Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Исаков: Уулуу көмүрдү эбак эле чыгарыш керек эле


Казакстандын Кулан кенинен келген көмүрдөгү радиациянын деңгээли тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Төлөн Исаков маек курду.

- Сиздер буга чейин Кулан кенинен Бишкек жылуулук борборуна ташылып келген көмүрдүн радиоактивдүүлүгүн текшерип чыккансыздар. Ал эми башка аймактардагы социалдык объекттерге таратылды делген көмүрдүн канчалык уулуу экени сиздерге белгилүүбү?

- Ооба, Бишкек жылуулук борборуна алынып келген көмүрдөн тышкары Чүй облусундагы 14 мектепке жана Ысык-Атадагы Серофимовка интернатына берилген көмүрдү биз текшердик. Ошол жерден радиоактивдүүлүк деңгээлинен ашып кеткени далилденди. Мындан улам биз “көмүрдү алып чыгып кетиш керек” деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка органдарга маалыматтарды жибергенбиз.

- Чүйдүн кээ бир мекемелеринде бул көмүрлөр жагылып, андан жабыркагандар бар деп айтылып жатат. Эгер тиешелүү чаралар көрүлбөсө, радиациялуу көмүрдүн адамдарга, экологияга кандай зыяны болушу мүмкүн?

- Бул көмүрлөр тиешелүү комиссия тарабынан көзөмөлгө алышы керек деп жолдомо берилген. Көмүр жагылып, жагылбай жатканын далилдеп, тиешелүү органдар сөзсүз түрдө чара колдонушу керек эле. Эгерде көмүр жагылып кетсе, радиоактивдүүлүк айлана-чөйрөнү булгашы мүмкүн.

Анын үстүнө жагылган көмүрдөн чыккан күлдөр да курулушка колдонулуп кетиши мүмкүн. Аны алдын алып, көзөмөлгө алуу кыйын. Радиоактивдүү көмүрдүн күлүн да колдонгонго болбойт. Көмүрдү башынан эле алып чыгып кетиш керек эле.

- Негизи эле көмүрдү, же кендин башка түрлөрүн Кыргызстанга алып келээрде аларды кимдер текшериш керек эле?

- Азыр прокуратура менен тиешелүү органдар бул жагдайды изилдеп жатышат. Өздөрүнүн тыянагын чыгарышат болуш керек. Мен ойлойм, азык-түлүк болобу, көмүр болобу, бардык товарды өзгөчө кырдаалдар министри же бажы кызматкерлери болобу чек арадан өткөрбөй, киргизбеш керек болчу.

Булар болсо Бишкекке алып келип, анан бизге текшерип бергиле деп кайрылып жатышпайбы. Биз барып текшергенден кийин радиоактивдүүлүгү жогору болуп чыкты.

- Ошол эле чек арада, бажыканада санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматкерлери иштешпейби?

- Албетте алар отурат, иштешет. Эми мунун баарын тең тиешелүү органдар далилдеши керек. Кимдин күнөөсү бар, кимдер алып келгенин тиешелүү органдар айтып бере алышат.

- Негизи ар бир таш көмүрдө радиация болот деп айтылат го... Норма кандай болуш керек?

- Айлана-чөйрөдө табигый фон катары радиация кездешет. Радиациянын деңгээли 25-30дан ашпашы керек. Ал эми Бишкек жылуулук борборундагы биз текшерип чыккан көмүрдө тогуз, он эсеге ашып кетип жатпайбы.

Ушуга байланыштуу көчөлөрдө мүшөк менен сатып жаткан көмүрлөрдү, бүт облустарда, Бишкекте сатылып жаткан Кара-Кече, Шабыркүл өңдүү таш көмүрлөрдү текшерип чыкканбыз. Алардын радиоактивдүүлүгү нормада деп айтууга болот. Эл тынчсызданбай эле койсо болот.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG