Министр Шадиевге уулуу көмүр боюнча айып тагылды

Бишкек жылуулук борбору.

Кыргызстанга ташылып келген уулуу көмүр боюнча козголгон кылмыш ишке ылайык, энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге айып коюлду.
Башкы прокуратура Шадиев Кылмыш кодексинин 304-беренесине ылайык, өз кызматын кыянат пайдаланган, анын кесепети жарандардын мыйзамдуу укуктарынын бузулушуна алып келген деп билдирүүдө. Ал эми Шадиев ууланган көмүр боюнча өкмөттүн жана өзүнүн күнөөсү жоктугун, келишим түзгөн казак компаниясы милдеттерди так сактабаганын айтып келатат.

Чуулуу иш сот кароосунда

Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге мындай айып Кыргызстанга ташылып келген радиациялуу көмүр боюнча кылмыш ишинин негизинде коюлганын Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев маалымдады.


- Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча айып угузулду. Башкача айтканда, бул “жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы өзүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланса, эгер бул жосун жарандардын же юридикалык жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун жана мамлекеттин мыйзам тарабынан козголгон кызыкчылыктарын бузууга алып келсе” деген беренелер.

Башкы көзөмөл орган мындан тышкары Шадиевдин орун басары Кайрат Жумалиевге да шалаакылык боюнча айып коюууда.

- Министрдин орун басары Кайрат Жумалиевге Кылмыш-Жаза кодексинин 316-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча айыбы угузулду. Бул деген кызматка ак ниетсиз жана көңүл кош мамиле жасоо, кызмат адамы тарабынан өз милдеттерин так аткарбоо, же ойдогудай эмес аткаруу деп саналат. “Бул жосун жарандардын же юридикалык жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун жана мамлекеттин мыйзам тарабынан козголгон кызыкчылыктарын бузууга алып келсе” деген беренелер.

Өкмөт Бишкек жылуулук борборуна былтыр кышкы сезонго деп казакстандык “Кулан ТБ” ишканасы аркылуу 8.5 миң тонна көмүр ташып келген. Анын радиациялуулугу нормадан 8-10 эсеге көп экендигин депутаттар көтөрүп чыгышкан. Мындан тышкары, уулуу көмүр социалдык мекемелерге, мектептерге, жетим балдар жана карылар үйлөрүнө таратылганы жыл башында белгилүү болгон.

Башкы прокуратура өткөн жылы 11-январда Кыргызстанга ташылып келген радиоактивдүүлүгү жогору көмүр боюнча кылмыш ишин козгоп, бул сот жараяны азыр Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда каралууда. Бул боюнча 4 адамга айып тагылганын башкы прокурор Аида Салянова да билдирген болчу.

- Бул иш боюнча 4 адамга айыбы угузулган. Санэпидемстанциянын эки кызматкерине жана Бажы кызматынын эки кызматкерине айып коюлган.

Анткен менен бул окуя боюнча чоң кызматтагы жетекчилердин жоопкерчилиги каралбаганын депутаттар сындап келаткан.

Коюлган айыптар боюнча энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевдин өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Ал буга чейин көмүр сатып алуу мыйзам чегинде жүргөндүгүн, бирок казак компаниясы милдеттерди так аткарбагандыгын парламентте билдирген.

Шадиевдин айтымында, тендерге эки компания катышып, баасы кымбат болгондугу үчүн “Кулан көмүр” компаниясынын сунуштары четке кагылып, арзан деп “Кулан ТБ” ишканасынан көмүр сатып алуу чечими кабыл алынган.

- “Кулан көмүр” компаниясы тоннасын 26 доллардан сунуштаган. Бирок тендердик комиссия аны жокко чыгарган. Андан кийин “Кулан ТБ” жетишпеген документтеринин баарын алып келип берген. Ошонун ичинде радиациялык сыноолор боюнча документтерин, химиялык курамы, каржылык эсептери, күбөлүктөрү боюнча кагаздарын да тапшырган.

Шадиев көмүрдүн сапаты талаптагыдай болбогондугуна байланыштуу мамлекеттин эсебинен бир сом да компанияга төлөнбөгөнүн билдирген. Ошондой эле көмүр уулуу экени билинер замат аны сатып алуу токтотулганын жана бул көмүр жагылбаганын маалымдаган болчу.

Министрдин баш коргоо чарасы кандай болот?

Ал эми сот иши боюнча айыбы угузулгандан кийин министр кызматынан кетиши керек дегендер да болууда. Маселен, соттук-укук маселелери боюнча серепчи Кубатбек Кожоналиев айыбы угузулгандан кийин баш коргоо чарасы да өзгөрүшү керек деп эсептейт.

- Айыбы угузулгандан кийин баш коргоо чарасы тандалат. Мисалы, эч кайда чыкпоо тил каты, үй камагы, же убактылуу кармоо жайына кармоо боюнча чечимдер болот. Айыбы угузулгандан кийин кызматынан да чететтиш керек.

Ал эми ташып келген көмүрдүн сапаты начар болгондугун мойнуна алган “Кулан ТБ” компаниясы ал көмүрдү кайра ташып кетүүгө макул болгон. Учурда бул көмүрдүн көпчүлүк бөлүгү Казакстанга чыгарылып кеткени айтылууда.