Ошто Мырзакматовду колдогон митинг өттү

Ошто 7-декабрда өткөн митингде мурдагы мэр Мелис Мырзакматов жактоочуларынын алдына чыгып, бир катар билдирүүлөрдү жасады.
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов кызматтан алынган себебин "Ата-Журт" партиясынын 2 айга камалган депутаты Акматбек Келдибековду бошотуу митингинде сүйлөгөн сөздөрү менен байланыштырды.

“Борбордук бийлик мени трайбалист, сепаратист катары жаманатты кылууда” деди Мырзакматов Ошто чогулган тарапкерлери менен жолугушууда. Борбордук аянттагы митингчилер болсо анын кайрадан кызматка отурушун талап кылышты.

Бишкектен учуп келээри менен эле Мелис Мырзакматов журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, ал жетектеген партия “Өнүгүү” партиясы менен бириккенин жар салды:

- Алдын ала сүйлөшүүлөрдүн, бири-бирибизди сыйлоо принциптердин натыйжасында “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы менен биздин “Улуттар биримдиги” элдик саясий партиясы мындан ары бирге болуу, парламенттик шайлоодо жана башка саясий багыттарда жеңишке чогуу жетүү үчүн биримдикке жетише алдык.

Борбордук аянтта өткөн митингдин катышуучуларынын бири буларды айтты:

- Шаар мэрлигине кээ бир талапкерлерди даярдап жатат экен деп угуп жатабыз. "Жаңы мэр келет экен, башка адам шайланат экен" деген сөз элдин оозунда бар. Мен ошол талапкерлерге кайрылгым келет. Оң кулагыңыздар менен да, сол кулагыңыздар менен да угуп алыңыздар, сиздер келсеңиздер Ош эски абалга түшөт. Коррупционерлерге Оштун эли тоюп бүткөн. Дагы коррупционер келишин каалабайт. Мырзакматов келсе, иш жаңы нукта, өнүгүү жолунда жүрөт. Чынын айтканда Мырзакматов менен менин кайнаса да каным кошулбайт, досу же тууганы эмесмин. Же мага акча берген эмес, берсе да албайм. Бирок ал келсин, кайрадан мэр болсун, биз ошону талап кылабыз.

Тынч митингге саясий ишмерлер, өнөрпоздор да катышты. Төкмө акын Элмирбек Иманалиев да калаанын мурдагы башчысын колдоп ырдап берди:

Түшкө жакын “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов эл менен жолугушканы келди. Көпчүлүктү аралап келатканда аны жолборско, арстанга теңеп жибергендер да болду.

Мырзакматов жакында эле орун алган окуяларга токтолуп, буларды билдирди:

- Мен өткөндө “Ош биздики” деп койдум. Ошону жалган жалаа кылып, мени трайбалист, регионалист кылып көрсөтүп атышат. Себеби “бакиевчи” деген сөз модадан чыгып калды. Мен ушул жерде туруп “менин Теңир-Тоом, менин Ысык-Көлүм, менин Сары-Өзөн-Чүйүм” деп айта алам. Себеби мен кыргыздын баласымын, кыргыздын кулунумун. Мен Кокондон, Самарканддан, же Анжияндан келген жокмун. Кыргыздын баары чыгармаларда, ырларда “Менин Ала-Тоом, менен кыргыз жерим” дешсе эч нерсе болбойт экен да, анан Мырзакматов ушинтип айтса эле трайбалист болуп жатып калат экен. Анан ошондо "ушул жерде митингде сүйлөп койдуң, бийликке сын айтып койдуң, биздин уурулугубузду ачып койдуң" деген шылтоо менен мени иштен четтетишти. Себеби шайлоо жакындап калды.

Андан кийин “Өнүгүү” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев сөз алып, алар “Улуттар биримдиги” менен парламенттик шайлоого чогуу барарын ачыктады:

- “Өнүгүү” партиясы “Улуттар биримдиги” партиясы менен бир болуп, Мелис Жоошбаевич менен атайын келишимге кол койдук. Кыйынчылыкта, бардык күрөштө бир болобуз деп кол бериштик.

Акцияга шаар мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков да келип, шайлоого чейин Ошту башкарып тураарын айтты:

- Мен Мелис Жоошбаевич менен 4 жыл чогуу иштештим. Анан эмгек өргүүгө кеткенде да мен биринчи орун басар катары анын милдетин аткарып жүргөм. Бүгүн да болсо ушул шайлоого чейин мэрдин милдетин аткарып турууга даярмын.

Бирок элдин “сен мэр болбойсуң” деген кыйкырыктары токтобой койгондуктан, Мырзакматов өзү элди тынчтандырып, таркап кетүүгө үндөдү:

- Бийлик чоң адашты. Жыландын куйругун басты. Булар аркадан бычак урду. Бирок мен жигитче мамиле кылайын. Булар “Мырзакматов кресло жиндиси, көрдүңөрбү?” дейт. Шайлоого 15 күндөй убакыт калды. Мэрлик кызматка мыйзамдуу жол менен жигитче барып отурам. Ошондуктан азыр Сооронбай жакка кирбей (Сооронбай Жээнбеков - өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү. Ред.), провокацияга алдырбай, баарыңар тынч тарап кеткиле. Менин артымдан ээрчип, менин багытымды колдоп аткан эл катары мени уккула.

Ошондон кийин гана митингчилер таркап кетишти. Алар бир канча талаптар жазылган резолюция кабыл алып, аны борбордук бийликке жөнөтүштү.

Тынч митингге чыккандардын санын байкоочулар 5 миңдин тегерегинде экенин айтышса, уюштуруучулар өздөрү 10 миңдей киши катышканын белгилешти. Алардын арасында Папан айылынан келген 20дан ашуун атчан турду.