Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Кыргызстан жашыл өлкөлөрдүн тизмесинде 101-орунда


Бишкектин эмен багындагы санаага салган сары жалбырактар.
Бишкектин эмен багындагы санаага салган сары жалбырактар.

АКШдагы Йел университетинин дүйнө өлкөлөрүндө экологияны коргоо боюнча иликтөөсүндө Кыргызстан коңшуларынан алдыда.


Бул көрсөткүч Борбор Азиядагы коңшуларына салыштырмалуу Кыргызстан айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасайт дегенди билдирет. Бирок иликтөөдөгү белгилүү бир категориялар боюнча алып караганда, Кыргызстан Тажикстан менен Өзбекстандан артта калган.

АКШдагы абройлуу Йел университети Дүйнөлүк банк, Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык институттардын маалыматтарына таянуу менен түзгөн экологиялык индекстин максаты - тигил же бул өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо саясатындагы жетишкендиктери менен кемчиликтерин бөлүп көрсөтүү.

Йел менен кошо Нью-Йорктогу Колумбия университети жана Швейцариядагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун адистери бирге жасаган иликтөөнүн жүрүшүндө 132 мамлекеттеги экологиялык кырдаалды он категория боюнча карашкан.

Экологдор Кыргызстанда ак илбирстин тукуму үзүлүүдө деп коңгуроо кагат
Экологдор Кыргызстанда ак илбирстин тукуму үзүлүүдө деп коңгуроо кагат

Алар: айлана-чөйрөнүн тазалыгы, булганган суу менен абанын адамдын ден соолугуна жана экосистемага тийгизген таасири, биотүрдүүлүк жана табият, токойлор, балыкчылык, айыл чарбасы, суу ресурстары, климаттын өзгөрүүсү өңдүү чөйрөлөр.




Йел университетиндеги илимий долбоордун директору Анжел Хсю Кыргызстандагы экологиялык кырдаалга мындайча баа берди:

- Менимче жалпы жагдай Кыргызстанда жаман эмес. Тенденциялар индексине келгенде абдан төмөнкү орунду алганы (132 өлкөнүн ичинен 127-орун) ал көптөгөн категориялар боюнча кандайдыр бир алгалоону көрсөтпөгөнү менен түшүндүрүлөт. Акыркы он жылдыкта Кыргызстан негизинен туруктуу жана бир калыпта кетүүдө. Мындан сырткары климаттын өзгөрүүсү боюнча айрым дурус кадамдарды жасады. Акыркы он жылда энергияны кайра калыбына келүүчү булактардан алуунун үлүшү көбөйдү. Андыктан мен Кыргызстандагы кырдаал коңшу Казакстандагыдай деп ойлобойм.

Кыргызстан иликтөөдө камтылган 132 өлкөнүн ичинен 101-орунда. Коңшулардан Тажикстан 121, Казакстан 129, Өзбекстан 130, Түркмөнстан 131-орунга жайгаштырылган.

Көмүр жакпагандын пайдасы

Анжел Хсю кошумчалагандай, бүткүл дүйнө боюнча акыркы он жылда таза сууга жана санитардык стандарттарга жетүү жагы жакшырды. Бирок көп өлкөлөр башка чөйрөлөрдө, анын ичинде климаттагы өзгөрүүлөрдүн кесепетин азайтуу жагынан артка кетишти.

Маселен, Казакстанда абага чыккан булганган газдардын көлөмүнүн рекорддук чекке чыгышы - быйылкы тизмеде кескин ылдыйлап, 129-орунга түшүшүн шарттаган башкы факторлордун бири болгон:

- Казакстан климаттын өзгөрүшү жана абанын тазалыгы боюнча эң төмөнү көрсөткүчтү берди. Бул алар көмүргө көбүрөөк көз каранды экендигинде. Абага чыккан көмүр кычкыл газынын 45% көмүр менен иштеген электрстанциялардын үлүшүнө туура келүүдө. Мен байкагандай, аларда энергетика секторунда кайра калыбына келип туруучу булактардан алынуучу энергияны колдонууну кеңейтүү боюнча мамлекеттик саясат жокко эсе.

Жашыл өлкөлөрдүн жаңы тизмесинде аягынан караганда экинчи орунда жайгашкан Түркмөнстанда уулуу газдардын бөлүнүшү, таза суу менен абанын сапаты, таштандыларды зыянсыздандыруу, айыл чарбасындагы сугат жагынан чоң көйгөйлөр бар.

Биотүрдүүлүк азаюда

Тажикстан менен Өзбекстан жалпы тизмеде Кыргызстандан артта турганы менен Йел университетинин иликтөөсүндө эске алынган айрым категориялардын оңолушу жагынан Кыргызстандан алдыда. Өзбекстандагы терс көрүнүштүн бири катары биотүрдүүлүктү сактоо боюнча иштин начардыгы айтылган.
Кыргызстан негизинен туруктуу жана бир калыпта кетүүдө. Климаттын өзгөрүүсү боюнча айрым дурус кадамдарды жасады

Экология агенттигинин экологиялык стратегия жана саясат боюнча башкармалыгынын башкы адиси Бекболот Маматаиров Кыргызстанда мындан үч жыл мурда Кызыл китеп жаңыланып, анда жоголуп бараткан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн саны көбөйгөнүн белгилейт:

- Жаратылышта жоголуу коркунучу бар деген өсүмдүктөр менен жаныбарлардын саны көбөйдү. Кызыл китептин мурунку басылышында алардын саны 180дин тегерегинде болчу, азыр 202. Алардын санынын кыскарып бараткандыгында албетте, адам факторунун да салымы бар, бирок көбүнесе климаттагы өзгөрүүлөрдүн таасири тийүүдө.

Ал эми жалпы дүйнөлүк алкакта Йел университетинин быйылкы тизмесинде табиятка өтө аяр мамиле жасаган алдыңкы беш өлкөнүн катарында Швейцария, Латвия, Норвегия, Люксембург жана
Коста-Рика турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG