Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Бел-Алманын уурдалган көмүрү...


Бел-Алма кенинде болжол менен  70 миллион тонна көмүр бар.
Бел-Алма кенинде болжол менен  70 миллион тонна көмүр бар.

Баткендин Кадамжай районунун айрым тургундары Бел-Алма көмүр кенине байланыштуу өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдоду.

Анда аталган кенди "Беш-Арча" ишканасы коррупциялык айла-амалдар, мыйзам бузуу менен казып жатканы айтылат. Ишкана болсо мындай дооматты четке кагууда.

Бел-Алма көмүр кенине байланыштуу маселе 16-декабрда парламенттин жыйынында да сөз болду. Анда көмүр казып атканын ишкананын артында коомчулукта Оштун "көмүскө кожоюну" катары таанымал Жалил Атамбаев турары айтылды.

"Кара алтынга" бай Бел-Алма

Бел-Алма көмүр кени Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагында жайгашкан. Болжол менен кен чыкчу жерде 70 миллион тонна көмүр бардыгы аныкталган. Көмүр карьердик ыкма менен казылгандыктан "кара алтын" казып алууга көп деле чыгым кетпейт. Республикалык маанидеги кен болгондуктан ушул жылдын май айында кенди иштетүүгө сынак жарыяланган, анын жыйынтыгында “Беш-Арча” ишканасы утушка ээ болгон. Ишкана алгач кенди чалындоого лицензия алган, кийинчерээк, тактап айтканда, ушул жылдын октябрь айында казып алууга уруксат кагазына да ээ болгон.

Кадамжайдагы Майдан айыл аймагынын айрым тургундары бир канча убактан бери кенге байланыштуу кырдаал тууралуу даттанып жүрүшөт. Алардын бири Сайдыкасым Эрмеков кенге лицензия берүү иштери башынан эле мыйзам бузуу менен жүргөнүн айтып берди.

- 2011-жылы “Жаңы-Доор” деген жоопкерчилиги чектелген коом кенди чалгындоого лицензия алган. Анан 2013-жылы аларга казып алууга лицензия берилген. Бирок териштире келгенде ал лицензия жасалма болуп чыккан. УКМК тарабынан иш козголуп, мамлекетке 45 миллион сом чыгым келди деп табылган. Бирок ушул күнгө чейин анын жыйынтыгы чыккан жок. Ошону менен эле тим болбой, жазында сынак уюштуруп, анда “Беш-Арча” утту. Алар болсо көмүрдү уурдап сата баштады. Биз жергиликтүү бийликке кайрылып жатабыз. Бирок аким бизди коркутууга чейин барды. ОБОНдорду уюштуруп түрдүү жаман сөздөрдү айтып жатат.

Эрмековдун ырасташынча, “Беш-Арчанын” артында таасирлүү адамдар турат жана жайды-жайлата көмүрдү тонналап казып жатканын жергиликтүү тургундар видеого тартып да алышкан экен:

- “Беш-Арча” чынында “Жаңы-Доордун” эле кубулмасы. Ошол эле Жалил Атамбаев, Мамасали Козуев, мурунку депутат Акылбек Султанов аларды жогору жактан колдоп келген болсо, бүгүн деле ошолордун таасири менен иштетип жатат. Чынында өкмөттүн кеңсесинен Бел-Алмага чейинки жол 75 эле чакырым. Бирок уурдап казып, изин жазгыруу үчүн андан үч эсе узун жол салышты. Казылган көмүр таразаларга тартылган жок. Ушул күнгө чейин 300-400 миң тонна көмүр казылып кетти. 2013-жылы болсо 600 миң тоннага чейин көмүр казылып кетти деп аныкталган. Ал жакта болжол менен 90 миллион тонна көмүр бар. Ал кен турган жер жайлоо да. Жайлоого чыккан малчылар көмүрдү колу менен казып пайдаланып келген. Бирок жүз жылдын ичинде эми ашып кетсе 100 тоннадай эле көмүр казылса керек. Казып жаткан жерде көмүрдүн үстүндө 15-30 сантиметрдей эле калыңдыкта топурак жатат. Үстүн ачуунун зарылдыгы деле жок. Казып эле жүктөп алып кетип жатышат.

Исфайрам дарыясы
Исфайрам дарыясы

Абдилашим Отунбаев да Майдан айыл аймагынын тургуну. Ал "Беш-Арчанын” кен казуу боюнча тажрыйбасы жок, мындан улам мөңгүгө зыян келип, миңдеген адам пайдаланган Исфайрам дарыясына кесепети тийиши мүмкүн деп эсептейт:

- Мунун артында өтө күчтүү күчтөр бар. Мына дароо эле №1 келишимди беришти, андан кийин 10-15 күн өткөндөн кийин дароо эле №2 келишимди беришти. Сынак боюнча түзүлгөн комиссияда бир да тоо-кен боюнча адистин жоктугунан ушундай иштер болуп жатат. Сабатсыз кадрлардын айынан ушундай болуп жатат. Биздин экология эмне болот деген маселе бар. Исфайрам дарыясы ошол жерден башталат. Июнь айынан ноябрь айына чейин уурдалып казылган көмүргө ким жооп берет? Ал жерде күнүгө кеминде миң тоннадан көмүр казылып жаткан. Уурдалган көмүр үчүн “Беш-Арча” жоопко тартылышы, алган лицензиялары жокко чыгышы керек. Алардын казууга эч кандай укугу жок болчу. Ошондуктан чет өлкөлүк болсо дагы ниети ак, мыйзам менен иштеген башка компанияларга берүү керек.

Бел-Алма кениндеги мыйзамсыз көмүр казуу. УКМКнын видеосу. 25.02.2014
Бел-Алмадагы бекер көмүргө маарыгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

"Беш-Арча" эмне болгон компания?

Миллондогон тонна көмүр жаткан кенди казууга укук алган “Беш-Арча” компаниясы тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Интернетте анын аты Бел-Алмага байланыштуу гана аталат. Ишкананын жетекчиси Улан Мамытов "көмүр мыйзамсыз казылып жатат, ишкананын тажрыйбасы жок, ал Жалил Атамбаевге таандык" деген өңдүү дооматтарды четке какты. Бирок Бел-Алманы казып баштаганга чейин алар эмне менен алектенишкен, октябрь айынан бери канча тонна көмүр казылган деген суроолорго жооп берүүдөн баш тартты:

- Кудай кааласа ишти баштадык. Жаңы төрөлгөн бала деле дароо басып кетпейт го. Биз кудай кааласа эми басабыз. Биздин ишкана курулуш компаниясы болгон эмес. “Беш-Арча” компаниясы тоо-кен тармагында иштеп келген. Конкреттүү эмне иш кылып келгенин айта албайм. Бирок тажрыйба бар. Канча тонна көмүр казганыбызды да айтпайм. Эми элдер ар нерсени эле айта берет экен. Биздин артыбызда Жалил Атамбаев же дагы башкалар, немис, кытайлар жок. Мен кыргызмын, Кыргызстандын эле жаранымын. Менден башка эч ким жок. Өзүм Оштон болом. Жалил Атамбаевди мындай тааныйм, бирок бизге байланышы, тиешеси жок.

Улан Мамытов аймакка социалдык жардам берилет деп ишендирип жатат:

- Мына бала бакча курулганы менен каражат жоктугунан эмеректер, муздаткыч өңдүү буюмдар, идиш-аяк, балдар ойной турган аянт жок экен. Ошонун баарын сатып, жасатып бердим. Дагы бир бала бакчанын чатыры жабылбай турган экен, аны да жаап берейин деп жатам. Жолдорун оңдойм, мектеп салам, суу чыгарам, бардыгын кылам. Эмне керек экенин айткыла деп сүйлөштүк. Келишимдерди түзгөнү жатабыз. Жумушчулардын 80 пайызын ошол айылдан алам. Тоо-кен тармагында иштей турган кадрларды ушул айылдан даярдайлы, окууга тапшырып, контрагын төлөп берели деп жатабыз.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кенди пайдаланууга уруксат берүү башкармалыгынын жетекчиси Руслан Курумшиев "Беш-Арчанын" лицензиясына байланыштуу төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

- Бул компания чалгындоо иштерин жүргүзгөндөн кийин алган аянттын бир кичирээк бөлүгүн, эки миллион тоннага жакын көмүр жаткан жерди мамлекеттик запастар балансына койду. “Жер казынасы тууралуу” мыйзамга ылайык, эгер чалгындап жаткан компания өзү баланска койсо, анда кен казууга укук берилет. “Беш-Арча” ошол укугунан пайдаланып ошол баланска койгон аянтты иштетүүгө 26-октябрда уруксат алды. Лицензиялык келишим боюнча булар техникалык келишим тапшырышы керек. Ал үч корутунду алышы керек, андан кийин жер маселеси чечилиши керек. Алар ошол иштердин баарын аткаргандан кийин көмүр казууга лицензия берилген. Баланска коюлган жерден башка жерлерде дагы деле чалгындоо иштери жүрүп жатат.

Сотко чейин жеткен талаштар

Акрам Мадумаров - Кадамжай районунун акими. Ал кенге байланыштуу жагдай көзөмөлдө деп ишендирип жатат:

Акрам Мадумаров
Акрам Мадумаров

- Текшерүүнүн натыйжасында “Беш-Арча” компаниясы жайыттар аркылуу кенге мыйзамсыз жол салганы аныкталып, Экотехинспекция 75 миң сом айып салган. Алар төлөп беребиз деп убада беришти. Андан кийин көмүр мыйзамсыз казылып жатат деген бир канча дооматтар түшкөн. Мен ал боюнча райондук прокуратурага кайрылып, муну териштирип, укуктук баа берүүнү сунуштагам. Менин маалыматым боюнча, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы кылмыш иш козгоп, ал тергелип бүтүп, ушул айда сот болот.

Акрам Мадумаров айрым жергиликтүү тургундардын аким тууралуу айткандарын негизсиз дейт:

- Жергиликтүү жетекчилер бул компаниядан алчусун алган, көмүр кенинен акча жеп жатат, текшерүүчүлөр келсе алардын оозун акча менен басып жатат деген дооматтар айтылган. Баары мыйзам чегинде чечилиши керек. Эл оозунда элек жок, айтыла берет экен. Эгер кайсы бир компания же кайсы бир жарандар мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзө турган болсо, тийешелүү укук коргоо органдары жана биз дагы тийешелүү чараларды көрөбүз.

Бел-Алма боюнча козголгон кылмыш иштерди ушул тушта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын Баткендеги бөлүмү иликтеп жатат. Бөлүмдүн башчысы Жанарбек Молобековдун билдиришинче, азыр бир да кылмыш иш аягына чыга элек жана бир да адамга айып тагыла элек. Анда “Беш-Арча” компаниясынын башчысынын да арызы бар:

- Ал адам биз лицензия алган жерден белгисиз адамдар көмүр казып жатат деп арызданды. Анын арызы боюнча оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүп, ким казып, ким сатып жатканын аныктап, иш козгогонбуз. Ал иш тергөөдө, сотко жете элек. Ошол иш козголгонго чейинби же андан кийинби, айтор жалпысынан “Беш-Арчага” байланыштуу мыйзамсыз казып жатат деген мазмундагы беш-алты арыз келди. Азыр ошол арыздар каралып жатат. Мына бүгүн эле прокуратурадан бир арыз келип түштү. Акимчиликтен да арыз келди. Анын баарынын эле мазмуну бирдей. Арыздардын баары чогулуп бизге түшүп жатат. Алардын баарын текшерип, биздин кызматкерлер Майданга чейин барып сурап-териштирп келишти. Азыр Бел-Алмага барчу эки ашуу жабылып калгандыктан жагдайды жеринен көрүүгө, эксперттер менен барып канча көмүр казылган, кандай болгон деп тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок ага чейинки иштердин баарын тактап жатабыз.

Орозбек Дүйшеев
Орозбек Дүйшеев

Кыргызстан тоо кенчилер ассоциациясы да “Бел-Алма” көмүр кенинин “Беш-Арча” компаниясына берилгенин туура эмес деп кайрылуу жөнөткөн. Бирикменин башчысы Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, мунун кесепети оор болушу мүмкүн:

- Буга атайын адистештирилген ишканалар иштеш керек, жалаң адистер болушу керек. Бел-Алма боюнча сынак жарыялаганда биз бул маселени көтөргөнбүз. Сынактын жол-жобосунда бир топ каталык кеткен. Ал дагы теңирден тескери чечилген. “Беш-Арча” дегендин тоо-кен тууралуу такыр түшүнүгү жок, анан калса булардын башка жакта да лицензиясы бар болчу, аны иштетпей, ага айып төлөп жаткан. Мына ушундай компанияга берип койгону мыйзамга да, башка жоболорго да туура келбегени тууралуу биздин ассоциациянын жетекчилери кайрылуу кабыл алып президентке, Жогорку Кеңешке жөнөттүк. Бирок алар эмдигиче жооп беришкен жок. Бул жерде абдан чоң каталык кетирди. Мындай ары деле ушундай каталык кете берсе тоо-кен тармагы талкаланып, кен байлыктардан куржалак калабыз.

Жалил Атамбаевдин аты парламентте да аталды

Бел-Алма тууралуу 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында да сөз болду. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жанар Акаев бул ишкананын артында Ош аэропортунун милиция башчысы, ишкер Жалил Атамбаев турарын, мыйзамсыз иштерди ошол калкалап жатканын айтып чыкты:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

- Ошто, Баткенде “Беш-Арча” деген ишкана Оштогу ишкер, миллионер Жалил Атамбаевдики экенин элдин баары эле билет. Мына “Беш-Арча” лицензияны алып көмүрдү каалагандай сатып жатат. Ага эч кимдин алы жетпейт экен. Мына, Ош аэропортунда миллиондор тонолду. Анын орун басарлары иштен алынды, өзү отурат. Ал эмне ушунчалык эле кол тийгис ишкерби? Ага эч кимдин алы жетпейби? Элдин байлыгын сатып жаткан адамга эмнеге чара көрүлбөйт? Бирдеме десе эле анын жогору жакта “крышасы” бар дейт. Анын “крышасы” ким экенин бизге айтып койгулачы. Сатып аткан адамдарды, ошол фирманын ээсин, алардын “крышаларын” кошуп биз аларга ордун түрмөдөн көрсөтөлү. Өкмөт, укук коргоо органдары, Геология жана минералдык ресурстар агенттиги тез арада бизге бул эмне себептен мындай жагдай болуп жатканы боюнча отчет бергиле.

Кадамжай районунун айрым тургундары 16-декабрда Бел-Алма кениндеги жагдайды тезинен жөнгө салып чара көрүү боюнча бийликке кайрылуу жолдоду. Анда көмүрдүн мыйзамсыз казылышына жол берген, анын артында турат делген онго жакын адамдын аты ачык аталган. Тизмеде Жалил Атамбаев да бар, бирок сап башында Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев турат. Зилалиев дооматтар тууралуу азырынча үн ката элек.

XS
SM
MD
LG