Чатагы бүтпөгөн Бел-Алма кени

Бел-Алма көмүр кенинин айынан Баткендин Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын эли эки жаатка бөлүндү.

Кенге байланыштуу маселелер боюнча өкмөт өкүлдөрү жана депутаттардан турган топ 22-декабрда Майданда жыйын өткөрдү. Алар көмүрдү “Беш-Арча компаниясынын казуусун колдошсо, жергиликтүү тургундардын бир тарабы буга каршы.

Ызы-чуу коштогон чогулуш

Майданда Бел-Алма кени боюнча чогулуш ызы-чуу менен коштолду. Он чакты жаалданган аял “Беш-Арча” компаниясынын көмүр казуусуна байланыштуу маселелерди көтөрүп жүргөн жергиликтүү укук коргоочу Роза Маманованы жулмалап, жыйынга киргизбей койду. Ушул эле аялдар жыйында да нааразы тараптын өкүлдөрүн сүйлөтпөгөнгө аракет кылышты. Кызыгы аларды райондун акими Акрам Мадумаров баштаган аткаминерлердин эч кимиси "кой-ай" деген жок. Мындан улам ал аялдар тобун аким өзү даярдаган деген доомат да болду.

Жыйында Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев “Беш-Арча” компаниясын ачык колдоп сүйлөп, кен быйыл жазында сынак аркылуу сатылганын белгиледи:

- Кен боюнча бардыгы менен соттошуп, былтыр Бел-Алма толугу менен мамлекетке өткөн. Биздин, Кыргызстандын жигиттеринин “Беш-Арча” фирмасы бир миллион доллардан ашык каражатты бюджетке төлөдү. Тарыхта мындай болгон эмес. Тарыхта дегеле кендер боюнча сынак болгон эмес. Мындан мурунку төрт компанияга лицензия 300 сомдон эле сатылган. Бекер берилгендей болгон, бирок кимдир бирөөлөр мунун айынан өзүнүн чөнтөгүн толтурган. Биз ачык сынак өткөрүп, миллион долларды казынага түшүрдүк.

"Беш-Арча" компаниясы ушул жылы жазында сынактан утуп, кенди чалгындоого лицензия алган. Бирок Майдан айыл аймагынын айрым жергиликтүү тургундары аталган компания жайы бою тонналап көмүр казып чыкканын айтып, ага видеотасманы далил келтирген. Компаниянын жетекчиси Улан Мамытов дооматтардын баарын четке кагып жатат:

- Биз 2006-жылдан бери көмүр казып келатабыз, тажрыйбабыз бар. Жалил Атамбаевге эч тиешем жок. Мен өзүм эле иштеп жатам. Эгер сынакта утулуп калган компаниялар келсе, иштешели десе, мен аларды кабыл алганга даярмын. Бел-Алма боюнча буга чейин лицензия алган, кийин лицензиясы жокко чыгарылган "Жаңы-Доор" компаниясына тиешебиз жок. Бизди алардын "жасалмасы" деген сөз да негизсиз.

Өткөн жумада “Беш-Арчага” каршы тарап бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдогон. Анда көмүрдүн мыйзамсыз казылышына жол берип жатат делген он чакты адамдын аты аталган. Кайрылуу жолдогондордун бири, Майдандын тургуну Сейиткасым Эрмеков мындан ары да нааразылык аракеттер улантыларын айтты:

- Биз мыйзамдуулукту талап кыла беребиз. Ууру жазасын алыш керек. Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев өзү августта кабар алгам деп жатат. Ал эми Экотехинспекциянын актысын алган эмесмин дейт. Бирок бул инспекция 15-сентябрда бербедик беле десе, кайра алганмын деп жатат. Эми анын кайсы сөзүнө ишенсе болот? Эгер алганы чын болсо, демек, ошондо эле чара колдонуп, лицензиясынан ажыратыш керек эле.

Бел-Алма маселеси тууралуу өткөн аптада Жогорку Кеңеште да сөз болгон. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жанар Акаев “Беш-Арчанын” жана анын мыйзамсыз иш-аракеттеринин артында коомчулукта Оштун "көмүскө кожоюну" катары таанымал, Ош аэропортунун милиция башчысы Жалил Атамбаев турарын билдирген. Ал тиешелүү органдарга чукул арада чара көрүүнү тапшырган. Жанар Акаев бул маселе боюнча эмки жумада депутаттык комиссия түзүлөрүн маалымдады жана мында өзүнүн жеке кызыкчылыктары бар деген дооматты четке какты:

Жанар Акаев Жогорку Кеңеште кесиптештери менен

- Биз акыйкат депутаттык комиссия түзбөсөк өкмөт, анын ичинде Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев “Беш-Арчанын” адвокаты болуп, аларды ачык коргоп жатат. “Беш-Арча” болсо элдин баарын сатып алганга аракет кылууда. Топоз союп, улак тартыш уюштуруп, ар бир үйгө үч тоннадан көмүр түшүрүп берип, биз эле жакшыбыз деп аракет кылып жатат. Мурдагы компаниялар да уурдачу, биз болсо ыймандуу уурдайбыз, мына силер менен бөлүшүп жатабыз го дегендей саясат жүргүзүүдө.

Кеминде 70 миллион тоннадай көмүр жаткан Бел-Алма боюнча арыздарды ушул тушта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын Баткендеги өкүлчүлүгү териштирип жатат. Буга чейин да бир канча кылмыш иш козголгон, бирок бирөө да сотко жете элек.