Кыргызстан Бажы биримдигине кабыл алынды

Москвада Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча келишимге кол коюлду. 23-декабрь, 2014-жыл.

23-декабрда Москвада Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча келишимге кол коюлду. Эми ал келишим Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерде ратификациялангандан кийин күчүнө кирет.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Бажы биримдигин түптөгөн Орусия, Казакстан, Беларус жана Армениянын президенттери Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча келишимге кол койду.

Президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы кол коюудан кийин буларды билдирди:

- Кол коюлган келишимде Кыргызстандын кошулушунун ачык жана адилеттүү шарттары аныкталганын айткым келет. Келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү, бирдиктүү бажы төлөмдөрү, аны колдоно баштоо мөөнөтү, Кыргызстандын үлүшү, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында бажы көзөмөлүн алып салуу убактысы аныкталды. Кыргызстан келерки жылдын 9-майына карата, Улуу жеңиштин юбилейине карай Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп каларына үмүт артам.

Кол коюлган келишим күчүнө кириши үчүн биримдикке кирген өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан ратификацияланышы керек. Мына ошондон кийин келишим күчүнө кирип, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болуп калат.

Айрым эксперттер Кыргызстандын бажы бекеттери жана санитардык-ветеринардык лабораториялары Бажы биримдигинин талаптарына даяр эместигине байланыштуу мөөнөттөр созулуп, күз айларына барышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирди

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча негизги чечимдер президент, өкмөт, парламент тарабынан кабыл алынганга карабай сындар токтой элек. Эксперттердин бир тобу Кыргызстан кыйчалыш учурда Бажы биримдигине кирип баратабыз десе, экинчи тобу даярдыксыз жана кабарсыз кирип баратабыз деген ойду айтууда.

Карапайым калк эмес, Жогорку Кеңештин депутаттары да Бажы биримдигине кирүү боюнча келишим жана анын тиркемелери менен тааныш эместигин билдирүүдө. Маселен, депутат Өмүрбек Абдырахманов:

- Парламент бир чечим кабыл алышы керек эле. Президенттин демилгесин колдойбуз, кириш керек деп. Бирок андай кылган жок. Эч нерсеге карабай баратышат. Өздөрү чечти. Өздөрү кирип жатышат. Болгону мыйзамдарды кабыл алып келишти. Алар дагы биринчи, экинчи окууда гана кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Жоомарт Сапарбаев 22-декабрда болгон комитет жыйынына өкмөт келишимдин долбоорун өтө шашылыш түрдө алып келгенин айтып, аны менен кенен-кесир таанышууга мүмкүн болбогонун белгиледи.

Экономист Азамат Акелеев Бажы биримдигине кирүү мөөнөтү ылайыксыз учурга туш келди деген пикирде:

- Кырдаал абдан оор болуп жатат. Орусияда экономикалык абал дагы оор. Мына ушундай шартта биз маселеси көп уюмга кирип жатабыз. Өз ыктыярыбыз менен кризиске батып жатабыз. Бул жерде көптөгөн маселелер бар. Акыркы эки жылда экономика өнүгүп келаткан. Эми кризиске байланыштуу биздин экономикага бир топ сокку болот.

Президент Алмазбек Атамбаев Бажы биримдигине кирүү алдында орус маалымат каражаттарына берген интервьюсунда Кыргызстандагы ар кандай чочулоолор негизсиз экенин, Кыргызстан стратегиялык өнөктөш болгон Орусия жана Казакстан менен биригүүгө баратканын белгилеген. Кыргызстан биримдикте айыл чарба продукциясына жана тигүүчүлүк тармагына басым жасарын президент кошумчалаган.