Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Каназаров: Уу көмүр жасалма уруксат менен кирген


Казакстандын “Кулан” кенине таандык радиоактивдүү көмүрдүн айланасындагы чыр-чатактар уланууда.

Оппозициядагы жана бийликтеги саясатчылар бири-бирин кескин айыптай башташты. Бул маселеге байланыштуу Кыргыз өкмөтүнүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди

"Азаттык": Ушу тапта экологиялык, экономикалык чыгымдарды тарттырып, адамдардын саламаттыгына кесепетин тийгизип жаткан уулуу көмүрдү коопсуз жайга жашыруу башкы маселе болуп турат. Көмүрдү кайтаруу боюнча Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу ар кыл маалыматтар айтылып жатат. Бул боюнча сизде так маалымат барбы?

Каназаров: Радиациялык фону жогору деп табылган көмүрдү кайра артка кайтаруу боюнча ошол алып келген компания бүт жол чыгымдарын төлөп, Казакстанга кайра алып кетүүгө даяр экендигин билдирди. Менимче, жакынкы убактарда бул маселе оңунан чечилет.

"Азаттык": Бул сүйлөшүүлөр кайсы деңгээлде жүрүп жатат? Ишканалар ортосундабы же өкмөттөр ортосундабы?

Каназаров: Албетте, ишканалар ортосунда. Менимче, ошол көмүрдү алып келүүнү буйруган берген биздин “Электр станциялар” ишканасынын, анын Казакстандагы шериктештеринин жана көмүрдү бул жерге алып келген жергиликтүү компаниянын деңгээлинде. Бирок дипломатиялык жолдор да пайдаланылат. Себеби, бул Кыргызстандын ичинде чоң саясатка айланып кетти.

"Азаттык": Жаңжал чыкканына бир топ эле убакыт болуп калды. Эмне үчүн бул жаңжалды курчутпай, дароо басууга мүмкүн болгон жок? Эмне үчүн өкмөт бул маселеге батыл кирише алган жок?

Каназаров: Чуу силер билгендей ноябрь айында чыкты. “Ата Мекен” фракциясы Бишкек ТЭЦине алынып келинген көмүрдүн радиациялык фону жогору экен деп коңгуроо каккандан кийин маселе иликтенип, анын чындыгы тастыкталгандан кийин гана чаралар көрүлө баштады. Көмүр сентябрь-октябрь айларында алынып келинген.

Мисалы, “Кыргызжилкомсоюз” ишканасы көмүрдө радиациялык фон жогору экендиги аныкталгандан кийин аны кайра Казакстанга кайтарган, тендерди жеңип алган жеке компаниянын көмүрүн алуудан баш тарткан. Ошол замат артка кайтарылган.

Ал эми Чүй облусуна келген ошондой көмүр эмне үчүн артка кайтарылбагандыгы дыкат иликтенип, бардык тийиштүү кызматтар, кызматкерлер өз жазасын албаса, анда эртең, эки-үч жылдан кийин деле ушул кырдаал кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан, бир гана жолу бар: кырдаал иликтенип, тийиштүү жыйынтыктар чыгышы керек. Мисалы, ошол көмүр Кыргызстандын аймагына өткөндө Бажы кызматына тиешелүү эпидемиологиялык кызмат көмүрдүн фону нормалдуу деген кагазга кол коюп берген. Бишкек ТЭЦ тарабы да баары жайында деп кол коюп берген. Демек, бир катар деңгээлдеги көзөмөлдүн бардыгы көмүрдү текшербей туруп кол коюп берген. Албетте тиешелүү кызматкерлер жазасын алып, эң башкысы ушул кырдаал кайталанбагыдай жагдай түзүлушү керек.

"Азаттык": Кечээ парламент комитетинин жыйынында бир топ маселенин учу чубалгандай болду. Маселен, министр Шадиев айтып атат, ошол кездеги ЖК төрагасы Келдибеков Кулан көмүрү боюнча кайрылды эле деп. Депутат Абдылдаев айтып атат, өкмөт жетекчилигинин буйругусуз көмүр ташылбайт тыштан, ошол кездеги өкмөт башчы Атамбаевди, анын орун басары Бабановду прокуратура сураш керек деп. Деги радиациялуу көмүрдү ташып киргизүүгө уруксатты ким берген? Мисалы, премьер-министр ачыктай алабы, өзүнүн тиешеси бар же жок экенин?

Каназаров: Премьер-министр бул маселеге өзүнүн такыр тиешеси жок экенин ачык айта алат. Кечээ парламентте Шадиев ачык эле айтты, ошол кездеги спикер Акматбек Келдибеков телефон чалып, так ушул “Кулан ТБ” ишканасынын көмүрүн аласың деп айткан деп. Бүгүнкү күндөгү Кыргызстанда чоң саясатка айланып жаткан чырлуу көмүрдү азыркы оппозициялык фракциянын мүчөсүнүн мамлекеттик органдарга таңуулагандыгы – бул Кыргызстандын саясатында түзүлгөн бир уникалдуу көрүнүш.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG