Ош шаарынын макамы талашка түштү

Ош шаарындагы борбордук аянт.

Ошто 18-февралда экинчи борбор шаардын статусу жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды.
Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийликтин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан талкууда негизинен мыйзам долбоорундагы шаар мэрин шайлоо жана жергиликтүү бийликтерди дайындоо беренелери кызуу талаш-тартышка туш болду.

Шаардагы мекеме жетекчилерин ким дайындайт?

“Ош шаарынын статусу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулоодо министрликтердин жергиликтүү жетекчилерин дайындоо суроосу тараптардын кызуу талаш-тартыштарын жаратты.

Шаардын вице-мэри Дастан Ходжаев мекемелердин аймактык жетекчилери айрым убакта мэрияга баш ийбей бир топ ыңгайсыздыктар жаралып жатканын мыйзамдык актылардын так бекитилбегени менен түшүндүрдү:

- Ырас, бийликти бергенге жараша биротоло бериш керек. Бул 5 жылдык эмес, көп жылдык мыйзам болуп жаткандан кийин ушул жагын эске алыш керек. Кийин дагы ким мэр болот, аны Кудай билет. Коркпой эле “министрликтин жетекчилигинин макулдугу менен шаардын башчысы дайындасын жана иштен алсын” деп жазыш керек. Министрлер бул жерге расмий ишке, же бир аттестация өткөндө эле келишет. А калган убакта алар менен мына биз иштешебиз. Бирок аларды толук көзөмөлдөй албайбыз. Жарык өчсө эл бизге арызданып келет, ал мекеме министрликке карайт, газ өчсө эл бизди айыптайт, ал мекеме да министрликке карайт. Ушул сыяктуу маселелер көп болуп атат.

Ал эми мыйзамдын демилгечилери негизги кызматтардын жетекчилерин дайындоо шаардык бийликтин өзүндө эле калып жатканын белгилешет. Калган мекеме жетекчилерин жумуштан алуу укугу шаардык кеңешке берилиши мүмкүн. Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев буларга токтолду:

- Шаар аймагындагы мамлекеттик органдардын жетекчисин дайындоону калаа мэрине берсек деген ой болгон. Бирок аны министрлер бергиси келген жок. Алар өздөрүнүн депутат досторуна айтып, жергиликтүү мекеме жетекчилерин дайындоону министрликтерде калтырууну суранып атышат. Эми бул жерде объективдүү так айтыш кыйын. Бул суроо саясий чечимге жатат. Муну жергиликтүү бийликтер, министрликтер болуп кеңешип туруп анан чечишибиз керек.

Ош шаар мэрин шаардык кеңеш өз алдынча шайлайбы, же өкмөттүн сунушу менен бекитеби? - деген маселеде да жергиликтүү коомчулуктун пикирлери түрдүүчө болду. Шаардык кеңештин депутаты, “Улуттар биримдиги” фракциясынын жетекчиси Рысбек Мизаматов бул жагынан Бишкек шаары менен Ош шаарынын мыйзамдарында айырмачылыктар болуп калганын эске салды:

- Бишкек шаары менен Ош шаарынын мыйзамдарынын ортосунда 2 беренеден айырмачылык бар. Биринчиси - ошол мэрди өзүн-өзү жылдыруу боюнча жана иштен кетүүсү боюнча Ош жөнүндөгү мыйзамда каралбай калган. Бул боюнча мен өзүмдүн сунушумду киргиздим. Мындан сырткары, Бишкек жөнүндөгү мыйзамда акционердик коомдор тууралуу 51%, а Ош жөнүндөгү мыйзамда ал 71% көрсөтүп калып жатат.

Мэр шайлоо эски мыйзам менен өтөт

Жаңы мыйзам 3 главадан жана 37 беренеден турат. Алымча кошумчалар дагы киргизилет. Натыйжада “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзам өз алдынча кабыл алынат. Бирок муну Бишкек шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзам менен бириктирип коюу сунуштары да Оштогу жыйында айтылды.

Жарандык коомдун өкүлү Токтосун Касымбеков “Азаттыкка” мындай деди:

- Мыйзамдын санын көбөйтпөй, сапатын чыңдашыбыз керек. Менимче, ушул эки шаардын статустары жөнүндөгү мыйзам бир чыкканда жакшы болмок. Анткени айрым айырмачылыктарын эске албаганда экөө тең бирдей эле түзүлөт. Бишкектин мэри айтты, Оштун мэри айтты деген менен болбойт. Мыйзамды эл чечиш керек, коомчулук чечиши керек. Эки шаардын өзгөчөлүктөрүн белгилеп, калган жагын чогуу эле бир мыйзам катары кабыл алып койсо эч нерсе болбойт. Бизге элдин биримдиги керек, бизге мыйзамдын биримдиги керек.

Бирок ошол эле кезде Касымбеков бул мыйзам дагы 4-5 жылдан кийин эле дагы өзгөртүүгө муктаж болот деген пикирде:

- Менин баамымда, бул мыйзам ашып кетсе 4-5 жыл жашай турган эле мыйзам. Андан кийин эле өзгөртүүгө туура келет. Анткени коом өзгөрөт. Бул мыйзам азыркы учурдан чыгып кетүү үчүн эле жазылгандай туюлуп жатат. Бирок элибиздин туруктуулугуна, жакшы бийликти алып келүү максатында жасалып жаткан мыйзам деп айтсак болот. Кийин сөзсүз толуктоолорду киргизиш керек...

“Ош шаарынынын статусу” жөнүндө мыйзам Ошто мындан бир жыл мурун да талкууланган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өтүп, кайрадан коомчулуктун талкуусуна коюлган.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын белгилешинче, мыйзам март айынын соңуна чейин кабыл алынат. Ага чейин Ош шаар мэринин шайлоосу 2003-жылкы “Ош шаарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык ишке ашышы күтүлүүдө.

“Ош шаарынынын статусу” жөнүндө мыйзамдын негизинде, шаар 2 административдик районго бөлүнөт. Калаа ичиндеги облус райондорунун 14 анклавы да шаарга кошулуп, Оштун аянты 80 миң гектарга чейин кеңейиши мүмкүн.