Аткаминерлердин айтылбаган байлыгы

Иллюстрация

Жакында Кыргызстандагы эң бай 200 үй-бүлөнүн тизмеси жарыяланган журналдын атайын чыгарылышы жарык көрдү.

Анын арасында өлкөдөгү ири ишкерлер, банкирлер менен катар эле мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштеген же учурда иштеп жаткан жарандар бар.

Бул тизменин негизги өзөгүн башынан баштап ишкердик менен алектенип байлык топтогондор эмес, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келгендер же мурда бийликтин жогорку тепкичтеринде жүрүп, байлык топтоп, андан ары ишкердикке кеткендер түзөт.

Тизмеде 2010-жылдан кийинки ыңкылаптан кийин бийликке келгендер же алардын жакындары дагы бар. Бирок алардын көпчүлүгү бийликке келгенге чейин байышканын жүйө келтирип келишет.

Ошол эле кезде Монголиянын жаңыдан шайланган президенти мамлекеттен байлыктарын офшордук зоналарга чыгарып кеткен жарандарына карата 49 күндүн ичинде каражатты кайтарып келүү талабын койду. Кыргызстанда дагы ушундай аракетти ишке ашыруу мүмкүнбу?

Каз-катар байлардын тизмеси

"Тазабек" порталынын редакциясы Кыргызстандагы эң бай алдыңкы жүздүккө кирген адамдын жана дагы эксперттердин байкоосу боюнча эң бай үй-бүлөлөрдүн катарына кирет деп эсептелинген жүз жарандын тизмесин жарыялады.

Журнал "Кыргызстандын эң бай адамдары" деп аталып, түркүн түстө 128 баракты ичине камтып, 1000 нуска менен чыкты. Бул тизменин негизги өзөгүн мурдагы президенттер Акаевдин, Бакиевдин мезгилинде, Убактылуу өкмөттө жана азыркы бийликте мамлекеттик чоң кызматтарда тургандар түзөт.

Тизменин баш сабында азыркы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Феликс Кулов, Өмүрбек Бабанов, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков турса, жоон ортосунда мурдагы каржы министрлери Болот Абилдаев, Акылбек Жапаров, мурдагы башкы бажычы Мурат Малабаев, учурдагы бажы башчысынын орун басары Райымбек Матраимов, мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев жана Бишкектин мурдагы мэрлери Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, азыркысы Албек Ибраимов жүрөт.

Мэр менен депутаттын жубайларынын бизнеси

Мэр менен депутаттын жубайларынын бизнеси

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун жубайлары ээлик кылган фирманын айланасында жаңы жагдайлар белгилүү болду.

Мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, Максим Бакиев, мурдагы премьер Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева дагы тизменин сабынан орун алышкан. Анан дагы учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси Сапар Исаков кеңешчилери Икрамжан Илмиянов менен Калыкбек Султановдун ысымдары дагы өлкөдөгү эң бай адамдардын катарына кирген. Алгачкы жолу байлардын рейтингине кирип жаткан Сапар Исаков менен Икрамжан Илмиянов биринчи топ жүздүктүн катарына эмес, эксперттердин пикири боюнча, кийинки эки жүздүктүн тизмесинде көрсөтүлгөн.

Президенттин кол астындагы кызматкерлеринин өлкөнүн эң бай адамдарынын катарына кандайча кошулуп жатканы боюнча суроого президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйыны учурунда төмөндөгүчө жооп берди:

- Эми мен ал журналда ким бар, ким жок экенин караган эмесмин. Анан ачык айтсам, мамлекеттик кызматта кедей эмес адамдар бар. Мисалы, менин кеңешчим Калыкбек Султановду бул кызматка келгенге чейин кедей болчу деп айта албайсың. Икрамжан Илмияновду канча казсаңар дагы эч нерсе таппайсыңар. Анан эле асылганыңар эле Икрам. Шопур болгондун баары эле жаман экен да. Мына ошентип айта берүү уят да. Мен Икрамга "сенин ордуңда болгондо шопурлардын партиясын түзүп, президент болмокмун" деп айттым. Ал болсо "саясатка тойдум, байке" деди. Бир нерсеси бар болсо, таап туруп, каматкыла.

"Оокатка тыңмын"

Бул журналдагы өлкөнүн эң бай адамдарынын тизмеси алфавиттик тартипте жайгаштырылып, бирок алардын кимисинде канча байлык бар экени тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

Тизмеде ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотоновдун ысымдары да жүрөт.

Мындан сырткары Мүлк фондунун мурдагы төрагасы, парламенттин мурдагы депутаты жана экс-элчи Равшанбек Жээнбеков, мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов, Оштун мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов, Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Искендер Гаипкулов жана мурдагы парламент спикери Акматбек Келдибеков өлкөнүн эң бай адамдарынын тизмесине кирген.

Равшан Жээнбеков

Саясатчы Равшанбек Жээнбеков мамлекеттик кызматта болбогон мезгилде ишкердик менен алектенерин, бирок журналда көрсөтүлгөндөй ири байлардын катарына кирбестигин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Байкашымча андагы көп адамдар аябай бай адамдардын тизмесине деле кирбейт. Аларды болгону оокатына тың адамдар деп айтсак болот. Анткени мен андагы көп адамдарды билем. Ал тизмеде мен дагы бар экенмин. Менин укмуш бир бай адам эмес экенимди баары эле билишет. Мен өзүмдү миллиондогон доллары бар адамдардын катарына кошпойм. Тапкан дүйнө-мүлкүмдүн бардыгы декларациямда ачык-айкын көрсөтүлгөн. Мен чоң ишкердик менен алектенген эмесмин. Бирок өзүмдүн үй-бүлөмө жете турган ишкердик менен алектенип келем. Мамлекеттик кызматта иштебей калган учурларымда жеке ишкердигим менен алектенип келгем. Азыр дагы мамлекеттик кызматта иштебей жүргөнүмө байланыштуу үй-бүлөнү багуу үчүн жеке ишкердик менен алектенем. Мен өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Ошол иштебей калган учурларда келинчегим менен биргеликте ишкердикти түптөп, үй-бүлө багып келе жатам.

Байлык үчүн бийлик

Ошол эле кезде өмүр бою мамлекеттик кызматтарда жүргөн Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков ага чейин Социалдык фондду жана салык кызматтарын жетектеген. 2012-жылы Келдибеков коррупцияга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып, 2013-жылы сот жоопкерчилигине тартылган. Бирок кийинки соттук инстанция ага коюлган коррупция боюнча айыпты кылмыш ишинде далилденген эмес деген негизде четке кагып, калган беренелер боюнча аны акчалай айыпка жыккан.

Жакында "Ата Журт" партиясы Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевди президенттикке талапкер катары көрсөттү.

Президенттик жарышка аттанып жаткан саясатчы Акматбек Келдибеков аталган курултайда байлык топтоо үчүн бийликти колдонууга жол бербөө маселесин көтөргөн болчу:

- Бийликти байлык топтоо үчүн ачыктан-ачык пайдаланып жаткандардын зомбулугуна чек коюлушу керек. Өлкөдө саясий кара тумоого айланып бара жаткан коррупция менен күрөшүүнүн башкы маселеси дагы адилеттүүлүктө жатат. Бул багытта "Ата Журт" саясий партиясынын так жана даана позициясы, көз карашы бар. Биз мамлекет башчысынан баштап, бардык бийлик бутактарынын жетекчилеринин жыл сайын эл астында өз ишмердигинин натыйжасы тууралуу отчет берүүсүн камсыз кылабыз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Келдибеков: Президенттикке ат салышуу үчүн күрөшөм

Өздөрүн бай деп эсептебеген байлар

Мурда бийликтин ар кайсыл бутактарында жетекчилик кызматтарда жүрүп, бирок кийин мамлекеттик кызматтан же саясаттан биротоло кетип, кайра ишкердик менен алектенип жүргөндөр дагы бай адамдардын аталган тизмесине кирген. Мурдагы "Ак жол" деген бийлик партиясынан депутат болуп, байлардын тизмесин толуктаган Нургазы Айдаров бул жолу парламентке келүү вазийпасын бир тууган иниси Салайдин Айдаровго ыйгарды. Нургазы Айдаров парламентке келгенге чейинки өзүнүн ишкердигин улантууга кеткен.

Мурда КСДПдан депутат болгон, мурдагы вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева дагы байлардын тизмесине кирген. Ал өкмөттөгү вице-премьерлик кызматтан бошогон соң, кайрадан ишкердикке кайтып барды.

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

Айрым байкоочулар Райымбек Матраимов Ош бажысын бир канча жыл жетектеп турганда коррупция тыйылбаганын, бул тармак оңолбогонун белгилеп жүрүшөт.

Учурда КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев дагы аталган журналдын тизмесинин башкы сабында турат. Ал буга чейин ишкердик менен алектенип жүрүп парламенттин мурдагы чакырылышында депутат, андан соң энергетика министри жана "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасын жетектеп жүрдү.

Акаев учурунда спорт, туризм министри болгон Өкмөтбек Алмакүчүков кийин ишкердикке кетип, учурда аталган журналдын рейтинги боюнча өлкөдөгү бай адамдардын катарына кирди. Мурдагы дагы бийлик партияларынан бир нече жолу парламентке депутат болгон, мурда Оштогу арак заводду башкарып, андан кийин Араван цемент заводунун жетектеген Азамат Арапбаев өзүн эч качан бай деп эсептеген эмес.

Учурда КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев Кыргызстандагы байлардын тизмесине кандайча кирип калганына таң калганын айтып өттү:

- Мен азыр ошол журналды окуп алып, аябай таң калып отурам. Мага бирөө-жарым келип же чалып бул тууралуу сураган да жок. Анан эле өзүмдөн эч нерсени сураштырбай туруп эле, кайсы бир критерийлердин негизинде мына ошол баалоону аныктабай туруп эле мени Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына киргизип коюшуптур. Бул туура эмес. Мен буга каршымын. Рейтинг чыгарып жатса, аны кандай жолдор менен баалап, аныктап анан чыгарып жатышканын бир ооз сурап коюшса болмок. Бирок андай болбоду.

Байлардын өзөгүн кимдер түзөт?

Талдоочулардын баамында, Кыргызстандагы байлар, бай болуп турса дагы өзүн байлардын катарына кошпой, реалдуу каржылык абалын жашырган өнөкөт күчтүү. Алардын айтымында, бул табылган байлыгынын чыныгы баштапкы таржымалын айтып түшүндүрүүнүн кыйынчылыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Экинчиден, байлар жеке коопсуздугуна байланыштуу маңдай тери менен иштеп таап, байлык чогулткан учурда деле байлыгын ачык шардана кылуудан чочулаган учурлар арбын. Мына ошондуктан эксперттердин айтымында, Кыргызстандагы байлар жогорку мамлекеттик кызматка келгенде киреше декларациясында дүнүйө-мүлкүн ачык көргөзүүдөн айбыгышат.

Икрамжан Илмияновду канча казсаңар дагы эч нерсе таппайсыңар.
Алмазбек Атамбаев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов өлкөдөгү байлардын негизги өзөгүн мурдагы жана учурдагы мамлекеттик аткаминерлер же депутаттар түзө турганын төмөндөгүчө айтып берди:

- Тизмени карап, талдап чыкканда андагылардын көпчүлүгүн мурда мамлекеттик кызматта жүргөндө же учурда иштеп жаткандар негизги өзөгүн түзүп жатпайбы. Декларациясын көргөзгөндө "үйүм да, автоунаам да жок" деп жалаң төшүн кагып алдап, бирок ошол эле кезде эл арасында чыгарылган жыйынтык боюнча алар өлкөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктап жатышпайбы. Ошол тизмесиз деле азыр бизде ким канчалык байлык менен иш алып барып жатканын оңой эле байкап, аныктап чыгарууга болот. Өзгөчө азыркы учурдагыдай шайлоо маалында ошол байлар миилиондогон акчасын добуш сатып алуу үчүн жумшап, сапырып жатканын баарыбыз эле көрүп жатпайбызбы. Ошол акчанын баарын алар каяктан тапкан деген суроо туулат.

Монгол тажрыйбасы

Ошол эле кезде ишкердик кылган, бирок баштапкы каржылык капиталын мамлекеттик казынаны же мамлекеттин ишканасын уурдап-тоноодон тапкан байлар адатта акчасын адалдаштырууга ашыга турган адат дүйнөдө жок эмес. Акчасын алгач офшордук зоналардагы банк эсептерине сактап, ал жактан адалдап алышып, андан кийин гана аны ишкердикке инвестиция жасаган учурлар байкалган дешет талдоочулар.

Офшордук зоналардын укуктук тутуму алардын мыйзамсыз жол менен табылган дүйнө-мүлкүнүн коопсуз сакталышына жана алардын кожоюндарынын ысымдарынын ачыкка чыкпашына кепилдик берет.

Анткен менен жакында Монголиянын жаңыдан шайланган президенти Халтмаагийн Баттулга андагы саясатчыларга жана мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, офшордук зоналардагы банк эсептеринде сакталган акчасын жана дүнүйнө мүлкүн 49 күндүн ичинде мекенге кайтарып келүү талабын койду. Монголиянын президентинин тапшырмасы менен жүргөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 49 монгол жараны офшордук зоналарда акчасын кармай турганы аныкталган.

Монголиянын улуттук-коомдук телерадио корпорациясынын башкармалыгынын мүчөсү Арман Ален президенттин бул демилгеси тууралуу мына буларды билдирди:

- Биздин жаңы президент бир нече күн мурун бул маселе боюнча АКШнын Улан-Батордогу элчиси менен жолугушуп, мына ошол офшордук зоналардагы монгол жарандарынын катылган акчасын табууга жардамдашууну суранган болчу. Ал жактан мына ошол аныкталган ысымдардын байлыгын андан ары изилдөөгө көмөк көрсөтүүгө макулдук берилген. Учурда биздин жана АКШнын тиешелүү кызматтары бул багытта биргеликте кызматташып жатышат. Президенттин кайрылуусунда эгерде алар өз ыктыяры менен офшордук зоналардагы катылган акчасын Монголияга алып келе турган болсо, анда алар кылмыш жоопкерчилигинен бошотула турганы айтылган. Дайындалган мөөнөттүн ичинде алар офшордук зоналардагы акча каражатын же кыймылсыз мүлк сыяктуу кандайдыр бир активдерин Монголияга алып келгенин ырасташы керек. Болбосо буга чейин аныкталган маалыматтардын негизинде мына ошол офшордук зоналардагы банк эсептеринин ээлери мыйзам чегинде жоопко тартылышат.

Кыргызстанда мына ушундай демилге көтөрүп, буга чейин өлкөдөн уурдалып, чыгарылып кеткен акча каражаттарын издеп таап, алардын кожоюндарын аныктоо канчалык мүмкүн деген суроо кабыргасынан коюлууда. Анткени буга чейин офшорго тиешеси бар адамдар, юридикалык даректер ачыкка чыгып кеткен "Панама документтери" деген чуулгандуу тизмеде кыргызстандыктардын бар экени дагы аныкталган.

"Панама документтеринде" көрсөтүлгөн даректер офшорго тиешеси бар маалыматтар топтомундагы кыргызстандыктар катарында Владимир Никонов деген жарандын аты аталган. Мындан сырткары Бишкектеги жана Чүйдөгү юридикалык даректер чыгып калган. Мына ошолор тууралуу бирок кийин атайын текшерүү жүргөн эмес.

Интернеттеги булактар аркылуу изилдеген иликтөөчү журналист Элнура Алканова офшорго байланыштуу кошумча текшерүүнү талап кылган документтер көп экенин билдирди:

- Бул маалыматтар жабык маалыматтар. Ал маалыматтар ачыкка чыгарылып, анан жайылып кеткен соң гана биз ал тууралуу билип жатпайбызбы. Кээ бир документтерде канча өлчөмдө акча которуулар болгону так жазылган. Айрымдарында болсо офшордогу банктардын биринде эсеп ачылганы же болбосо компания түзүлгөнү туурасында гана маалыматтар чыгып, аттары гана көрсөтүлгөн. Бирок мына ошол компаниялардын ачылганы тууралуу маалыматтар ал жакка уурдалган акча салынганын далилдебейт. Анан эми "Панама" документтери боюнча бир гана Никонов дегендин ысымы чыгып калды. Ал жеке ишкер экен. Бирок андан башка дагы сайтка чыкпаган ондогон кыргызстандык адамдарга байланыштуу документтер табылган. Ошондой эле Кыргызстанга байланыштуу жарандардын ысымдары жана юридикалык даректер калкып чыккан. Алардын бардыгын Кыргызстандын укук коргоо органдары кызыгып, изилдеп чыкса аябай кызыктуу жана чуулгандуу маалыматтар чыкмак.

Ошол эле кезде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов офшордук зоналарга чыгарылган акча каражатын кайтарып келүү атайын кызматтар үчүн дагы татаал иш экенин билдирди. Марат Иманкулов мүмкүн болушунча акчаны кылмыштуу жол менен сыртка чыгарып кетүүгө жеринде жол бербөө зарылдыгы тууралуу маселеге мындайча токтолду:

- Мунун эң эле эффективдүүлүгү акча өлкөдөн уурдалып, анан сыртка чыгарылып кеткенден кийин артынан түшүп издегенден көрө ал уурдалып жаткан учурда кармап, анын бетин ачкан оңой болот. Акчаны уурдатпагандай система түзүлүшү керек. Анан эми акча сыртка чыгып кеткен соң аны мына ошол офшордук зоналардан издеп, таап, кайра мекенге кайтарып келүү атайын кызматтар үчүн дагы аябай эле татаал иш. Мамлекеттин акчасын сыртка чыгып, офшорлордун кайсы бирине аны уурдаган адамдар барып, салганын биз билген күндө дагы аны кайтарып келүү оңойго турбайт. Анткени ал жактын өзүнүн мыйзамдары бар.

Кыргызстандын атайын кызматтарынын соңку тарыхында өлкөдөн мыйзамсыз жолдор менен чыгарылып кеткен мамлекеттин акчасын кайра артына кайтарып алып келген көрүнүш боло элек. Бирок ошол эле кезде мурдагы кыргызстандык аткаминерлердин чет өлкөлөрдөн кыймылсыз мүлк сатып алганы жана алардын офшордук зоналардагы банк эсептери тууралуу учкай маалыматтар мезгилдүү басма сөзгө байма-бай жарыяланып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.