетекчиси Оксана Малеваннаяга жана өмүр бою эркинен ажыратылган ошол кездеги өкмөт башчысы Данияр Үсөновго сыртынан өкүм чыккан болчу. Бишкекте Ак үйдүн алдында 2010-жылкы элдик толкундоонун натыйжасында 77 адам окко учуп, 300дөн ашууну жараат алган.

Апрель соту. 29-март, 2016-жыл

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Апрель соту: жарыш сөз уланууда